Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Талас милициясы жаш активисттерди кармап кеткени айтылууда


23-августта Таласта өткөн жаштар жыйынынын катышуучулары милиция тарабынан куугунтукталып жатат. Бул тууралуу аталган жыйындын демилгечиси болгон “Эркин эл” саясый партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков билдирди.

- Биз 20-сентябрда өтчү курултайга даярдык катары жыйын өткөргөнбүз. Анда облустагы сугат суу маселеси, чек ара жана аймактагы Шыралжын кенине байланыштуу орчундуу маселелер боюнча кеп болгон. Облустук милиция болсо ошол жыйынга катышкан 3 жигитти кармап кетти. Учурда алардын жакындары облустук милициянын алдында нааразы болуп турушат, - деди Аскарбеокв.

Деген менен облустук милиция бул маалыматты жокко чыгарып, облус милициясынын алдына чогулган 30-40 адамдын аталган курултайга тиешеси жок экенин айтууда. Талас облустук милициясынын башчысы Чолпон Турдугуловдун ишендиришинче, чогулгандар апрель айында Боо-Терек айылындагы окуяга байланыштуу кармалган 3 жигитти бошотууну талап кылууда. Кармалгандарга бейбаштык, бийлик адамына карата зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

3-апрелде аталган айылда жергиликтүү эл менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, милициянын автоунаалары өрттөлгөн. Жергиликтүү эл Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып, Талас-Тараз жолун жабышкан. Жол тоскондор менен милициянын ортосунда кагылышуу чыгып, бир нече жергиликтүү тургун жана милиция кызматкери жабыркаган. (UEz)

XS
SM
MD
LG