Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:40

16-апрель: Жоламан Шаршенбеков Азиянын чемпиону болду, Тажикстан түрк жарандарына виза киргизди


Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону Жоламан Шаршенбеков
Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону Жоламан Шаршенбеков

16-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

  • Кыргызстанда "Сорос Кыргызстан" («Ачык коом») фонду жабылды

"Сорос Кыргызстан" фонду эл аралык булактардан каржылануучу жергиликтүү уюмдардын ишмердиги боюнча кабыл алынган мыйзамдан кийин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн жаап жатканын 15-апрелде жарыялаган. Кыргызстандын президенттик администрациясынын өкүлү "Соростун" жабылышын жакында президент Жапаров кол койгон "Чет элдик өкүл" мыйзамына байланыштыруу туура эмес деп билдирди. Фонддун өкүлчүлүгү 1993-жылы ачылып, 115 миллион долларга билим берүү, саламаттык сактоо, санарип технологиялар, сот адилеттигин жана юридикалык жардамды реформалоо тармактарында бир топ долбоорлорду жарандык коом жана өкмөт менен биргеликте ишке ашырды.

  • Ататүрк паркындагы курулуштарга уруксат берген мэриянын 124 токтому жокко чыгарылды


Бишкектен мэри Айбек Жунушалиев билдиргендей, мэрия Ататүрк паркынын мурунку чек арасын калыбына келтирүү үчүн атайын чечим кабыл алып, буга чейинки жер берүү боюнча чыккан 124 токтом жокко чыгарылды. Учурда парктын аймагына курулган 198 обьекттин ээлерине билдирүү берилүүдө. Жунушалиев парктын аймагынан турак-жай курууга жер тилкелерин берүүдө кол коюп, уруксат берген ошол кездеги жетекчилердин да жоопкерчилиги караларын айтып, прокуратура органдарына кайрылганын кошумчалады. Бишкек шаардык мэриясы Ататүрк паркын баштапкы калыбына келтирүү үчүн паркка таандык 43 гектар жерди кайтарып алууну көздөөдө.

  • Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Жоламан Шаршенбеков жеңди


Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмак ченинде жапониялык Каито Инабаны жеңип, чемпион болду. Ал жарым финалда ирандык атаандашы Амирреза Дехбозоргини 11:0 менен утуп, финалга чыкты. Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта биринчи беттешинде монголиялык балбан Ганбаяр Намсрайды 14:0 менен утту. Чейрек финалда казакстандык Алматбек Аманбекти 7-1 менен жеңди. Жарым финалда Түштүк Кореядан келген Ханжае Чонгду 2:1 менен утуп финалга чыкты. Финалда ирандык балбан Саед Мурад Исмаили менен күрөшөт. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

  • МАГАТЭ Запорожье АЭСинде өзөктүк авария коркунучу жогорулаганын эскертти

Украинанын Запорожье атомдук электр станциясына (АЭС) жасалган дрон чабуулдары өзөктүк авария коркунучун жогорулатканын БУУнун Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси билдирди. Дүйшөмбүдө ал БУУнун Коопсуздук кеңешин коркунуч деңгээлин төмөндөтүү үчүн бардык аракетти көрүүгө чакырды. 7-апрелден бери бул АЭС бир нече жолу дрон чабуулуна кабылды. Бул учүн Украинаны да, Орусияны да айыптап жатышат. АЭСте иштеп жаткан эл аралык адистер тобу соңку сокку энергоблоктордун биринин реактор жайгашкан имаратынын коргоо катмарына тийгенин билдирди. Радиологиялык кырсыкка жетпегени менен Гросси ядролук коопсуздукка ансыз да коркунуч жаралган АЭСте кооптонуу бардыгын белгиледи.

  • Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы акцияда 14 киши кармалды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, борбор калаа Тбилисиде өткөн акция учурунда полициянын бир кызматкери жараат алды, ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Тбилисиде жана башка шаарларда «чет элдик агент» мыйзамына каршы акциялар 15-апрелде эртең менен башталган. Мыйзам долбоору парламенттин юридикалык комитетинде каралып жаткан учурда сыртта митингчилер топтоло баштаган. Акция кечинде да уланып, ага, журналисттердин айтымында, бир нече миң киши катышты. Митинг уланары кабарланган.

  • Тажикстан түрк жарандарына виза режимин киргизгени кабарланды

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргендей, виза режими быйыл 20-апрелден тарта күчүнө кирет. Түркиянын жарандары мындан ары Тажикстанга сапар алардан мурун элчиликтен же консулдуктан виза алууга тийиш. Анкара менен Дүйшөмбү виза режимин киргизүү себептерин азырынча айта элек. Түрк басылмалары Анкаранын тажик жарандарынан виза талап кылган чечимине 22-мартта Москвадагы теракты ишке ашырган деп шектелип кармалгандардын тажикистандык экени жана алардын экөө Түркиядан учуп барганы түрткү болгонун жазууда. Жыл башында Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Түрк бийлиги алардын бирөө тажикстандык, экинчиси орусиялык экенин билдирген. Тажикстан менен Түркиянын ортосунда визасыз режим 2018-жылы киргизилген. Тажик жарандары Түркияда 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышчу.

  • Орусия: Тюмен облусунда да сел каптоо коркунучу жаралууда

Орусиянын Батыш Сибир аймагындагы Ишим шаарынын администрациясы Ишим суусунун деңгээли кооптуу чекке жеткенин, андыктан эвакуация зарыл экенин эскертти. Жергиликтүү бийлик суу дагы көтөрүлүп, майда көпүрөлөрдү агызып, эгин талааларын жана калктуу пункттарды байланыштырган ички жолдорду капташы ыктымал экенин билдирүүдө. Ишим шаарында 65 миң киши жашайт. Айрым тургундар коңшу Казан облусуна чыгып кетүүдө. Тюмен облусунун башчысы Александр Моор эвакуация талабын аткарбаган тургундарга айыппул салынарын эскертти. Коңшу Курган облусунда сел 880 үйдү каптаганын, кооптуу аймактардан дээрлик 13 миң киши эвакуация болгонун 15-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген. Томск облусунун Томск районунда, Бурятиянын Иволга районунда да суу каптоо коркунучунан улам жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат.

  • Грекияда Олимпиада оюндарынын оту жанды

Олимп оюндарынын отун жандыруу салтанаты Байыркы Олимпиянын Гера храмында өттү, ага Грекиянын президенти Катерина Сакелларопулу, Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах, Париждин мэри Анн Идальго катышты. Олимпиада отунун эстафетасы алгач Грекиянын аймагы аркылуу өтүп, 8-майда Франциянын Марсел шаарына жеткирилет. От жалпысынан 600 кишинин колунан өтөт. 33-жайкы оюндар Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG