Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Былтыр түрмөлөрдө 33 киши каза болду


Кыргызстандагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы Жаза аткаруу тутумуна кирген абактарда 33 киши каза болгон.

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун көпчүлүгүнүн өлүмүнө оору себепкер болгон. Ал эми былтыр жабык жайларда беш адам өз жанын кыйган.

"Былтыр 33 адам набыт болду, бешөө суицид. Калгандары түрдүү ооруларга байланыштуу. Учурда биз Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу абактардагы бейтаптарды мажбурлап дарылоону сүйлөшүп жатабыз. Былтыр жабык жайларда кармалып турган 300 адам саламаттык сактоо мекемелеринде дарыланып чыгышты", - деди Аскат Эгембердиев.

Ал абактагы каза болгондор башка өлкөлөрдө да катталарын билдирип, Жаза аткаруу кызматы анын санын кыскартуу аракетин көрүп жатканын белгиледи.

Баш прокурор Курманкул Зулушев прокуратура органдары жабык жайлардагы суицидге байланыштуу окуяларды текшерип, укуктук баа берилгенин кошумчалады. Ал кандай чара көрүлгөнүн тактаган жок. Баш прокурор быйыл жыл башынан бери жабык жайларда 12 адам каза болгонун билдирди.

Абактардагы коопсуздук маселеси Арстан Алай деген ат менен белгилүү коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев №31 түзөтүү мекемесинде каза тапкандан кийин талкууга түшкөн эле. Анын сөөгү быйыл 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде асынган абалда табылган. Коомдук ишмердин жакындары анын өз жанын кыйганына ишенбей турганын билдирген.

Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмүнө байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткарышы, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканын кабарлаган.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун маалыматында, 2019-2023-жылдарда жабык мекемелерде жалпы жонунан 23 адам өз жанын кыйган. Бул мезгил аралыгында абакта каза тапкандардын жалпы саны эки жүздүн айланасында экени айтылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG