Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Соңку бир жылда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 17 кызматкерге чара көрүлгөн


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Баш прокурор Курманкул Зулушев өткөн жылы үй-бүлө зомбулугуна байланыштуу 37 мамлекеттик кызматкерге чара көрүлгөнүн 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын маалымдашынча, бул багытта 55 текшерүү иши жүрүп, 140 мыйзам бузуу аныкталып, 56 прокурордук чара көрүү актылары түзүлгөн.

Ал мыйзамга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонууга жана сактоого 17 мекеме жооптуу экенин, жазага тартылгандар ушул мекемелердин кызматкерлери экенин тактады.

“Балдарга карата зомбулук боюнча 92 текшерүү жүрдү. 231 мыйзам бузуу аныкталды. 95ине чара көрүү актылары түзүлүп, үч кылмыш иши козголду. 78 адам жоопко тартылды. Мамлекеттик органдар менен бирге прокуратура профилактикалык иштерди жүргүзүп келет. Тилекке каршы, педофилдер, зордуктоо, жашы жете электер менен жыныстык катнашка баруу көбөйүп жатат”, - деди Зулушев.

Ал бул багытта катаал чараларды киргизүүгө негиз жок экенин, учурда иштеп жаткан мыйзамдар менен жооптуу мамлекеттик кызматкерлер өз деңгээлинде иш алып барышы керектигин кошумчалады.

Депутат Дастан Бекешев үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн жарандар катуу жазаланууга тийиштигин, болбосо коомдо мыйзамга ишеним азайып, өзүм билемдик менен жазалоо ыкмалары колдонула башташы мүмкүн деген пикирин билдирди.

Кыргызстанда кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулук фактылары байма-бай катталып, айрымдары өлүм менен аяктайт. WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялаган.

Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG