Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:21

Бишкектин мэри орун басарынын камалышына байланыштуу комментарий берди


Айбек Жунушалиев
Айбек Жунушалиев

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев орун басары Максат Сазыкуловго карата козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берип, ал аким болуп турган кезиндеги аракеттери боюнча шектелип жатканын билдирди. Бул тууралуу Жунушалиев 16-апрелде маалымат жыйынында айтты.

“Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аркалаган адам ар кандай чечимдерге даяр болушу керек. Сазыкуловго атайы органдардын суроолору ал аким болуп турган мезгилге туш келүүдө. Алар баарын аныктап, карап, туура чечим чыгарат деп ишенип турабыз", - деди Жунушалиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармалганын 15-апрелде расмий билдирди.

Ага шаардан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз берген, аянтты көрктөндүрүүгө жумшалган каражатты ашыкча көрсөткөн деген айыптар коюлууда. Аны менен кошо дагы бир ишкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Максат Сазыкулов буга чейин мэрияда ар кандай кызматтарда иштеп келген. 2021-жылдан 2022-жылга чейин Бишкек мэринин экономикалык маселелер боюнча орун басары болгон. Андан кийин Биринчи май районунун акими болуп иштеген. 2023-жылы кайра октябрь айында вице-мэр кызматына дайындалган. Анын адвокаттары менен жакындары коюлган айып боюнча комментарий бере элек.(KS/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG