Футбол боюнча Кыргызстандын өткөн жылкы чемпиону, Оштун “Алай» клубу быйыл чемпиондук наамын сактай албады. Бул тууралуу мамлекеттин футбол лигасынын маалымат катчысы Базарбек Абдураимов маалымдады. Анын айтымында 18-октябрь күнү, Кант шаарында Топ лиганын 17-турунда “Алай” “Абдыш-Ата” клубу менен беттешип, 2:0 эсебинде утулду.
Чемпиондукка ат салышып жаткан командалар арасында азыр “Дордой” алдыда келатат. Аларда 41 упай бар. Экинчи тепкичте 36 упай менен “Абдыш-Ата” турат. “Алга” клубу 32 упай менен 3-орунда. Ал эми “Алай” 29 упай топтоп, 4-орунга чыкты.
2014-жылдын чемпиону 5-ноябрда аныкталат. Оюн талаасында “Дордой” менен “Абдыш-Ата” чечүүчү беттеш өткөрөт.
Быйылкы Топ лигада 8 команда ат салышты. Аз упай топтогон командалар - “Алдиер”, “Нефтчи”, “Ала-Тоо” жана “Манас” негизги олжо үчүн эмес, 5-8 орундар үчүн беттешет. (ECh)