Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Нью-Гэмпшир Трамп менен Сандерстин кадырын көтөрдү


Берни Сандерс жана Дональд Трамп.
Берни Сандерс жана Дональд Трамп.

АКШда президенттикке үмүткөрлөрдүн ички партиялык жарышынын Нью-Гэмпшир штатындагы бөлүгүндө жеңүүчүлөр алмашты. Бул штаттагы кечээги добуш берүүнүн натыйжасында республикачылардын көч башына миллиардер Дональд Трамп, демократтардан сенатор Берни Сандерс чыкты.

Америкалыктар өздөрү “праймериз” же “кокус” деп атаган ички партиялык жарыштын Нью-Гэмпшир штатындагы бөлүгүнө жергиликтүү калк күтүлгөндөгүдөн жигердүү катышты.

Жарыш алгач өткөн Айова штатынан айырмаланып, бул жердеги добуш берүү коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары тууралыгын да көргөздү.

Демократтардан күтүлгөндөй эле бул штатта өзүн социалист атаган 74 жаштагы сенатор Берни Сандерс озуп чыкты:

- Биз баарыбыз чогулуп туруп, Уолл-Стриттен Вашингтонго, Мэн штатынан Калифорнияга чейин бир нерсени каңкууладык. Ал - биздин улуу өлкөбүздү башкаруу талапкерлерди каржылагандарга, бай донорлордун тар чөйрөсүнө эмес, жарандардын баарына таандыктыгы. Алдыдагы бир нече айда биз чогулуп, партияны жана өлкөнү бириктиришибиз керек. Анткени оңчул республикачылар президенттикти алышына жол бербешибиз зарыл, - деди вермонттук сенатор Берни Сандерс Нью-Гэмпширдеги жактоочуларына кайрылып.

АКШдагы ички партиялык жарыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00

Клинтондун утулушу

Сандерстин атаандашы, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун ажырымы күтүлгөндөгүдөн чоң болду.

Бул штатта Демократиялык партияга ыктаган шайлоочулардын 60% Сандерсти, 40% Клинтонду колдошту.

Президенттикке экинчи ирет аттанып, Айовадагы алгачкы партиялык жарышта атаандашынан кичине эле артыкчылык менен алдыга чыккан мурдагы мамлекеттик катчы Нью-Гэмпширдеги утулушун тарапкерлерине төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Мен өзгөчө жаштар менен иштешүүм керектигин билем. Бирок ушул жумада айткандарымды дагы кайталайм. Жаштар мени колдошпосо да, мен аларды колдой берем. Себеби, мен чалынып жыгылуу эмне экенин билем. Бул сезим бүткүл Америка боюнча өтө көп адамдарга тааныш. Биздин мындан алган сабагыбыз, жыгылганың эмес, кайра тура алганыңдын маанилүүлүгү, - деди Хиллари Клинтон.

Трамптын жеңиши

Республикачылардан болсо коомдук пикирди сурамжылоолордо көч башында келе жаткан миллиардер Дональд Трамп Нью - Гэмпширде турумун бекемдеди.

Айовада техастык сенатор, консерватор саясатчы катары таанымал Тед Крузга уттуруп койгон миллиардер ички партиялык жарыштын экинчисинде добуштардын 35% алды.

Жактоочулары астында сүйлөп жатып ал демократтардын Нью-Гэмпширдеги жеңүүчүсү Берни Сандерсти сындап өттү, АКШнын “улуулугун” калыбына келтирүүнү убада кылды:

- Бирок биз муну салттуу жол менен жасайбыз. Соодада Кытайды, Жапонияны, Мексиканы жеңебиз. Күн сайын биздин эбегейсиз акчабызды алып кетип жаткан өлкөлөрдүн баарын жеңебиз. Мындай нерсе экинчи кайталанбайт. Бизде ишкер адамдарыбыз дүйнөдө эң көп. Биз эң чебер ишкерлердин жардамына таянып, өтө кыска мөөнөттө эң жакшы иштерди, эң күчтүү кылып аткарабыз. Дүйнө бизди кайра урматтайт. Мага ишенип койгула!

Трамптын атаандаштары арасынан Нью-Гэмпширде экинчи орунга Огайо штатынын губернатору Жон Кейсик чыкты. Сенаторлор Тед Круз, Марко Рубио жана мурдагы губернатор Жэб Буш 10-12% добуш алышты.

Саясий санак

Бул штаттагы ички партиялык жарыштын жыйынтыгы президенттикке үмүткөрлөрдүн мындан аркы өнөктүгү үчүн психологиялык таасир берүүчү фактор катары каралууда.

Саясий статистикага үңүлсөк, АКШдагы президенттик шайлоолордун акыркы онунда республикачылардан Нью-Гэмпширдеги праймериздин жеңүүчүсү президенттикке сегиз ирет, демократтардан жети ирет расмий талапкер болгон:

- Айовадан айырмаланып, Нью-Гэмпширдеги баштапкы шайлоо добуш берүүнүн салттуу ыкмасы аркылуу жүрөт. Анын жүрүшүндө шайлоочулар өз талапкерлеринин ысымын шайлоо бюллетенинде көргөзөт. Бул процедуранын жөнөкөйлүгүнөн улам Нью-Гэмширдеги шайлоого калктын катышуу көрсөткүчү Айовага караганда жогору. Андыктан дал ушул шайлоону президенттикке талапкерлер үчүн алгачкы реалдуу сыноо иретинде кароого болот, - деди “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде Вашингтондогу Вудро Вильсон борборунун талдоочусу Уильям Померанц.

Ички партиялык жарыш штаттар боюнча июнь айына чейин уланып, Республикалык жана Демократиялык партия Ак үй үчүн бирден талапкерин июль айынын соңуна мерчемделген курултайларында расмий бекитет. Шайлоо болсо быйыл ноябрдын алгачкы шейшембисинде өтөт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG