Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:14

Абдувалиев: Тыныстановдун латын ариби эң жакшы болгон


Абдувалиев: Тыныстановдун латын ариби эң жакшы болгон
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:35 0:00
Түз линк

Ала-Тоодогу кыргыз эли сталинизм заманында үч башка жазма колдонду. Кыргызстан X кылымдан 1928-жылга чейин араб тамгасын, андан кийин 1940-жылга чейин латын арибин, андан бери кирил жазмасын колдонуп келатат. Латын жазмасы турмуштун айрым тармактарында чаржайыт колдонулууда. Кыргызстан 1991-жылы калыбына келтирген эгемендик тушунда кайрадан улуттук алфавитти жаңылоо демилгеси көтөрүлүп, түрк тилдүү пост-советтик республикалардын бир тобу латын тамгасына көчтү. Бул маселе Кыргызстанда 1991-жылдан тартып ургаалдуу козголгону менен, кийинки кездери талкууга салынбай, талаш-тартыш чакырбай токтолуп турат. Коңшу жумурияттарда колдоо тапкан демилгенин Кыргызстанда "дымып" туруп калышынын себебин сурап, белгилүү тилчи окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, профессор Ибраим Абдувалиевди кепке тарттык.

XS
SM
MD
LG