Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Кара-Сууда ыдык көрдү делген кыздын жакындары чогулуш өткөрдү


Отуз-Адыр айылдык маданият үйү. 16-апрель, 2024-жыл.
Отуз-Адыр айылдык маданият үйү. 16-апрель, 2024-жыл.

Зордолгон наристенин жакындары 16-апрелде Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылынын маданият үйүнө чогулду. Алар зордолду деген кыздын укугу тиешелүү түрдө корголушун талап кылып, айылдагы коопсуздук маселесин көтөрүштү. Айылдарда алкоголдук ичимдик саткан дүкөндөрдү тартипке чакыруу талабын коюшту.

Кара-Суу райондук милициясы 15-апрелде Отуз-Адыр айылынын 31 жаштагы тургуну беш жашар кызды зордуктоого шек саналып кармалганын маалымдаган.

Иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адам уурдоо") жана 155-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер") боюнча кылмыш иши козголуп, жабырланган кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Зордолгон наристенин жакындары 15-апрелде кечке жуук милициянын ишине нааразылык билдирип, райондук прокуратуранын имаратынын алдына чогулушкан. Алар кызды апасы менен дагы эле милиция имаратында кармап турушканына нааразы болушкан.

Прокуратура кызматкерлери алардын арызын кабыл алып, териштирүү жүрүп жатканын кабарлашкан. Нааразы болгон топ милиция имаратынын алдына барып, кызды ооруканага жаткырууну талап кылышкан.

Учурда жабырлануучу кыз ата-энесинин жана дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматында, Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1832 кылмыш жасалган. Мунун ичинен 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220ы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.

Кыргызстандын акыйкатчысы 2022-жылы өлкөдө жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, териштирүү этабында калган. (DSh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG