Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

ЖАК абакта сабалды делген соттолгондор тууралуу комментарий берди


№8 түзөтүү колониясында сабалган делген адамдардын денеси. Сүрөт Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордуку.
№8 түзөтүү колониясында сабалган делген адамдардын денеси. Сүрөт Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордуку.

Жаза аткаруу кызматы №8 түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткандар сабалганы тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматын четке какты. Мекеме 17-апрелде тараткан маалыматта жабык жайларда кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жагынан абактын кызматкерлери ар кандай тоскоолдуктарга кабылып жатканы айтылат.

Жаза аткаруу кызматы 25-мартта №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан 100-120дай адам мекеменин кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, мекеменин үч кызматкери сабалганын билдирди. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу, Юстиция министрлигине караштуу Күзөт жана коштоо кызматынын аскер кызматкерлери жөнөтүлгөн.

“Жүргүзүлгөн тергөө, ыкчам жана коопсуздук чараларынын натыйжасында соттолгондордун баш ийбестигине бөгөт коюлуп, мекемеде тартип орнотулган. Массалык баш аламандыктын уюштуруучулары жана шыкакчылары, кылмыштуу уюмдардын жана деструктивдүү топтордун мүчөлөрүнүн ичинен 21 адамдан турган соттолгондор андан ары катуу шарттарда (камералык) камоо үчүн №27 мекемеге которулган”, - деп айтылат маалыматта.

Мекеме алар №27 абакка которулгандан кийин медициналык кызматкерлер кароодон өткөргөнүн, анда эч кандай жаракат табылбаганын кошумчалады. Андан тышкары №8 түзөтүү колониясында текшерүүдө чоң көлөмдөгү маңзат (гашиш жана героин), 121 уюлдук телефон, 277 учтуу жана кесүүчү буюм-тайымдар табылганын билдирди.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор №8 түзөтүү колониясынан №27 мекемеге которулуп келген адамдарды текшергенин, алардын денесинен көгала тактар табылганын билдирген эле. Борбор алар абактын кызматкерлерине баш ийбегендиги үчүн жаза катары желим союлдар менен сабалганын кабарлаган.

Кыргызстанда жазасын өтөп жаткандар жабык жайларда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ур-токмогуна алынган окуялар буга чейин да болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG