Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Байден Курмашеванын жана Гершковичтин маселесин кайрадан көтөрдү


Аксу Курмашева.
Аксу Курмашева.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы, Орусияда дээрлик жети айдан бери абакта отурган Алсу Курмашеванын жана орус абагына бир жыл мурда камалган The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершковичтин маселесин АКШ президенти Жо Байден бүгүн 3-майда да көтөрдү.

Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата кайрылуусунда Кошмо Штаттардын президенти бардык өлкөлөрдөгү көз каранды эмес Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана эркин журналисттерди коргоо боюнча чараларды көрүүнү убада кылып, 2023-жыл соңку кезде кабарчылар эң көп каза тапкан жыл болгонун айтты.

— Мындан тышкары былтыр дүйнө жүзүндө 300дөн ашуун журналист түрмөгө отургузулду – бул соңку он жылдыктардан берки эң жогорку көрсөткүч. Орусияда америкалык журналисттер Эван Гершкович жана Алсу Курмашева Wall Street Journal басылмасында жана “Эркин Европа/Азаттык” радиосунда иштегенине байланыштуу түрмөгө отургузулушту. Биз өзүнүн жумушун аткарганы үчүн гана темир тор артында калган бардык журналисттердин тез арада жана эч кандай шарт коюусуз бошотулушуна чакырабыз", — деди Байден.

АКШ президенти Орусиянын башчысы Владимир Путинди Курмашеваны жана Гершковичти эркиндикке чыгарууга 30-апрелде да чакырган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, журналист Алсу Курмашева 2023-жылдын октябрынан бери Орусиянын курамындагы Татарстандын борбору Казанда камакта отурат. Аны "чет элдик агент" катары каттоого алуу керектигин бийликке билдирген эмес деп айыптап жатышат. 2023-жылы 11-декабрда ага "Нет войне. 40 историй россиян, выступающих против вторжения в Украину" деген китеп үчүн орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан деген негизде дагы бир иш козголгону маалым болгон. Андан мурдараак, 11-октябрда Казан соту Курмашеваны "экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес" деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айып салган.

"Мемориал" укук коргоо долбоору Курмашеваны саясий туткун деп жарыялаган.

"Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму Курмашева жарым жылдан бери адам чыдагыс жана басынтуучу шартта кармалып турганын белгилеп, орус бийлигин аны тез арада бошотууга чакырган.

АКШнын жана Орусиянын жараны, Чехиянын борбору Прагада жашаган Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барган. Июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.

Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.

The Wall Street Journal басылмасынын Орусиясынын Екатеринбург шаарындагы кабарчысы, тыңчылыкка айыпталып жаткан 32 жаштагы америкалык Эван Гершковичтин камактагы мөөнөтүн Москва шаардык соту быйыл 26-мартта 30-июнга чейин узарткан.

Гершковичти 2023-жылы 29-мартта Екатеринбургдан кармап кетишкен. Эртеси күнү Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматы (ФСБ) журналист тыңчылыкка айыпталып жатканын, ал "америкалык тараптын тапшырмасы менен Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине караштуу ишканалардын биринин ишмердиги жөнүндө мамлекеттик сыр деп аныкталган маалыматтарды чогултуп жүргөнүн" билдирген.

Гершкович өзү жана The Wall Street Journal басылмасы мындай айыптоону четке кагып келишет. АКШ администрациясы журналистке тагылган айыпты "күлкү келерлик" деп атаса, өлкө президенти Жо Байден анын кармалышын "таптакыр мыйзамга туура келбейт" деп баалаган.

Орусияда тыңчылыкка айыпталып Гершковичтен тышкары дагы бир америкалык жаран - мурдагы деңиз аскери Пол Уилан камакта отурат. Ал да орус тарап таккан айыпты саясий мүнөзгө ээ деп четке кагып келет. (RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG