Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Экономика

бейшемби 25 Апрель 2024

Орусиянын Түркиядагы элчилиги Turkish Airlines авиакомпаниясы Латын Америкасына Түркия аркылуу жөнөп, бирок транзиттик каттамдан алынып жаткан орусиялыктар үчүн сунуштама жарыялады.

Анда "системалык түргө" өткөн олуттуу көйгөй жаралганын, Түркиянын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн расмий нотага эч кандай "реакция" болбой жатканы кабарланды.

Орусиялык укук коргоочулар авиакомпания "жарандардын укуктарын одоно бузганы" тууралуу тынчсыздануусун, ал эми Кремль Москва менен Анкара бул маселенин үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Сочинин тургуну Анна Ваулина 16-апрелде Орусиядан Түркия аркылуу Мексикага учарда учакка алынбай калганын, авиакомпания эч кандай түшүндүрмө бербегенин өзүнүн Инстаграм баракчасында айтып чыкты.

"Мага окшогон бир канча орусиялыктын башына бир иш түштү. 16-апрелде Стамбулдан Мексикага Turkish Airlines менен учмакпыз. Каттоодон өтүп, жүктөрүбүздү бергенден кийин бизди учакка албай коюшту. Кызматкерлер колубуздагы билеттин үстүн чийип туруп, бир жерге баргыла деп көрсөтүп коюшту. Ал жерде мага окшогон толтура киши кезекте туруптур. Албетте, менин учагым эбак учуп кеткен. Кызматкерлер бир номурду берип "ушуга чалгыла" дешти. Ал телефондон эч ким жооп берген жок. Күчүгү, кичинекей балдары менен же өзү турист катары бараткан орусиялыктар ошентип ара жолдо калдык. Мунун бирден бир себеби колубуздагы орус паспорт болду".

Shot Телеграм-каналынын маалыматында, соңку айларда Түркиядан Латын Америкасына учуп кете албай калган орусиялыктардын саны миңге чукулдады. Телеграм-каналдын өздүк булагынын маалыматы боюнча, Turkish Airlines авиакомпаниясы өлкөдөн депортация болгон орусиялыктарды кайра Стамбулга акысыз алып келүүгө милдеттүү экенин, бул авиакомпаниянын капчыгына туура келбей жатканын айткан.

Талдоочулардын пикиринде, авиакомпания жүргүнчүлөр турист эмес, Мексика аркылуу АКШга бараткан мигранттар болушу ыктымал деп кооптонууда. Эгер Миграция кызматы жүргүнчүнү өлкөгө киргизбей койсо, анын кайра кете турган жол киресин жеткирип барган авиакомпания төлөөгө милдеттүү.

Кремль тынчсызданууда, Анкарадан жооп жок

23-апрелде Орусиянын Түркиядагы элчилиги Turkish Airlines авиакомпаниясы Латын Америкасына Түркия аркылуу жөнөп, бирок транзиттик каттамдан алынган орусиялыктар үчүн сунуштамаларын жарыялады. Анда орусиялык дипломаттар "системалык түргө" өткөн олуттуу көйгөй жаралганын, Түркиянын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн расмий нотага эч кандай "так түшүндүргөн реакция" болбогонун элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Стамбул аэропорту.
Стамбул аэропорту.

Ошол эле күнү Орусиянын президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча Эл аралык кызматташтык кеңешинин туруктуу комиссиясы "Түрк аба жолдору" компаниясынын Латын Америкага транзиттик каттамдарына орусиялыктарды албай жатканына байланыштуу Түркиянын Орусиядагы элчиси Танжу Билгичке кайрылуу жөнөткөнү кабарланды.

Кайрылууда Кремль авиакомпания "орусиялык жарандардын укуктарын одоно бузганына" тынчсызданган.

"Биз кырдаалга кылдат байкоо жүргүзүүнү улантып, түрк бийлиги орусиялыктардын эркин жүрүү укугун түрк авиакомпаниялары бузганына тийиштүү баасын берип, келечекте мындай мыйзам бузуулардын алдын алууга жардам берет деп күтөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча, шаршембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва менен Анкара бул маселенин үстүндө иштеп жатканын билдирди.

"Маселе негизинен түрк тарапта, түрк компаниясы тарапта. Жогорку деңгээлдеги байланыштарды күтпөй эле биздин дипломатиялык бөлүм жигердүү иштеп жатат", - деп белгиледи Кремлдин өкүлү.

Деген менен түрк бийлиги жана "Түрк аба жолдору" компаниясы азырынча бул көйгөйгө байланыштуу комментарий бере элек.

24-апрелден баштап www.turkishairlines.com сайтынан Москва, Санкт-Петербург жана Казан шаарларынан Мехико жаан Канкун багыты боюнча билет сатуу токтотулганы белгилүү болду. Сайтка кирип авиабилет сатып алууну каалагандарга каттамдардын жоктугу тууралуу билдирүү пайда болот. Бирок Стамбулдан билеттер мурдагыдай эле сатылууда.

Ал эми ошол эле авиакомпания Орусиядан Латын Американын башка өлкөлөрүнө, анын ичинде Аргентина каттамдарына билеттер кадимкидей сатылууда.

"Түркия кырдаалды курчутууга кызыкдар эмес"

Ал эми орусиялыктар үчүн Латын Америкасынын өлкөлөрүнө кирүү эрежелеринин катаалдашы Вашингтондун Анкарага кысымынын улам келип чыкканын Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин доценти Икбал Дюрре "Ведомости" басылмасына курган маегинде айтты.

“"Түрк аба жолдору санкциялардан коркуп, дүйнө жүзү боюнча мүмкүн болушунча көп каттамдарды камтууга аракет кылып, АКШ менен Европадан жаңы учактарды сатып алууга кызыкдар. "Түрк аба жолдору" - мамлекеттик компания, бирок ал дагы эле коммерциялык уюм жана түрк бийлиги орусиялык жүргүнчүлөр менен болгон көйгөйдү чечүүгө толук компетенттүү эмес. Кандай болгон күндө да бул орус-түрк мамилесине кандайдыр бир зыян алып келет. Ошондуктан Анкара жагдайды кандайдыр бир жол менен жөнгө салууга аракет кылат, анткени Түркия кырдаалды курчутууга кызыкдар эмес”, - деди Дюрре.

Белгилей кетсек, "Түрк аба жолдору" компаниясынын расмий сайтында 15-мартта жарыяланган маалыматка ылайык, Түркиядан Венесуэла, Мексика, Колумбия, Куба жана Бразилияга уча турган жүргүнчүлөргө жаңы талаптар киргизилген.

Ага ылайык жүгү жок, мейманканадан алдын ала орун ээлебеген, артка кайтуучу билети жок жүргүнчүлөр аэропорттон өткөрүлбөйт. Ушундай эле талап транзиттик каттамы 24 сааттан ашык жүргүнчүлөргө да коюлат.

Бул эрежелер аталган аба компаниясы менен Түркиянын Стамбул, Анкара жана Анталия шаарларына багыт алган борбор азиялыктарга да тиешелүү.

Стамбул аэропорту.
Стамбул аэропорту.

Февраль айынын этегинде ондогон тажик жарандары Стамбул шаарындагы аэропортто кармалып турганы кабарланган. Түрк полициясы аларды киргизбей, депортация кылуу чечимин чыгарган. Түрк коопсуздук күчтөрү аларга чечимдин себебин айткан эмес.

"Азаттык" буга чейин Түркияда ара жолдо калган кыргызстандыктар да бар экенин кабарлаган. Анда айрым кыргызстандыктар Стамбулдан Мексикага айлап уча албай, он миңдеген акчасынан кол жууганын айтышкан.

Стамбул аэропортундагы жаңы эрежелер чет өлкөлүктөр гана эмес, жергиликтүүлөр арасында да чоң талкуу жаратууда. Социалдык тармактарда Стамбулдан Мексикага барууну каалаган түрк жарандарынын аэропортто катталуу учурунда бардык документтери даяр болгонуна карабай учууга уруксат берилбей жатканы тууралуу пикирлер утур-утур айтылып келет.

Turkish Airlines авиакомпаниясы Стамбулдан Мехико шаарына күнүнө бир же эки каттам жасайт. Мехико шаарынан Стамбулга күнүнө жок дегенде бир каттам бар, кээде төрткө чейин жетет. Канкунга Стамбулдан жумасына 11 каттам жүрөт.

Ташиевдин каты: Президент баш прокурор, министрге сөгүш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:47 0:00

БУУ Газадагы ооруканаларда адам сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар боюнча “тыкыр иликтөө жүргүзүүгө” чакырды. Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы, активисттердин жакындары сотту ачык өткөрүүнү талап кылышты. Президент Жапаров УКМК төрагасы Ташиевдин катынан кийин баш прокурорго сөгүш берди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG