Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Дүйнө калкы 7 миллиардга жетти


Индияда туулган Наргис "7 миллиардчылардын" бири, 31-октябр, 2011-жыл
Индияда туулган Наргис "7 миллиардчылардын" бири, 31-октябр, 2011-жыл

31-октябрда дүйнөдө "7 миллиардчы" наристелер төрөлдү. Кыргызстандык Алишер Кулмурзаев менен Искендер Жуматов ошондой "7 миллиардчылардын" сабында.

"6 миллиардчы бала" мындан он эки жыл мурда Босния-Герцеговинанын борбору Сараеводо төрөлгөн эле. Бул ирет Бириккен Улуттар уюму кайсы бир гана бөбөктү "7 миллиардчы болуп төрөлдү" деп жарыялабай турганын эскерткен. Кыргызстандын байтактысы Бишкекте 31-октябрдын таңында Алишер жана Искендер "7 миллиардчылардын тобунда" төрөлдү деп, расмий салтанат болду.

31-октябрда төрөлгөн наристелер Жер эненин 7 миллиард эсебиндеги балдары болот. Бардык эле мамлекеттерде дүйнө калкынын 7 миллиардга жетүүсү чоң шаан-шөкөт менен майрамдалды.

Филиппин жекшембиден дүйшөмбүгө оогондон эки мүнөт эрте төрөлгөн кызды "дүйнөнүн 7 миллиардынчы тургуну" деп жарыялады. Наристеге ата-энеси Даника Май Камочо деген ысым ыйгарды.

Бишкектеги № 2 төрөт үйүндө дүйшөмбүнүн таңында жарык дүйнөгө келген эки бала "7 миллиардчы" деп расмий түрдө белгиленди. Төрөт үйдүн башчысы Азамат Алымбаевдин “Азаттыкка” айтышынча:

- Айгүл Рыспаева таңкы 2:25те Алишер Кулмурзаев деген жигитти төрөдү. Анын салмагы 3 кило 430 грамм. Дамира Бийчиева Жуматов Искендер деген жигитти төрөдү. Бөбөктүн салмагы 3 кило 250 грамм. Эки бөбөктүн тең ден соолугу жакшы, энелеринин да саламаттыгы жакшы. Наристелердин салмактары жакшы. Жүрөк системасы, өпкө, кан тамырлары жакшы. Алардай тогуз ай курсакта жүрүп төрөлгөн балдарга 8 балл деген баа берилет.

Эмне үчүн ордолуу Бишкектеги экинчи төрөт үйүндө төрөлгөн Алишер жана Искендер жердин "7 миллиардынчы жарандарынын тобуна" кошулган? "Анткени бул Бишкектеги эң көп бала төрөлгөн төрөткана", -деп түшүндүрдү башкы дарыгер Азамат Алымбаев.

Бириккен Улуттар уюму "дүйнөнүн 6 миллиардчы тургуну" деп, 1999-жылдын 12-октябрында Сараево шаарында төрөлгөн Эднан Мевичти жарыялаган. Буга көпчүлүк демографтар ынанышкан эмес. Мисалы, калкы ошо кезде 1,2 миллиардды түзгөн Кытай "6 миллиардчы бала" бизде төрөлгөн болуш керек эле деп чыккан. Азыр да Орусиянын эки региону: Ыраакы Чыгыштагы Камчатка менен батыш өңүрүндөгү Калининград "планетанын 7 миллиардчы жарандары бизде туулду" деп жатышат.

Калининградда төрөлгөн "планетанын 7 миллиардчы жарандарынын" бири
Калининградда төрөлгөн "планетанын 7 миллиардчы жарандарынын" бири
Людмила Михайловна Торгашева Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Демографиянын статистикасы бөлүмүнүн башчысы. Анын айтымында, Кыргызстанда төрөткө жарамдуу курактагы аялдардын бала төрөө коэфициенти жогору болгондуктан, өлкө калкы ылдам көбөйүп барат.

“Азыр Кыргызстандын эли 5,5 миллионду түзөт. Төрөткө жарамдуу курактагы аялдардын бала төрөө коэфициенти 2010-жылы 3, 1 бала болду. Бул эл аралык көрсөткүч. Бул Кыргызстанда балдардын төрөлүүсү жогору экенин мүнөздөйт. Башкача айтканда, бизде эл көбөйүүдө. 30-октябрдан 31-октябрга караган түнү бизде эки бала төрөлдү. Жапонияда, андан кийин Түркиядагы кырсыктардан кийин эл көбөйүп, балдардын төрөлүп жатканы сонун да”.

Бул 15 жаштан 44-49 жашка чейинки төрөткө жарамдуу он аял өмүрүндө орто эсеп менен 31 бала төрөйт деген сөз. Эгерде ушу тапта өнүккөн өлкөлөрдө орточо бала төрөө коэффициенти 2,1ге же дүйнөдөгү төрөткө жарамдуу аялдар орточо 2,33 бала төрөгөнүн айтсак, кыргызстандык аялдар алда канча көп балалуу болушмак.

Арийне, Борбор Азия өлкөлөрүндө аялдар диний ишенимине, жашоо жолоюна, салтка байланыштуу экс-советтик славян жана Балтика элдериндеги курдаштарына караганда көп төрөшөт. Мындан улам Орусия, Украина, Беларус, Латвия, Литванын калкы акыркы кезде өспөй азайып баратат. Анын себебин Украина Илимдер академиясынын Демография жана социалдык изилдөөлөр институтунун директору Элла Либанова мындай түшүндүрдү:

- Аялдардын бала төрөөсүнө бир катар жагдайлар таасир этет. Анын негизгиси экономикалык фактор, анан кээ учурда психологиялык фактор да таасир кылат. Мисалы, Европа өлкөлөрүндө аялдардын көбү билимдүү болушкандыктан, алар үй-бүлөнүн кызыкчылыгына байланып калууну каалашпайт.

Демографтардын эсебинче, дүйнө элдери азыркы ыргакта өсө берсе, он төрт жылдан кийин же 2025-жылы 8 миллиардга жетүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG