Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Борбор Азия

жума 3 Май 2024

Календарь
2024-ж., Май
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
29 30 1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31 1 2
Күлсарыда суу баскан үйлөр көгөрүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

Атырау облусунун Қүлсары кааласында 3 миңге жуук жеке жер тамдардан бөлөк көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсү менен биринчи кабаттарын суу каптаган. Калаадагы бир нече тургун азыр үйлөрүнө кире албай жатканын "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына айтып берди.

Январь окуяларынан кийин ички иштер министри кызматынан бошогон Эрлан Тургумбаев.
Январь окуяларынан кийин ички иштер министри кызматынан бошогон Эрлан Тургумбаев.

Казакстандагы кандуу Январь окуясында кыргызстандык жана өзбекстандык жарандарды кыйноого алган төрт полиция кызматкери учурда тергөө абагында отурат.

Козголгон кылмыш иши боюнча жети чет өлкөлүк жаран жабырлануучу деп табылган. Ал эми кандуу калабадан кийин ички иштер министри кызматынан бошотулган Эрлан Тургумбаев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген шек менен кармалганы белгилүү болду. Анын иши жабык каралууда.

Казакстандын тарыхында "Кандуу каңтар" деген ат менен калган Январь окуясында полиция бөлүмүндө кыйноого кабылдым деген өзбекстандык жигит "Азаттыктын" казак кызматы менен байланышты.

"Жогору жактан аткыла" деген буйрук келди

40 жаштагы жаран коопсуздугунан улам аты-жөнүн ачык айткан жок. Ал 2022-жылдын 7-январында Алматыдан Чымкентке автобус менен баратканда аскер кызматкерлери токтотуп, 50 жашка чейинкилердин баарын кармаганын айтып берди.

"Жарандыгыбызга жараша бөлдү. Арабызда Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары бар болчу. Баарыбызды катарга тизип, жаныбыздагы чоң автобуска "отургула" деп буйрук беришти. Кыйкырып, сөгүнүп, "буларды жазалайлы", "жогору жактан аткыла" деген буйрук келди дешти".

Жабырлануучу жигит алар түнү менен Алматы облусунун Карасай районундагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, ошол жерден кыйноого туш болгонун айтууда.

"Мени "эт туурагыч" деген жерге алып барды. Ал жерде эки адам, анан мени сүйрөгөн эки кызматкер бар болчу. Сабап, чечиндирип, ич кийимчен жерге жаткырды. Бири желкемден кармап, экинчиси тепкилеп атты. Таманымды резина таяк менен чапты. "Кайда жүрдүң?", "Эмне кылдың?", "Кол коёсуңбу же жокпу?" деп сурап жатышты. Мен эч нерсеге кол койбойм, мен күнөөлүү эмесмин, эч нерсеге катышкан жокмун дедим".

Өзбекстандык жабырлануучу консулдуктун кийлигишүүсү менен 12 күндөн кийин гана бошотулган. Мурду, кабыргалары сынган жигит бир ай бою коркуп арыз жазбай, доктурга барбай жүргөнүн, кийин Алматы шаарынын прокуратурасына арызданганын билдирди.

Январь окуясында кыргызстандык жана өзбекстандык жарандарды кыйнаган деген шек менен ушул тапта төрт полиция кызматкери тергөө абагында отурат. Козголгон кылмыш иши Башкы прокуратурага өткөн. Бул иш боюнча жети чет өлкөлүк жаран жабырлануучу деп табылган. Алардын арасында кыргызстандык музыкант Викpам Рузахунов да бар.

"Бул иш боюнча төрт адам шектүү. Бирок менин оюмча, жапырт кыйноолордон кийин ошол жети адам эмес, андан он эсе көп киши кыйноого кабылган. Алар, албетте жүзгө жакын адамды кыйнашкан. Андыктан бул ишти толук иликтөө үчүн бардык күнөөлүүлөр аныкталышы керек. Бул төрт кишиден алда канча көп", - деди казакстандык укук коргоочу Айна Шорманбаева.

Казак министри эки жылдан кийин камалды

Январь окуяларынан кийин ички иштер министри кызматынан бошогон Эрлан Тургумбаев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген шек менен кармалганы 30-апрелде белгилүү болду. Мартта Башкы прокуратура "Каңтар окуясында" коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылбагандыгы, адамдарды кыйноо фактылары боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата тергөө жүрүп жатканын билдирген. Иштин алкагында Эрлан Тургумбаев сурак берген.

Кандуу окуяга байланыштуу иштерди көзөмөлдөгөн юрист, мажилистин депутаты Абзал Куспан мурдагы ички иштер министринин камалышы тергөө али бүтө электигинен кабар берет дейт.

"Тургумбаев эмне үчүн камалды дегенге келсек, тергөө ушундай болуп жатат. Оор кесепеттерге алып келген мындай масштабдуу окуялар дагы жылдар бою иликтене берет. Дүйнөдө мындай практикалар көп. Башкача айтканда, тергөөнүн жүрүшүндө реалдуу далилдер алынышы мүмкүн. Кармалган жарандардын жооптору менен жүргүзүлгөн экспертизалар башка. Ушунун бардыгынан кийин [Тургумбаев шектүү] болушу мүмкүн. Айтайын дегеним, бир Тургумбаев менен чектелбешибиз мүмкүн. Келечекте башка аткаминерлер да тергелиши мүмкүн" дейт казак депутат.

Казакстандык укук коргоочулар кандуу калаба боюнча былтыр июнь айында чыгарган "Эскертүүсүз атуу" китебинде Тургумбаев жоопко тартылышы керектиги айтылат.

"Полиция биринчи кезекте шаардагы адамдардын тартиби жана коопсуздугу үчүн жооптуу. Полиция ички иштер министрине баш ийгендиктен, кылмыш жоопкерчилиги да, саясий жоопкерчилиги да бар. Полиция бөлүмдөрүндө, убактылуу кармоочу жайлардагы кыйноолорду билебиз. Ошондуктан Тургумбаевди жоопко тартуу керек деген маселе көтөрүлгөн", - дейт укук коргоочу Бакытжан Терегожина.

Эрлан Тургумбаев ким?

Тургумбаев Ички иштер министрлигине Нурсултан Назарбаев президент болуп турганда келген. 2006-жылы ИИМдин Тергөө комитетин жетектеп, кийин узак убакыт бою Алматы шаарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болгон. 2012-жылы ички иштер министринин орун басары, 2019-жылдын февраль айында Казакстандын ички иштер министри болгон.

Тургумбаев министр кезинде тынч митингге келген адамдарды "кеттлинг" ыкмасы менен кармап турган. Полициянын бул аракеттери Amnesty International укук коргоо уюмунун, Foreign Policy Centre борборунун отчетуна киргизилген. Кыйноо фактылары өлкөдөгү түрмөлөрдө жана убактылуу кармоочу жайларда да көп катталып келет.

2018-жылдын жайында, Казакстанда белгилүү көркөм муз тебүүчү Денис Тен Алматыда өлтүрүлгөндөн кийин коомчулукта полициянын ишине сын күчөгөн. Кийинчерээк бийлик ички иштер органдары реформалана турганын айтып, бул милдет Тургумбаев башында турган Ички иштер министрлигине жүктөлгөн. Ал эми өлкөдөгү активисттер менен эксперттер тарабынан түзүлгөн "Ички иштер министрлигин реформалайбыз" кыймылы реформа жай жүрүп жатканын, органдардын ишинде алгылыктуу өзгөрүүлөр коомдо байкалбай жатканын айтып чыгышкан.

2022-жылдын январь айындагы окуяда Тургумбаевге түздөн-түз баш ийген шаарлардагы жана райондордогу ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери "иш ордун таштап кетишкен", ал эми абак кызматкерлери кыйноо фактылары боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталган. Бул ишке башка полиция кызматкерлери да кирептер болуп, айрымдары жаза мөөнөтүн өтөп жаткан учурда Тургумбаев камакка алынганы кабарланган.

61 жаштагы Эрлан Тургумбаев 2022-жылдагы Январь окуясынан кийин жаңы түзүлгөн өкмөттө кызматында калган. Бирок президенти Касым-Жомарт Токаев аны ошол эле жылы февралда жумуштан алып, кеңешчиси кылып дайындаган. Тургумбаев кандуу окуяларга шектелип кармалган экинчи казакстандык министр. Ага чейин Коргоо министри болуп турган Марат Бектанов "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып менен 12 жылга кесилген.

Коңшу өлкөдө 2022-жылы 2-январда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгонуп, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгону расмий айтылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG