Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Журналисттик иликтөө: Темировду каралоонун учу кайда?


Болот Темиров жана ички иштер министри Улан Ниязбеков (коллаж)
Болот Темиров жана ички иштер министри Улан Ниязбеков (коллаж)

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан командасын каралоо аракеттери жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, бул ички иштер министри тууралуу жарыяланган иликтөөдөн кийин башталган. ИИМ журналисттин дооматын четке какты.

Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылган.

Иликтөөдөн кийинки каралоо

Болот Темиров ички иштер министри Уланбек Ниязбеков тууралуу иликтөөдөн кийин анын командасына каралоо башталганын айтууда.

“Биз бул фейк аккаунттардын, бизди каралап жаткан айрым аккаунттардын ээлерин иликтеп, аныктадык. Алардын дээрлик баары эле башынан биздин артыбыздан чагым кылып жүргөн адамдар болуп чыкты. Айрымдары Ички иштер министрлигине тиешеси бар адамдар. Мен Айзаданын өлүмүнөн кийин министрдин кызматтан кетишин талап кылып, митингге чыкканымда да алар жарандык кийимчен "антимитингде" жүрүшкөн. Министр Ниязбековго каршы кандай акция болсо, булар ошол жерлерде жүрчү. Улан Жумаковду баарыңыздар билесиздер - Бишкек милициясынын мурдагы маалымат катчысы. Ал болсо ачык эле чагымчылдык кылууда”.

“Темиров LIVE” долбоору декабрь айынын башында YouTube каналына ички иштер министри Улан Ниязбековдун мүлктөрү, бизнеси тууралуу иликтөө жарыялаган. Көп өтпөй материалдын кыргыз тилиндеги вариантына YouTube каналында бөгөт коюлган.

"Биздин ички иштер министри Улан Ниязбеков тууралуу иликтөө материалдарыбызды Ютубдан улам бөгөттөө аракети жүрүп жатат. Анткени ал тасмаларда Ниязбековдун өзүнүн, туугандарына катталган үйлөрү, Тажикстанга күйүүчү май ташыган аткезчиликке жана кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланышы тууралуу айтып бергенбиз. Материалдарды министр өзү бөгөттөтүп жатат деп ойлойм. Милиция менин командамды күнү-түнү аңдып атат, кандай чагымдар күтүп турат али, билбейм", - деди Темиров.

Ички иштер министрлиги Болот Темировдун дооматтарын четке кагууда. ИИМдин басма сөз катчысы Тилек Оторов муну "курулай жалаа" деп белгиледи.

Тилек Оторов
Тилек Оторов

“Ички иштер органдарынын кызматкерлери жалпы өлкө боюнча коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукту алдын алуу, аны менен күрөшүү иштери менен күнү-түнү алек. Болот Темировду каралоого кызматкерлердин эч кандай тиешеси да, убактысы да жок”, - деди Тилек Оторов.

"Темиров калп айтпасын"

7-декабрда Ички иштер министрлиги “Темиров лайв” жана “Айт Айт Десе” долбоорунун директору, Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызын суракка чакырган. Ага депутат Надира Нарматованын арызы себеп болгон. Ал чет жакта жүргөндүктөн суракка барган эмес.

Махабат Тажыбек кызы менен чогуу суракка чакырылган журналист Кундуз Жолдубаева милиция “Арча медиа” долбоорунун YouTube каналында чыккан “Матраимов, Көлбаев мафиясы менен кайсы чиновник жана депутаттардын байланышы бар?” деп аталган программага байланыштуу сурак бергенин айтты:

Кундуз Жолдубаева
Кундуз Жолдубаева

“Эгер Нарматова арызданса, анын арызын ИИМ тергебей сотто каралышы керек болчу. Анткени бул жарандык иш. Бул жагы мага да түшүнүксүз болуп турат”, - деди Кундуз Жолдубаева.

Көп өтпөй социалдык тармактарда Болот Темировдун жубайына асылган, экөөнүн мамилесин каралаган чагымчыл тасмалар пайда болгон. Өздөрүн блогер деп атаган бир катар адамдар бийликти сындаган маалымат каражаттарын, анын ичинде “Темиров LIVE” долбоорун ачык эле “батышчыл” деп айыптап, Кыргызстанда жабууну талап кылган билдирүүлөрүн жаза баштаган.


Болот Темиров бул чагымчыл аккаунттардын артында бийликчил Бакыт Бакетаев турат деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.

“Каралоолор артында Бакетаевдин 7 миң сомдук командасы турат. Ошонун адамдары. Биз муну иликтеп, аныктап чыктык”.

Бакетаев болсо Болот Темировдун сөзүн четке какты.

Бакыт Бакетаев
Бакыт Бакетаев

“Мени айыптап, командасы иштеп жатат дегенин өзүм да окудум. Менде команда жок биринчиден, экинчиден, бирөөгө акча үчүн кеңеш бербейм. Болот элдин баарын өзүндөй ойлобосун. Кылганы, иликтегени жакшы, бирок жарымы чын болгону менен жарымы карандай калп болуп жатпайбы. Ошол кемчилигин айтып койсом, мени айыптоого киришти”, - деди Бакетаев.

Болот Темировго басым кантип курчуган?

"Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров 2018-жылдан 2021-жылга чейин FactCheck.kg cайтынын башкы редактору болуп иштеген.

2019-жылдын соңунда ал жетектеп турган Factcheck.kg басылмасы Бажы кызматынын мурдагы орун басары, коомчулукта “Райым миллион” деген каймана аты менен таанылган Райымбек Матраимовдун байлыгын ашкерелеген иликтөөсүн жарыялаган. Бул иликтөөдөн кийин, журналист онлайн троллдордун каралоосуна кабылганын жана анын веб-сайты (DDOs) хакердик чабуулга туш болгонун айтып чыккан.

2020-жылдын башында белгисиз үч жигит көчөдө ага капыстан кол салып, катуу сабап кеткен. Кийин Бишкектин Биринчи Май райондук соту кол салууга төрт кишини айыптап, ар бирин 2,5 жылдан эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучулардын баары абакта отурган күндөрүнүн эсебинен жаза мөөнөтү бүттү деп эсептелип, сот залынан бошотулган.

2020-жылы Temirov LIVE долбоорун түптөп, ошол жылдын жайында алгачкы иликтөөлөрүн жарыялаган. Алгач 2020-жылдагы парламенттик шайлоого, Райымбек Матраимовго байланышкан иликтөөлөр жарыяланган.

Андан кийин "Кыргызтемиржолу" ишканасындагы коррупциялык аракеттер жана ага мекеменин ошол кездеги жетекчиси Василий Дашковдун тиешесин иликтеген. Темиров социалдык тармактарда саясий партияларды жана саясатчыларды колдогон фейк-фабрикаларды да иликтеген.

2021-жылы апрелде Бишкекте уурдалып, киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнөн соң ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан кетирүү талабы менен өткөн акцияга каршы чыккан "антимитингчилердин" басымдуу бөлүгү министрликтин жарандык кийимчен кызматкерлери экенин далилдеген иликтөөсүн жарыялаган.

Бул иликтөө чыккандан Ички иштер министрлиги жооп кайтарып, анда айтылгандарды четке каккан.

Болот Темиров президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын фондуна келип түшкөн акча, мамлекет башчынын кудасынын ишканасы тууралуу да иликтөөлөрүн жарыялап келген.


2021-жылдын соңунда "Ташиевдердин схемасы" жөнүндө "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн чыгарды. Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бирок андан көп өтпөй, Болот Темиров маңзат пайдаланууга шек саналып кармалып, кийинчерээк "документ жасалгалоо", "чек араны мыйзамсыз басып өтүү" деген айыптоолор кошулган. 2022-жылдын январында Темировдун жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровдун камалышына каршы нааразылык акциялары өтүп, аны бошотууну жапырт талап кылышкандан кийин экөө тең бошотулган. Бирок ошол эле жылы ноябрда ал сот чечими менен паспортуна байланыштуу айыптуу деп табылып, Кыргызстандан Москвага мажбурлап чыгарылган.

Ички иштер министрлиги Темировдун депортация болгонун "анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы, Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды" деп түшүндүргөн.

Журналист өзү мындай чечим мыйзамсыз экенин айтып, өзүнө карата козголгон кылмыш иштердин баарынын артында ички иштер министри Уланбек Ниязбеков турганын айтып келет.

"Негизи башынан тартып эле биздин командага куугунтук артында - былтыр мага баңгизат таштап коюшканда, кийинчерээк Өзгөндөгү паспорт столдогу менин документтеримди жок кылып, айыл өкмөттөгү мен жөнүндө бардык маалыматтарды өчүрүүдө Ниязбеков менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Салмоорбек Жумабеков турат. Жумабеков Матраимовдун өкүл баласы. Булар ал ишти атайылап УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге каршы жасашкан", - деген Болот Темиров.


Темиров жемкорлукту ашкерелегени үчүн саясий куугунтукка кабылып келатканын бир катар эл аралык уюмдар да белгилеп келет. Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму ноябрь айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Темировго куугунтукту токтотууга жана анын кыргыз жарандыгын калыбына келтирүүгө чакырган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG