Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:26

"Ачык коом" фонду Кыргызстандагы ишин токтотуп жатканын жарыялады


Бишкек шаарынын тургуну Асел Супатаева “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыкты. 2023-жылдын 10 июну. Бишкек.
Бишкек шаарынын тургуну Асел Супатаева “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыкты. 2023-жылдын 10 июну. Бишкек.

«Ачык коом» фонддору Кыргызстанда эл аралык булактардан каржылануучу жергиликтүү уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча кабыл алынган мыйзамдан кийин бул өлкөдөгү өкүлчүлүгүн жаап жатканын билдирди. Бул тууралуу маалымат уюмдун расмий сайтына бүгүн 15-апрелде жарыяланды.

Анда аталган мыйзам «чектөөчү жана так эмес эрежелерди» киргизип жатканы белгиленди.

«Ачык коом» фондунун президенти Бинайфер Новрожи фонддун 30 жылдагы жетишкендиктери тууралуу айтып, «Фонд жана анын өз ишине берилген кызматкерлери Кыргызстандын бардык аймагында жашаган карапайым элдин демократияга жана ачык коомго карай умтулууларын колдоого багытталган маанилүү жардамын көрсөтө алышты. Биз бул иш эми уланбай турганына жана аталган репрессивдүү мыйзам жарандык коомду белгисиздик жана коркутуу атмосферасында иштөөгө аргасыз кылып жатканына терең кайгыруудабыз», - деп белгиледи.

«Сорос-Кыргызстан» («Ачык коом» фонду) фонду 1993-жылы ачылып, 115 миллион долларга билим берүү, саламаттык сактоо, санарип технологиялар, сот адилеттигин жана юридикалык жардамды реформалоо тармактарында бир топ долбоорлорду жарандык коом жана өкмөт менен биргеликте ишке ашырды.

«Тилекке каршы, жаңы мыйзам боюнча эми өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жасалып жаткан аракеттер «чет элдик өкүлдүн» иши деп атала баштайт», - деп белгиледи уюм.

Президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” талаштуу мыйзамга 2-апрелде кол койгон.

Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Сорос негиздеген "Ачык коом" фонддору быйылкы жылдан тартып Европа өлкөлөрүндөгү программаларын кыскартарын, анын ордуна Европа Биримдигине мүчө эмес же аймактагы жакыр өлкөлөрдөгү ишмердигин кеңейтерин бир катар эл аралык басылмалар аталган фонддун ички кат алышууларына таянып былтыр жазып чыгышкан.

Соростун фонддорунун Европадан кетип жатканына байланыштуу айрым укук коргоочулар камтамачылык билдиришкен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG