Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Кыргызстан-Азербайжан: мунай соодасы ниет бойдон калабы?


Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга иш сапары аяктады. Кыйла жылдан бери эле мунайдан Орусияга көз каранды болуп келе жаткан Кыргызстан мунай менен газга бай Азербайжандан кара май ташып келе алабы? Азербайжандын арзан мунайын сатып алууга эмне токсоолдук кылат?

Президент Жапаровдун Азербайжанга мамлекеттик сапарынын алкагында энергетика, мунай ташуу боюнча документке да кол коюлду. Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Таалайбек Ибраев Азербайжандын энергетика министри Парвиз Шахвазов менен үч тармакта кызматташуу ниетин бекемдеген меморандум түзүштү. Анда эки мамлекеттин аймагындагы мунай кендерин чогуу изилдөө жана иштетүү, мунай жана күйүүчү май соодасы, энергетика тармагында кызматташуу каралган.

Мунай алуу дагы эле "ниет" бойдон

Мунай боюнча документке кол коюлганы менен, президенттердин деңгээлиндеги жолугушууда жана өлкө лидерлеринин биргелешкен билдирүүсүндө да бул маселе боюнча кенен сөз болгон жок. Министрликтин тараткан маалыматынан кызматташтык жөнүндө жалпы сөздөр болгону байкалат, азырынча конкреттүү план же макулдашуу боло элек. Мындан улам эки өлкөнүн мунай жана күйүүчү май соодасы кыска убакыт аралыгында жанданып кетет деп айтууга эрте.

Кыргызстандын Азербайжандан мунай ташып келүү ниети көптөн бери сөз болуп, ишке ашпай келатат. Мындан так эки жыл мурун президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапарынын алкагында да мунай маселеси күн тартибине кирип, бирок конкреттүү чечим боюнча расмий маалымат берилген эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Украинадагы согуштан кийин Орусияга салынып жаткан санкциялардын тушунда Кыргызстан бул маселеге кайра киришүүсү зарыл деген ойдо.

“Санкцияга байланыштуу маселе оорлошуп кетсе, бул бизге түздөн-түз таасир этет. Экинчиден, Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводду ишке киргизгени турабыз. Ушул жаатта иш кылам деген инвесторлор дагы келип жатат. Ушундан улам аларга даяр чийки зат керек болот. Ошондо Орусияга байланыштуу санкциялар болгон учурда да бизде альтернатива болот. Бул Түркмөнстан же андан жакын Азербайжан менен биргеликте гана ишке ашырылат. Бул маселенин саясий жагы бар, ошону чечип алсак, калганы реалдуу нерсе. Өкмөттүн бул жаатта конкреттүү пландары да бар”, - деди депутат.

"Саясий жагы чечилсе, Азербайжандан мунай ташыса болот"

Кыргызстанда жылына болжол менен 1,4 миллион тонна күйүүчү май керектелет. Маал-маалы менен күйүүчү майдын кымбатташы байкалып турат. Өкмөт майдын баасына таасир эте албастыгын, аны базар гана аныктай турганын айтып келет. Бирок өткөн жылы жайында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга мунай ташуучулар менен жолугушуп, күйүүчү майдын баасын кымбаттатпоону макулдашкан. Бул аракет кыска убакыт өз жемишин бергени менен, майдын баасы базарга жараша өзгөрүп келатат.

Кыргызстандагы мунай ташуучулар биримдигинин жетекчиси Канат Эшатовдун айтышынча, убагында жеке компаниялар Ирандан күйүүчү майды ташып келип көрүшкөн.

“Сатып алып, бардык салык акциздерди, төлөмдөрдү төлөп, өлкөгө жеткиргенден кийин кымбат түшүп калат экен дешти. Азербайжан менен сүйлөшүү жүрүп, пошлина жана төлөмдөрдөн жеңилдик болсо, бизге ыңгайлуу эле болот. Бизде Кыргызстанда ири жана чакандарын кошкондо, 11 мунайды кайра иштетүүчү завод бар. Айрымдары айына 5 миң тонна чыгарат. Баары толук кубаттуулукта иштесе, сапаттуу жана арзан да күйүүчү май чыкмак. Баарын кошкондо, жылына 2 млн тонна мунайзат чыгарууга мүмкүнчүлүк бар”, - дейт Эшатов.

Кремлдин карааны

Кыргызстан энергетиканын эки маанилүү ресурсу – мунай менен газдан Орусияга көз каранды болуп келет. Анткени Орусия ЕАЭБдин алкагында Кыргызстанга жыл сайын 1 миллион тоннадан ашык күйүүчү майды алымсыз (пошлинасыз) сатат. Мындан он жыл мурда “Кыргызгаз” ишканасын сатып алган “Газпром” ишканасы Кыргызстанды газ менен камсыз кылуучу жалгыз компания болуп эсептелет.

Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакытбек Жумагулов экономикалык тыгыз кызматташтык деп мүнөздөлгөн мындай абал Кремлдин Кыргызстанга таасирин арттырып, саясий маселелерди чечүүнүн бир куралы болуп калганын белгиледи:

“Узак же кыска мөөнөттүү болсун, бардык эле ушундай маанилүү маселелерде ЕАЭБ жана Орусия менен эсептешип турушубуз керек болуп калган. Келечекте ЕАЭБдин тагдыры кандай болору тууралуу суроолор көп. Бирок азыркы учурда ал уюм иштеп жатат. ЕАЭБге киргенибиз, "Кыргызгазды" Орусияга сатканыбыз бизди көз көз каранды кылып койгон. Кыргызстан энергетикалык башка булактарды издесе болот, бирок дайым Орусиянын кабак-кашын карап, ошого жараша иш кылууга аргасыз болуп турат”.

Кыргыз өкмөтү мунай базасын бекемдөөдө ички мүмкүнчүлүктөрдү колдонорун белгилеп, бул жаатта иштер башталганын кабарлаган. Кара-Балтадагы 2019-жылы иши токтоп калган “Жунда” заводу быйыл күзүндө ишин жандантары айтылса, Баткенде күнүнө 500 тонна күйүүчү майды чыгара турган заводдун курулушу жүрүп жатканы маалым болду.

Кыргызстан май жана газга бай Азербайжан менен бирге өлкө аймагына жылына 2 млн тонна мунайды кайра иштетүүчү завод курууну 2012-жылы макулдашып, бирок ал кийин ишке ашпай калган.

Буга сырьёну Азербайжандан ташып келип, аны кайра иштетүү наркы кымбатка туруп калары бир себеп катары айтылса, экинчи жактан Кыргызстанга күйүүчү майды жалгыз экспорттогон Орусиянын кыйыр таасири да белгиленип жүрөт. Ошондон бери Кыргызстан мунай импорттоо ишинде башка өнөктөш таба элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG