Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:11

Мээрим Айсулуунун көчүн улады


Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында Азиянын үч жолку чемпиону Мээрим Жуманазарова жана Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев. Чонбури, Таиланд. 11-июль, 2019-ж.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында Азиянын үч жолку чемпиону Мээрим Жуманазарова жана Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев. Чонбури, Таиланд. 11-июль, 2019-ж.

Кыргызстандык күрөшчү кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынды.

11-июлда 68 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова алгач чейрек финалда таиланддык Йаринда Эйрлангды 10:0, жарым финалда кытайлык Цинг Лини 8:1 эсебинде жеңди. Алтын байге үчүн болгон финалдык таймашта жапониялык Рин Мияжини 8:6 эсебинде жеңилүүгө дуушар кылып, Азия чемпиону аталды.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты. 68 кг. Финал. Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан) - Рин Мияжини (Жапония) 8:6. 11-июль, 2019-ж. Таиланд.

Беттештен соң балбан кыз “Азаттыкка” маек куруп, мелдештен алган таасирлери менен бөлүштү.

"Үч беттеш өткөрдүм. Биринчи беттешим таиланддык спортчу менен, экинчи беттешим кытайлык спортчу менен болду. Аларды жеңил эле уттум. Финалдык беттешти мынчалык оор болот деп ойлогон эмесмин. Аябай оор болду. Бирок жеңдим" – деди Мээрим Жуманазарова.

​Мээрим Жуманазарова 19 жашта. Ал ушуну менен үчүнчү жолу катары менен жаштар арасындагы Азия чемпионатынын алтын байгесин алып жатат.

Ал 2017-жылы Кытайда, 2018-жылы Индияда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионаттарында алтын медал тагынган. 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло, 2017-жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган.

Жуманазарова жаштар арасында мелдештерден сырткары чоңдор арасында да күч сынап, ийгиликтерге жетип жүрөт. Атап айтсак, ал 2018-жылы Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн коло медал алган. Акыркы эки жылда катары менен чоңдор арасында Азия чемпионатында коло байгелердин ээси болгон. Андан сырткары бир катар эл аралык мелдештерде байге ээси болуп келет.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын мүчөлөрү өлкөнүн күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев менен. 11-июль, 2019-ж. Таиланд.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын мүчөлөрү өлкөнүн күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев менен. 11-июль, 2019-ж. Таиланд.

"Таиландда өтүп жаткан бул чемпионатка Кыргызстандан жалпы беш салмактык бөлүктөрдө кыздар күч сынашуу үчүн барган. Бул жакшы жетишкендик", - дейт Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев.

"Жаштар арасындагы Азия чемпионатына беш салмакта кыздарды алып келе алчу эмеспиз. Анткени деңгээли жетчү эмес. Азия чемпионатына кыздарды жөн эле алып келбейбиз да, медаль ута тургандарын алып келебиз. Жылдан жылга күрөш менен алектенген кыздарыбыздын саны көбөйүп жатат".

Бүгүн, 11-июлда күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн беш салмакта байгелер ойнотулду. Кыргызстандын атынан бул күнү Мээрим Жуманазаровадан сырткары Назира Марсбек кызы да килемге чыгып, финалдык таймашка чейин жетти.

Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Назира Марсбек кызы.
Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Назира Марсбек кызы.

59 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Назира Марсбек кызы вьетнамдык Анх Туйет Транды 10:0, кытайлык Жуомалага Жуомалаганы 7:1 эсебинде жеңип алды.

Чечүүчү таймашта индиялык Аншу Аншуга жеңилип (0:10), күмүш байге тагынды. Марсбек кызы 2017-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында 55 кг. салмакта күрөшүп коло байге уткан.

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Кенжебек Өмүралиевдин айтымында балбан кыздардын ийгилиги чеке жылытат. Бирок ошол эле учурда дагы талыкпай эмгектенүү керек.

"Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков келгенден бери кыздарыбыздын деңгээли өсүп жатат. Айсулуунун ийгиликтери да кыздардын күрөшкө тартты. Айсулууга окшогусу келип күрөш менен машыккан кыздар көп. Кадеттер арасында да жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Алдыда эми чоң мелдеш турат. Астанадагы (Нур-Султан) дүйнө чемпионатында ийгилик жаратышса анда, олимпиада жөнүндө ойлонсок болот. Дүйнө, Азия чемпионаттарын далай уткан спортчулар деле Олимпиададан байге албай келет. Ал чоң мелдеш. Ага психологиялык жактан даяр болсо эле жеңишке жетет деп ишенем".

Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын байге ээлери Назира Марсбек кызы, Мээрим Жуманазарова, Нураида Анаркулова жана күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев. 12-июль, 2019-ж. Таиланд.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын байге ээлери Назира Марсбек кызы, Мээрим Жуманазарова, Нураида Анаркулова жана күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев. 12-июль, 2019-ж. Таиланд.

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 9-июлда башталган.

12-июлда дагы кыргызстандык үч кыз күч сынашты. Нураида Анаркулова 57 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, финалдык беттеште жапониялык Андориаханако Савага жеңилип (0:10), күмүш байге алды. Ал финалдык таймашка чейин чейрек финалда индиялык Бхарти Багелди 7:5, жарым финалда вьетнамдык Зи Май Транг Нгуйенди 3:2 эсеби менен жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Айбике Артыкалы кызы 62 килограммга чейинки салмакта алгач чейрек финалда жапониялык Атена Кодамага жеңилди. Жапон кызы финалга чыккандыктан Артыкалы кызына коло байге үчүн таймашка чыгууга жол ачылды. Тилекке каршы Айбике ал таймашта казакстандык Ирина Кузнецовадан мөрөйдү ала албай калды (9:11).

Дайана Жакып кызы чейрек финалда таиланддык Хсин Пинг Пайга жеңилип (2:4), мелдештерин байгесиз жыйынтыктады.

Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, кыргыз балбандарынан Акылбек Талантбеков (77 кг.) жана Нуржигит Кеңешбек уулу күмүш байгенин ээси болгон. 13-июлда эркин күрөш боюнча таймаштар башталат. Азия чемпионаты 14-июлда жыйынтыкталат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлжан Турдубаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG