Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:19

2010-жыл илимий ачылыштарга бай болду


Илимий ачылыштардын көбөйүшү менен, адатта көркөм чыгармаларда кездешчү көптөгөн фантастикалык идеялар 2010-жылы турмуш чындыгына айланды. Кеңири керектелүүчү технологияда да жаңылыктар болду.

2010-жылы фантастика жазган жазуучулар эң мыкты идеяларын уурдаттык деп кападар болсо, кечирим берели, себеби «уурулар» чыныгы илмпоздор болду.

АКШдагы Жей Креиг Вентер институтунда иштеген аалымдарды алсак. Вентер өзү адамдын геномун же организмдеги генетикалык материалдын толук топтомун тизмеге алган даанышман окумуштуу катары белгилүү. Ал май айында толугу менен адам баласы жазган генетикалык эрежелер менен көзөмөлдөнгөн алгачкы синтетикалык клетка жасалганын жарыялады:

– Бул - өзүнөн өзү көбөйгөн жана атасы компьютер болгон тунгуч клетка. Ал деген анан калса генетикалык коду өзүнүн интернет сайтында тизмеленген алгачкы клетка.

Бир нече компания мындай синтетикалык клеткадан эми күйүүчү отун же вакцина жасоону пландап жатышат.

Бул ачылыш тууралуу жарыядан бир нече күн мурда, Британияда чыгуучу "Жаратылыш" журналы америкалык төрт университеттин окумуштуулары биригип, микроскоптон гана көрүүгө боло турган жөргөмүшкө окшогон роботту жасап чыгарышканын жазды. Бул робот өзү болбосо да, анын "балдары" бир күнү рак клеткаларын өлтүрүп, бүтүп калган кан тамырларын тазалай алышы мүмкүн.

Денеси протеинден турган, буттары ДНКдан (генетикалык маалыматты алып жүргөн Дезоксирибо-нуклеин кислотадан) жасалган бул "жандыктын" чоңдугу бир метрдин миллиарддан төртүн түзөт. Ал химиялык сигнал боюнча, клетканын ичинде ары бери жүрүп, айлана алат. Буга чейинки роботтор бир нече гана кадам жасаса, мунусу 50 кадам жүрө алат.

Синтетикалык клетка, молекула-робот дегенде таң калган окумуштуулар эң бир уулу зат менен жашаган молекула табылганда, окумуштуулар "шумдугуң кур" дешти белем. Декабрдын башында АКШнын Улуттук Аэронавтика жана Космос Администрациясынын (НАСА) биологдору бактериянын адам угуп, көрбөгөн түрү тууралуу изилдөөсүн жарыялашты. Калифориядагы көлдөн табылган бул бактерия уулуу мышьяк затынан энергия гана албастан, бул ууну өзүнүн ДНКсына сиңирип алат. Мындай көрүнүштү буга чейин көпчүлүк элестете да алган эмес.

Сара Сигер Массачусетстеги Технология институтунун профессору:

– Бул ачылыштын келечеги эбегейсиз, анткени буга чейин жашоонун түп негизин түзөт деген алты элементти билчүбүз, мышьяк алардын катарында эмес эле. Кеп бактериянын мышьяк менен дем алып, аны менен жашаганында гана эмес. Ал бул ууну ДНКсына сиңирип алган. Бул илимге караганда, фантастикага көбүрөөк окшош.

Тузакка түшкөн атом

НАСАнын изилдөөчүлөрүнүн пикиринде, жашоонун мындай түрүнүн ачылышы башка планеталарда жашоо бар экендигин аныктоо мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт. Жерден тышкаркы жашоо демекчи, 2010-жылы дагы бир окумуштуулар тобу бул ааламдын сырын ачуунун жолунда дагы бир ачылыш жасашты. Бул максатты көздөгөн лаборатория Франция менен Швецариянын орток чек арасында, жер астында жайгашкан.

Атомдорду кагылыштырып, бул дүйнө жаралган алгачкы көз ирмемдин кандай болгондугуна кызыккан аалымдар 10 миллиард доллардык Чоң Хадрон лабораториясында иштеп келатышканы көпчүлүккө жакшы маалым. 2010-жылы мына ушул жерде биринчи жолу анти-заттын, башкача айтканда, ааламдагы ар нерсенин өзөгүн түзгөн заттын шериги болгон атомдорду "тузакка түшүрүштү".

"Барымта" секунданын ондон экисиндей убакытка гана созулду, бирок аларды изилдөө бул ааламдын эң башкы сырларынын айрымдарын билүүгө жол ачышы мүмкүн.

Электрониканын кадамдары

Биз, катардагы керектөөчүлөр, ааламдын сырлары ачылганча, күтүп отургубуз келбейт, мунун кереги да жок. Октябрь айында Британияда Скай (кыргызча «асман») телеканалы Европада биринчи болуп Үч Мерчемдүү (3D) каналын иштете баштады. Мунун алдында Вөржин Медия компаниясы мындай видео-тасмаларды сата баштаган.

Мындай программаны көрсөтө турган телевизордун баасы 5 миң долларга жетет. Учурда "Тошиба", "Панасоник" өңдөңгөн электрондук дөө-шаалар дүйнөнү экрандан үч мерчемде көрсөткөн мындай технологияга чоң каражат сарптап жатышат. Демек бул телевизорлор тез эле арзандай баштайт болуш керек. Браян Чен Wired.com технологиялар сайтынын кабарчысы:

Азырынча бул баралына келе элек, кымбат категория. Бирок 3-5 жылда телевизорлордун баасы жогорку дефинициядагы (сүрөттүн сапаты жогору) телевизорлорго жакындап, кадыресе көрүнүшкө айланат. Ошондо биз алармандардын реакциясы канчалык жанданаарын көрөбүз.

2010-жылы алармандар жеке компьютер жаатындагы жаңылыктарга жандуу реакция көрсөтүштү. Калыңдыгы бир нече сантиметр келген «такта» компьютери бизге киборду жана «чычканы» жок, экрандын өзүндө сөөмөй менен иштөөгө мүмкүнчүлүктү кеңейтти. 500 доллар турган, жүздөгөн жаңы программалар шыкалган бул компьютер көтөрүп жүрүүгө жеңил ноутбукту четке сүрүп чыгара баштады.

Дартка даба

2010-жыл саламаттык жаатында да ачылыштарга бай болду. Түштүк Африкада "тенофовир" деп аталган дары кошулган жаңы вагина майы менен тажрыйба ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуу коркунучун дээрлик 40 пайызга азайта тургандыгын көрсөттү.

Жыл ичинде эски дабанын жаңы сапаттары ачылган учурлар да болду. Баш оорууга да, суук тийгенге да даба болгон кадимки эле аспирин рактын ар кандай түрлөрүнө бут тосоору аныкталды. Бирок окумуштуулар бул жаатта дагы кошумча изилдөө керек экендигин эскертишет, ошондуктан аспиринди кочуштап иче баштабаңыз!

Бул ачылыш мышьякты «сүйгөн» бактерия өңдөнүп, жашоо деген көрүнүштү баштан аяк жаңыча аныктабайттыр, бирок ал биз билген жашоону узартууга мүмкүндүк бере ала турган шекилдүү. Ошондуктан бул да чоң ачылыш экени шексиз.
XS
SM
MD
LG