Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:26

Кирби Газага жеткирилген гумжардам кыйла көбөйгөнүн билдирди


Газа. 2024-жылдын 14-апрели.
Газа. 2024-жылдын 14-апрели.

Газа секторуна көбүрөөк гуманитардык жардам жеткирүү мүмкүнчүлүгү ачылганын бүгүн 15-апрелде АКШ администрациясынын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби билдирди.

Анын айтымында, анклавга жеткирилип жаткан гумжардам көлөмү соңку күндөрү кыйла көбөйдү. Кирби Кошмо Штаттар мындай жардамдын уланышын көзөмөлдөшү керек экенин белгиледи.

«Соңку бир нече күндө жардам кыйла көбөйдү. Бул өтө маанилүү. Муну колдоо керек», — деди Кирби MSNBC телеканалына курган маегинде.

Ал Газа анклавына 2 миңдей оор жүк ташуучу машина, анын 100гө жакыны соңку 24 саат ичинде киргенин кошумчалады.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) кол салуусуна кабылып, ага каршы согушу Газада азыр да уланууда. Кол салуу 1200дөй кишинин өмүрүн алган. ХАМАС 250дөй кишини Газага барымтага алып кеткен.

Чабуул жүрүп жаткан аймактардан качкан жай тургундар ачарчылыкка кептелип, гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары белгилөөдө.

Согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандар 33 миңден ашканын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө, курмандыктар 32 миңден ашуун экенин өткөн аптада БУУ да тастыктаган.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG