Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:34

Үркүн: мемориалдын жерин кайтаргыла


Үркүн: мемориалдын жерин кайтаргыла
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

Бишкекте 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарынын элесине арнап тарыхый эстелик орнотуу үчүн бөлүнгөн жерге мемориал тургузуу талабын койгон жарандык акция өттү. Кечээ кечинде шаардын "Түштүк дарбазасында" 100гө жакын адам чогулуп, 1916-жылды символдоштуруп туура 7ден 16 мүнөт өткөндө кол кармашып 16 мүнөт турушту. Муну менен алар бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылганын айтышты. 1993-жылы өкмөт "Ашар" кыймылына "Орто-Сай" бакчасында мемориалдык комплекс ачуу үчүн 2,5 гектар жер бөлүп берген. Бирок ошондон бери иш дээрлик жылбай турат. Болгону бир эстелик таш орнотулуп, анын тегерегине түрдүү кафе-ресторандар ачылган.

XS
SM
MD
LG