Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Ататүрк паркындагы курулуштардын ээлерине 30 күн убакыт берилди


Ататүрк сейил багындагы турак жайлар. 15-апрель, 2024-жыл.
Ататүрк сейил багындагы турак жайлар. 15-апрель, 2024-жыл.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров борбордогу Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багынын аймагындагы объектилердин ээлерине 16-апрелден баштап парктын жерин муниципалитетке өз ыктыяры менен өткөрүп берүү боюнча эскертүүлөр бериле баштаганын билдирди.

Ал “Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” программасында ал үчүн 30 күн убакыт берилгенин, эгерде талап аткарылбаса мэрия сотко кайрыларын айтты.

Мэр Айбек Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушул тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген.

Шаар башкармалыгы Ататүрк паркын баштапкы калыбына келтирүү үчүн паркка таандык 43 гектар жерди кайтарууну көздөөдө. Ага ылайык, Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жыл, 25-июндагы №225 “СССРдин 50 жылдыгы “сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген. Мэр аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери 2000-жылдан 2008-жылга чейин Ататүрк паркынын аймагы азайып, жер тилкеси кантип жеке колго өтүп кеткенин иликтешкен. Ачыкка чыккан маалыматтарга караганда, мурдагы мэрлер Медетбек Керимкулов, Данияр Үсөнов, Арстанбек Ногоев жана Нариман Түлеевдин тушунда эки жүзгө жакын адам жер тилкесин алышкан. Алардын катарында мурдагы министрлер: Болот Абилдаев, Ильяс Давыдов, Мустафа Кидибаев, Курманбек Осмонов, Калыкбек Султанов, Турсун Турдумамбетов, Абдылда Суранчиев, Өмүрбек Кутуев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Александр Костюк; мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин апасы Мария Нанаева, Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Нариман Түлеев менен Кубанычбек Кулматовдун аталары Ташполот Түлеев менен Кеңешбек Кулматов, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мурдагы депутаттар, соттор, прокурорлор жана башка аттуу-баштуу адамдар бар.

“Арча демилгелери” коомдук фонду Бишкекте 2014-2021-жылдар аралыгында 479 гектар жашыл аймак жоголгонун аныктаган. Адистер буга суунун жетишсиздиги, бак-дарактардын каралбай калганынан тышкары мыйзамсыз курулуштар да себеп болгонун айтышат. Бул беш жүз гектарга жакын жашыл аймактын ичинде Ататүрк сейил багынын 43 гектары да бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG