Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:46

Кыргызстан Азербайжандын Агдам районуна мектеп тургузат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Азербайжан лидери Илхам Алиев. Баку. 24-апрель, 2024-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Азербайжан лидери Илхам Алиев. Баку. 24-апрель, 2024-жыл.

Кыргызстан Азербайжандын Агдам (Карабах аймагы) шаарына мектеп тургузат. Азербайжан Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкана курат.

Мындай келишим 24-апрелде Бакуда өткөн Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынынын жыйынтыгында жетишилгенин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров журналисттерге билдирди. Мамлекет башчысы аталган районго мектеп куруу Кыргызстандын чыр-чатактан жабыркаган аймактарда тынчтыкты калыбына келтирүү ишине кошкон салымы болуп саналарын белгиледи:

"Биз эртең ушул мектептин курулушуна капсула салууну пландаштырып жатабыз".

Садыр Жапаров маалымдагандай, 25-апрелде Баку шаарында кыргыздын жана түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин ачылышы болот.

Жыйындын жыйынтыгында эки тарап түрдүү чөйрөлөрдө мындан аркы тыгыз иштерге багытталган бир катар эки жактуу документтерге кол коюшту. Анын арасында эки өлкөнүн ортосунда кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу макулдашуу, президенттердин Биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган 18 документке кол коюлду.

24-апрелде Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барды. Эки лидердин расмий жолугушуусу “Зугулба” резиденциясында өткөнүн Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Садыр Жапаровду бир нече министр, президенттин иш башкаруучусу, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы жана башкалар коштоп кетти.

Жапаров Бакуга былтыр 24-ноябрда да барып, Илхам Алиев менен жолугушкан. Андан бир ай мурда Илхам Алиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) саммитине катышуу үчүн Бишкекке келип кеткен.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG