Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Кытайга көз карандылык күчөйбү?


Кыргызстандагы жол салган кытай жумушчулары
Кыргызстандагы жол салган кытай жумушчулары

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (25-апрель-1-май)

Британиянын падышалык коргонуу жана коопсуздук институтунун илимий кызматкери Сара Лейн Борбор Азиядагы ири долбоор саналган Кытайдын Жаңы Жибек Жолу аймакты гүлдөтөбү же тескерисинче элди кыйнайбы деген суроого жооп издеп көргөн. Анын бул макаласы Financial Times гезитине жарыяланды.

Кытайдын Борбор Азияга багытталган экономикалык стратегиясынын алкагында автожолдор курулуп, газ куурлары салынууда. Бирок кылым долбоору делген Жаңы Жибек Жолу башталса, кытайлык компаниялар жергиликтүү элди ишке тартабы деген суроо коюлган макалада.

Анткени, маселен, Кыргызстандагы Ош-Сарыташ-Эркечтам жана Бишкек-Торугарт жолун куруп жаткан кытай компаниясында жумушчулардын 30 процентти гана кыргызстандыктар болсо, калганы Кытайдан келгендер.

"Өзбекстан жаңы темир жол каттамын курууга Кытайдан башкаруучу гана топту талап кылып, кара жумушчуларды өзүбүз беребиз дегендей аракет кылууда. Канткен күндө да аймактагы бийлик адамдарынын саясий эрксиздиги жана долбоор каржысын бөлүштүрүүдөгү башаламандык Кытайга экономикалык көз карандылыкты күчөтөт" деп жазат Сара Лейн.

Эрдогандын Европаны аралаган "согушу"

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сатираны сүйбөгөн кыялы өз өлкөсүнүн чегинен чыгып, эми Европаны каптаганын Al-Monitor басылмасы жазат. 2003-жылы өкмөттүн башына келери менен эле Түркиядагы эң ири басылма болгон Cumhuriyet гезитин өзүн мышыкка салыштырганы үчүн сотко берген. Соттон жеңилип калгандан кийин Эрдоган болушунча каарын журналисттерге төгүп, өзүн жана туугандарын кемсинткени үчүн өнөрпоз жана жөнөкөй жарандарга эки миңден ашык соттук териштирүү ачты. Алтургай калың калктын арасында анын мыскылды сүйбөгөнүн өз максатына колдонгондор да чыгууда. Маселен, жакында эле бир жигит сүйлөшкөн кызын уруп коюп, сотто кызды Эрдоганды мыскылдаганы үчүн жазалаганын айтып коргонгон. Немис куудулун каматам деген окуянын деми али сууй электе эле Эрдоган голландиялык куудул Ганс Тюван анын карикатурасын тартканы үчүн соттолсун деп талап коюуда. Бул окуя Эбру Умар аттуу апасы түрк, теги голландиялык журналист Эрдоганды шылдыңдады деп Түркияда камалгандан кийин болуп жатат. Түрк лидеринин мындай териси жукалыгынан улам Голландия менен Германия дүйнө лидерлерин мыскылдабоо тууралуу мыйзамды жокко чыгаруу маселесин күн тартибине койду деп баяндайт Al-Monitor.

Борбор Азиянын кооптуу «Карабагы»

Eurasia Daily Monitor басылмасына аналитик Пол Гоблдун «Борбор Азиянын Карабагы анык Карабактан да кооптуу» деген аталыштагы макаласы чыкты. «Азербайжан менен Армениянын ортосунда Карабак чыры кайра козголору менен мурдагы Советтер Союзуна кирген чоң аймактагы ушул сыяктуу көйгөйлөр да даана көрүнө баштады. Совет мезгилинде чек арасы күч менен бөлүнгөн айрым мамлекеттер арасында азыр кырды-бычак акыбал өкүм сүрүп турат. Маселен, Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ортосунда эле чечилбеген талаштуу аймактар абдан көп. Андагы элдин тарыхы, дини бир болгондуктан, Кавказдагы жер талашка караганда, Борбор Азиядагы чек ара чыры кооптуу жанар тоодой эле кайнап жатат. Кокус жер талаш курчуп кетсе, абалды жөнгө салууга сырткы күчтөр да кийлигишип, чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн эгемендигине шек жаралышы ыктымал жана Сирия менен Ирактагы кырдаалга окшош акыбал жаралып, бул мамлекеттердин эгемендигине коркунуч туулат. Мындай тирешүүдө чөлкөмдүн эли туткан дини бир экенине карабай, улуттук сезимдерге алдырып коюшу ыктымал», - деп жазат Пол Гобл.

Кыргызстанды чаңгы сактайт...

Америкада чыккан атактуу Rolling Stone журналына журналист Лорен Стилдин Кыргызстандагы туризмге багытталган блог-макаласы чыкты. Видео тиркелген бул макалада Арсланбап, Бабаш-Ата тоосу сыяктуу кооз жерлерде туризмди жайылтуунун ыкмалары жөнөкөй тил менен баяндалат. Анда кесипкөй чаңгычылар (лыжачылар), операторлор жана ыктыярчылар АКШнын Сан-Франциско шаарынан Кыргызстанга барып, тоо лыжасын элдин арасында жайылтуу максатында жергиликтүү өспүрүмдөр менен балдарга сабактарды өтүшкөн. Мындай сабактар өлкөдө жеке эле спортту үгүттөбөй, экономикалык өнүгүүсүн да шарттамак дейт блогдун автору.

Макалада америкалык лыжачы Таванын окуясы сүрөттөлүп, ал Кыргызстанда чаңгы тээп жүрүп оор жаракат алганына карабай, бир нече жылдан соң быйыл кайра Арсланбапка барып, бул кышкы спортту элдин арасында жайылтууну улантып жатканы жазылган.

«Жергиликтүү эл лыжанын мыкты киреше булагы экенин аңдаш үчүн аны тепкенди жакшы үйрөнүүсү керек. Мен мына ушуга жардам берем. Кыргызстандын керемет жаратылышы турганда эмнеге туристтерди Европадан чаңгы тептиребиз? Арсланбаптын балдарына азыр китеп эмес, чаңгы бериш керек», - деген Тава макаланын автору Лорен Стилге.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG