Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Шойгу жетектеген мекемедеги "Санта-Барбара" кантип аяктайт?


Владимир Путин, Сергей Шойгу и Тимур Иванов, коллаж
Владимир Путин, Сергей Шойгу и Тимур Иванов, коллаж

Орусияда коргоо министринин орун басары, армиядагы башкы "куруучу" аталган Тимур Ивановго министрликтин буюртмасы менен жүргүзүлүгөн курулуштардын бирине деп мамлекеттен каражат бөлүнгөндө ал "өзгөчө ири өлчөмдө пара алган" деген айып тагылууда.

Жемкорлук же чыккынчылык

Адвокат Мурад Мусаевдин айтымында, Иванов курулуш жүргүзгөн ишканага жардам берген, ал ишкана өз кезегинде анын жеке курулуш иштерин бүтүрүп берген деп айыпталууда.

Бул үчүн тар чөйрөдө министр Сергей Шойгунун "оң колу" катары таанымал, аскерлерди турак жай менен камсыздоого, аскердик курулуш жана ипотека маселесине жооптуу Иванов 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, Ивановго иш козголушун Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) аскердик контрчалгын департаменти көзөмөлдөгөн. Ал "кылмыштуу ишин башка бир адамдар менен келишип алып» жүргүзгөн деп айыпталып жатат, ушул эле иш боюнча бир нече киши кармалды.

Айрым орусиялык басылмалар Иванов чынында «мамлекетке чыккынчылык кылган» деп шек саналып, аны камакка алуу буйругун президент Владимир Путин өзү бергенин жазып жатышат.

Мындай божомолун "Важные истории" басылмасы ФСБдагы кеминде эки булагына таянып жазды. Алардын бири "Коррупция үчүн аны эч ким кармамак эмес, себеби тигил жактагылар анысын билишчү. Путин бул жерде кеп чыккынчылык тууралуу болуп жатканын билгенден кийин команда берди. Азыр эмне кылуу керектигин чечип жатышат – же паракорчулук деп аягына чыгарышат, же кылмыш ишин мамлекетке чыккынчылык деп өзгөртүшөт", - деп айтып берди.

Тимур Иванов сот залында, 24-апрель, 2024-жыл
Тимур Иванов сот залында, 24-апрель, 2024-жыл

Журналисттер Ивановго чын эле чыккынчылык тууралуу айып тагылып жатабы деп Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго суроо узатышты. Мындай сөздөрдү ал "чайкоочулук" деп айтты:

"Азыр расмий маалыматка гана караш керек. Анын үстүнө, тергөө жүрүп жатпайбы. Бул боюнча айтылып жаткандын баары спекуляция (чайкоочулук) гана".

Песков менен үй-бүлөлүк тыгыз байланышта, достук мамиледе экени айтылып келген Тимур Иванов 2022-жылы декабрда жарыяланган атайын иликтөөнүн башкы каарманы болгон. Абакта белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын командасы жарыялаган бул иликтөөдө айына 112 миң рубль маяна алган Иванов жана анын мурдагы жубайы Светлана Иванова эс алууга, кымбат баалуу кийим, буюм сатып алууга, вилла жана яхта ижарасына миллиондогон каражат сарптаганы айтылган.

Ушул эле иликтөөдө Орусия катуу кармаштан кийин ээлеп алган украиналык Мариупол шаарында үй куруп жаткан фирма Ивановдун мурдагы аялынын жеке чыгымдарын кантип каржылаганы тууралуу да баяндалган.

1 миллион евролук эс алуу

Светлана Иванова тууралуу иликтөөдө айтылгандай, алар 2009-жылы баш кошкондон тартып жыл сайын Франциянын Жер ортолук деңиздеги жээгине барып эс алып турушкан, 2013-2018-жылдары Сен-Тропе шаарындагы вилланын ижарасына кеминде 850 миң евро, яхтага 250 миң евро төлөшкөн. 2011-жылы 120 миң еврого Rolls-Royce Corniche сатып алышып, аны 75 миң еврого реставрация жасатышкан.

Иванованын Dolce & Gabbana көйнөктөрүнүн бири 52-94 миң еврого бааланган, 2018-жылы Стамбулда 178 миң еврого туулган күн өткөргөн, 2020-жылы эле ал жалпысынан 109 миллион рубль сарптаган.

Ошол эле иликтөөдө Иванованын айрым "керектөөлөрүн" башка адамдар же компаниялар, мисалы, Орусиянын Коргоо министрлигине тийиштүү курулуштарды жүргүзгөн негизги компаниялардын бири "Олимпситистрой" төлөгөнү, бул ишкана менен байланышы бар дагы бир фирма Ивановдордун Волга суусунун боюндагы дээрлик 3 миң чарчы метрлик үйүнүн ремонтун каржылаганы айтылган.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын март айында Иванова Францияга барып кызына, андан соң Улуу Британияда окуган уулуна да жолугуп келген. Парижге барып, айтылуу зергер Жоэл Артур Розенталдын дүкөнүнө кирип, Prada бутигинен 8 миң еврого кийим сатып алган.

Ошол эле жылы жайында жубайлар ажырашкан. Октябрда Тимур Иванов Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирген. Светлана Иванова болсо Европа өлкөлөрүнө эч тоскоолдуксуз барып-келип жүрөт, демек, иликтөөдө айтылгандай, ага санкция жарыяланган эмес.

Светлана менен эки башка жолго түшкөндөн кийин, Навальныйдын командасы чыгарган иликтөөдө айтылгандай, Иванов ушул эле министрликте иштеген дагы бир жетекчи – министр Шойгунун ишенимдүү үзөңгүлөшү, орун басары Мария Китаевага үйлөнгөн.

Шойгунун орун басарларын байлаган үй-бүлөлүк "үчилтик"

Шойгунун жардамчысы болуп, 28 жашында генерал-майорлукка жетип, көп өтпөй анын орун басарлыгына дайындалган Мария Китаевага да өзүнчө иликтөө арналган. Ивановго чейин ал Шойгунун дагы бир орун басары – Юрий Садовенконун жубайы болгон, экөөнүн ортосунда эки кыз, бир уул бар.

Инстаграмдагы 1,5 миңдей сүрөтүн жана башка маалыматтарды изилдеп чыккан иликтөөчүлөр тобу Китаева да жалтыраган жашоону жакшы көргөн аял экенин, кол сааттарынын биринин эле баасы 3,6 миллион рубль турарын, кышында Куршавелде, жайында Италияда, жаз-күз айлары Дубайда гана эс аларын аныктап чыгышкан.

"Сизди, сиздин тааныш, дос, тууган адамдарыңызды Украинага барып киши өлтүрүүгө, өзүңөрдү да өлүмгө айдап жаткан адамдардын чыныгы жашоосу кандай экенин айтып беребиз", - деп айтылат бул иликтөөдө жана 2019-жылы Китаева Италиянын курортунда бир айга 2,5 миллион рубль төлөп, ижарага вилла алып жашаганы, кышында жыл сайын Австрияга барып Рождество майрамын белгилей турганы жөнүндө баяндалат. Акча ченемин билбеген кооз жашоо тууралуу мындан башка да мисалдар келтирилет.

Китаеванын апасы Нина Китаева Москвада курулуш тармагын көзөмөлдөп келген киши, бир тууганы Денис девелоперлик бизнес жүргүзөт.

"Согуш - ар бир жемкордун эңсеген кыялы.."

Расмий маалыматка караганда, Тимур Иванов 49 жашта. 1999-2012-жылдары отун-энергетика комплексиндеги ишканаларда, кийин Москва облустук өкмөтүндө иштеген. 2013-2016-жылдары "Оборонстрой" ишканасынын башкы директору болгон. 2016-жылы коргоо министринин орун басары болуп дайындалган. АКШ, Европа Биримдиги, Улуу Британия жана Канада Ивановго каршы санкция жарыялашкан.

Ивановго чыккынчылык боюнча тагылып жаткан айып канчалык негиздүү болушу ыктымал? "Свобода" радиосу бул суроону орусиялык "Досье" долбоорунун иликтөөчүсү, журналист Илья Рождественскийге узатты:

"Ивановдун ишинде эч кандай чыккынчылык маселеси болбойт деле деп ойлойм. Себеби анда Коргоо министрлигинде, министр Сергей Шойгунун жанында 11 жылдан бери чыккынчы, душман жана чалгынчы адам иштеп жүргөн дегенди кабыл алыш керек болот. Иванов чыккынчы деген анча коошпогон сөз. Себеби, ал өмүр бою мамлекеттик структураларда акча бөлүштүрүп иштеген. Ал эми мамлекетке чыккынчылык деген – бул мамлекеттик купуя сырды ачкан, чет элдик чалгын кызматы менен кандайдыр бир сүйлөшүү жүргүзүүгө байланышкан олуттуу берене".

Тимур Иванов – үч жылдан бери Украинада согуш жүргүзүп жаткан Орусиянын башкы аскердик мекемесиндеги экинчи адам.

Саясат талдоочу Федор Крашенинников анын кармалышы согушту колдогон орусиялыктар арасында суроо жаратпай койбойт деп эсептейт. Себеби, анын пикиринде, кадимки уурулук “Мекендин коргоочусу” деген образга дал келбейт. Анын үстүнө, талдоочу белгилегендей, согуш – ар бир жемкор кызматкердин кыялы:

"Патриоттордун көз карашынан алып караганда, бул – орус армиясынын кадыр-баркына урулган сокку. Себеби “келгиле, баарыбыз Мекен коргоочуларын жана алардын жетекчилигин колдойбуз, алар азаматтар” деген маанайдагы өнөктүк жүрүп жатса, коргоо министринин орун басары катардагы ууру катары кармалганы кызык. Коррупция канчалык чоң болсо, согуш ошончолук көп – анткени уурдалгандын баарын согуштун шылтоосу менен жаап-жашырып койсо болот. Согуш – жемкорлордун кыялы, алар согуш бүтпөсө экен дешет, себеби ошондон байышат".

"Бирин бири "кемире" баштаганы жакшы..."

Ивановдун кармалышы тууралуу кабар социалдык түйүндөрдө түрдүү реакция жаратууда. Оппозиция шылдыңдап, бийликчил блогерлер кубаттап, ал эми айрымдар кубанууга да, өкүнүүгө да негиз жок экенин жазып жатышат.

Бирок, кандай болгон күндө да, эки жылдан ашуун убакыттан бери кошунасы Украинаны болгон куралы менен аткылап, элин кырып, шаарларын талкалап жаткан Орусиянын жогорку бийлик башындагылары арасындагы мындай окуянын бир жакшы жагы бар экенин аскердик эксперт Ян Матвеев жазды:

“Ивановго иш козголгонунун бир жакшы жери – алар бири-бирин кырчылдашып “кемире” баштаганы. Кандай гана кырчылдашуу болбосун, негизги “ишинен” алаксытып, согушка бурулган көңүлдү азайтып, күчүн бири-бирин “кемиргенге” кетирет. Путинге ишенбөөчүлүк жана тегерегиндеги чыңалуу канчалык көп болсо, ошончолук жакшы”.

24-апрелде Москванын Басман райондук сотунун чечими менен Иванов эки айга "Лефортово" тергөө абагына камалды. Анын кыймылсыз мүлкү, активдери жана банк эсептери да камакка алынды. ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, азыркы, мурдагы аялдарына, өзүнүн жана аялдарынын балдарына катталган мүлк да камалды.

Министр Шойгу камалган орун басарын кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG