Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Дарыгерлердин укугу боюнча жыйында блогерлердин маселеси көтөрүлдү


Коомдук талкууга катышкан дарыгерлер.
Коомдук талкууга катышкан дарыгерлер.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 28-мартта дарыгерлерге иш учурунда кол салгандарга жазаны күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча парламент депутаттары катышкан коомдук угуу өттү. Жыйынга Бишкек шаарындагы ооруканалардын дарыгерлери, медициналык окуу жайлардын мугалимдери жана студенттер катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Демилгечилердин бири Жанарбек Акаев медицина кызматкерлерине кол көтөргөндөр үчүн атайын берене жок экенин белгиледи.

"2023-жылы 2125 дарыгер иштен кетиптир. Жүздөгөн медицина кызматкерлери Орусия жумуш издеп кеткен учурлар бар. Мындан тышкары, дарыгерлердин айлык маянасын да көтөрүүнү демилгелейбиз, ошол эле убакта алардын жоопкерчилиги да күчөйт", - деди Акаев.

Жыйында дарыгерлер айлык маянанын аздыгы, бейтаптар кол салган учурлар жана жумуш учурунда уруксатсыз кирген блогерлер маселесин көтөрүштү.

"Бул блогерлерге мыйзам чегинде чара колдонсо болобу? Блогерлер жоопкерчиликсиз адамдар экен. Адамдарды жаман көрсөтүп, мекеменин аброюн түшүрүп кетип калат экен. Канчалык ак болсоң дагы кийин далилдей албайт экенсиң", - деди дарыгерлердин бири.

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты иш учурунда медициналык кызматкерлердин ден соолугуна залал келтиргендерге жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун 13-мартта коомдук талкууга алып чыккан.

Ага ылайык, дарыгерлердин ден соолугуна жеңил залал келтирип, олуттуу эмес материалдык зыян кылгандарды эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу же 200 миңден 500 миң сомго чейин айып салуу сунушталды. Долбоордо медициналык кызматкерлердин ден соолугуна өзгөчө оор залал келтиргендерди үч жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Кыргызстанда акыркы учурларда өз милдетин аткарып жаткан медкызматкерлерге кол салуулар көбөйдү. 19-февралда Бишкектеги Улуттук госпиталдын Травматология бөлүмүнүн медайымын бейтаптардын биринин тууганы сабаган.

Февралдын башында Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин бейтаптын жакындары ур-токмокко алган. Ак халатчандарды урду деп айыпталган адамды милиция кармап, кийин ал үй камагына чыккан.

Ушундай эле окуя ага чейин Бишкекте да болуп, медкызматкерлер менен бейтаптардын мамилеси талкууга түшкөн. Былтыр сентябрда Кара-Суу районунда “Тез жардамдын” догдурлары кол салууга кабылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG