Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Замандаштарын бириктирген жалгыз жаратман


Колумбиялык жазуучу Габриель Гарсиа Маркес
Колумбиялык жазуучу Габриель Гарсиа Маркес
«Магиялык реализмдин» атасы Габриель Гарсиа Маркестин о дүйнө салганы тууралуу Мехикодон тараган суук кабар Кыргызстандагы көркөм адабияттын күйөрмандарынын да кабыргасын кайыштырды. Анткени ал кыргыз журтунда чет элдик азыркы жазуучулардын аттын кашкасындай таанымалдарынын бири эле. Ырас, биз анын тамшандырган прозасын негизинен орусча окуйбуз. Кыргыз тилине калемгердин олуттуу чыгармаларынан «Полковникке эч ким кат жазбайт» аттуу повести гана которулган (котормонун автору маркум, и-баса, учурунда милициянын полковниги ченине чейин кызмат кылган журналист, Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын күйөөсү, Сагын Наматбаев).

Маркестин аты-жөнүнүн Горбачёвдун заманында Чыңгыз Айтматовдун демилгесине ылайык чакырылган «Ысык-Көл шеринесинин» катышуучуларынын алгачкы, бейрасмий тизмесинде анда-мында аталганы жадымда. Бирок, көркөм сөздүн эки улуу чебери башка учурда, мындайча айтканда, 1987-жылы, Москвада бетме-бет баарлашкан окшобойбу.

- Ал эми үч ай өтпөй биз Москвада, Айтматовдун батирине кадам аттадык, - деп эскерет тээ 1976-жылы эле белгилүү режиссёр, мекендеши Микеланджело Антониониге кошулуп Орто Азия жумурияттарынын биринде «Кагаз жылан» аттуу толук метраждуу фильмди тартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү үчүн Фрунзеге келип кеткен жана андан бери Чыңгыз Төрөкулович менен кол үзүшпөй жүргөн италиялык ири сценарийчи Тонино Гуэрра, - ошондо бизди, италиялыктарды айран-таң калтырган окуя жүз берди: Чыңгыз жана анын зайыбы Мария конокторго чүйгүн спагетти тартпаспы. Муну Италияда кантип оозанам, оозансам, шылдыңга кабылмакмын. Арийне, бактыга жараша, жалгыз эмес элем, жанымда күбөлөрүм бар: Габриель Гарсиа Маркес, италиялык болбосо дагы спагеттиге үзүлүп түшөт, береги тамактын ар кандай түрүнүн билерманы жана сынчысы; а Франческо Рози жөнүндө айтуунун өзү күлкүлүү – ал спагеттинин мекени –Неаполдук. Экөө тең кыргыз спагеттисин апылдатып, аяк артынан аяк бошотту дейсиң.

Менде алиги гезиттин кесиндиси – чоң баракты бүт ээлеген «Чыңгыз Айтматов Тонино Гуэрраныкында мейманда» деген макала жана түзсүз сүрөт жарыяланган «Литературная газетанын» 1988-жылдагы биринчи санынын экинчи бети сакталуу. Балким, аны убакыт таап, чыгынып, эне тилибизге оодарууну ойлогон чыгаармын. Анда кичинекей Ширин –Чыңгыз Төрөкуловичтин кызы (азыр өлкөбүздүн парламентинин мүчөсү) жыйырманчы кылымдагы эң мыкты романдын эгедерине, Нобель сыйлыгынын ээсине жанаша олтурат, арткы катарда –Айтматов менен Гуэрра. Макаланы окуган соң бул күтүүсүз көрүнүш –сүрөт «Айтматов китеп-альбомду барактагыча» италиялык менчик төрүндө аталган гезиттин кабарчысына баяндоого үлгүргөн мурдагы иш-чарага – достордун Айтматовдордун үйүндөгү кечесине таандык экенин байкайсың.

Габриель Маркестин «Бальтасардын бактылуу күнү», ий-е, кыргызчасы ушундай, аңгемесин жана айрым көркөм публицистикалык чыгармаларын кыргызчалоо менин латын америкалык чыгаан жомокчунун, алыстагы Колумбия элинин даңктуу уулунун кундуу чыгармачылыгына кызыкканымды айгинелейт. Котормолорум ар кайсы жылдары ар кыл басылмаларга басылып, мурдагы жылы жарык көргөн китебиме кирип дегендей, айтор, бир боор адабиятыбыздан орун тапты.

«Сулуулук дүйнөнү сактайт» дептир эсил кайран классик. Бүгүн минтип жарыкчылыкты биротоло таштап бараткан жеке эле испан тилдүү, түштүк америкалык гана эмес, атпай адамзаттык, бүтүн ааламдык адабияттын алпы менен коштошкон кезибизде береги өлбөс-өчпөс учкул айтымга үтүр коюп, дагы үч сөз кошууга батынам: Классиктер адамдарды бириктирет. Бириктиргенде да сан-түмөн адамдарды, бирин-бири таптакыр тааныбаган, акыл-эсибизге сыйбас себептерден улам бири экинчисинин жашап турганынан эч качан күмөн санабаган адамдары бириктирет. Бириктирип гана тим калбастан, аларды кандайдыр бир сыйкыр кудуреттин амири аркылуу бизди курчаган түбөлүк ажайып, ошончо катаал чындыкты аңдап-түшүнүүдө санаалаштарга айлантат. Асыресе, өздөрү эсе ар качандан бир качан жалгыздыкта жашоо кечирет турбайбы.

Абибилла Пазылов, адабиятчы
XS
SM
MD
LG