Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Борбор Азия

бейшемби 18 Апрель 2024

Календарь
2024-ж., Апрель
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 1 2 3 4 5
Украина: Черниговдо Орусиянын чабуулунан 18 киши набыт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:55 0:00

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеш мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазаланып” жатканын билдирди. Соңку маалда бир нече депутат мандатын тапшырды. Казакстандагы суу ташкын жети кишинин өмүрүн алды. Суу каптаган он облустан 117 миңдей киши, анын ичинде 40 миңдей балдар эвакуацияланды. Кыргызстанда адамдын органдарын чет өлкөлөргө мыйзамсыз сатууга шектелгендер кармалды. УКМК факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди. Улуттук “Манас” театры Бишкекте жаңы имаратка ээ болду.

Авенир Гуломносиров
Авенир Гуломносиров

Мекениндеги жумушсуздуктан жана жакырчылыктан улам бир миллиондон ашуун тажик жараны чет жактан иш издөөгө аргасыз. Эмгек мигранттарынын басымдуусу Орусияда кара жумушта иштеп жүрөт. Алардан айырмаланып, тажикстандык үч жигит Түркиядагы сериалдарга тартылып, каскадер болуп өз ордун тапты.

“Озоди” радиосу Изатулло Мирзоевди, Манучер Саадиевди жана Авенир Гуломносировду кепке тартты.

Мурда курулушчу болуп иштеген үч жигитти түрк киносунун Бурак Өзживит жана Серкан Чайоглу өңдүү жылдыздары тартылган бир нече сериалда көрүүгө болот. Актердук тажрыйбасы жок болсо да алар чакан эпизоддордо ролдорду аткарат.

Манучер Саадиев
Манучер Саадиев

31 жаштагы Манучер Саадиев 8 жыл Орусияда курулушта иштеген. Былтыр декабрда миграция мыйзамдарын бузду деп депортацияланбаса, ким билет, балким өмүрүнүн аягына чейин курулушчу болуп жүрө бермек.

Башка иш таба албаган мигрант чөнтөгүндө 30 доллар менен Түркияга бет алган учакка отурат.

“Учактагы башка жүргүнчүлөрдөн ижарага үй, жумуш кайдан тапса болот деп сурап баштадым. Кандай иш болсо да макулмун дедим. Жанымда отурган киши каскадерлорду издеп жаткан кино компанияны айтып калды. Мен анын телефон номерин алып, ошол жерге орношууга жардам сурап күн сайын чалдым”.

Көп узабай Саадиевди түркиялык тарыхый телесериалга каскадер кылып алышты. Андан кийин башка сунуштар түшө баштады. Ошентип ал Стамбулда орточо жашоо үчүн гана эмес үйүнө салып турууга да акча таап калды.

Түрк сериалдары Тажикстанда жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө абдан популярдуу.

“Таежемдикинде түрк сериалын көрүп отурганым эсимде. Ошондо “менин ушул фильмге тартылганымды элестестеңер” деп айткам. Бирок ал тамаша болчу. Менин кинодо ойносом деген кыялым жок эле. Бир күнү каскадер болом деп эч ойлогон эмес элем”, - деп сөзүн улантат Саадиев.

Бирок анын жаңы кесибинде бир топ тобокелдиктер бар. Мисалы бомба жарылганда сыныктар туш тарапка учат же аттан кулап, кылыч менен чабышканда көзүнө, башына да тийиши ыктымал.

Ким кимге акча төлөйт?

Изатулло Мирзоев Түркияга 2019-жылы барган. Адегенде кездеме фабрикасында иштеп жүрүп, бирок маянасы аз болгондуктан башка жумуш издеген. Чогуу иштеген азербайжандык мигрант киного статист болуп тартылбайсыңбы деген идея берген.

Изатулло Мирзоев
Изатулло Мирзоев

34 жаштагы Мирзоев мекенинде чоюн билек балбандардын түрдүү мелдештерине катышканды жакшы көрчү. Анын ошондой машыгуулары, булчуңдуу келбети эпизоддорго тартылууга өбөлгө болду.

“Мен ушунчалык таң калганыман продюсерлерден белгилүү кино аянтчасында тартылууга мүмкүнчүлүк беришкени үчүн аларга акча төлөшүм керекпи деп сурап жибериптирмин. “Ким кимге төлөйт?” – деп сурасам, “Биз төлөйбүз” деп айтышты”.

Мирзоев айына 4000 доллар аларын айтат. Ал белгилүү болууну деле эңсебейт, акча таап, бутуна турсам дейт.

“Кээде бир нече сүйлөм айткан чоңураак ролдорду аткарууну тандайм. Бирок анда бир эле күн тартылып калам. Мен сөзү жок, чакан болсо да узак тартылган (демек, көбүрөөк акча төлөнгөн) эпизоддорго артыкчылык берем”, - деп түшүндүрдү Мирзоев.

Кинодогу кыял

"Озоди" сөзгө тарткан каармандардын эң кенжеси, 26 жаштагы Авенир Гуломносиров жарым жыл мурун Стамбулга келгенден бери беш фильмге тартылууга үлгүрдү.

Авенир Гуломносиров
Авенир Гуломносиров

Былтыр ноябрга чейин Орусияда иштеген. Ал түрк сериалдарынын айныксыз ышкыбозу. Өткөн жылы Гуломносиров өзү аябай жакшы көргөн Осмон империясынын түптөлүшү жөнүндөгү жана башка тарыхый сериалдардагы эпизоддордо тартылган.

“Мен түркчө билбегендиктен чоңураак роль аткара албайм. Биринчи жолу тартылгандан кийин мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо үчүн дароо тил үйрөнө баштадым”, - дейт тажикстандык жигит.

Ал өз келечегин Түркиядагы же Тажикстандагы кино тармагынан көрөт.

Бирок Түркия 20-апрелден тартып тажик жарандарына виза режимин киргизет. Гуломносиров кыялын орундатуу үчүн жумуш визасын алууга арыз тапшырганын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG