Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:20

Бир нече министрге, министрдин орун басарларына жана президенттин өкүлүнө сөгүш берилди


Министрлер кабинетинин жана жалпы өкмөттүн коллегиясы. 25-апрель, 2024-жыл.
Министрлер кабинетинин жана жалпы өкмөттүн коллегиясы. 25-апрель, 2024-жыл.

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаевага, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевге, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго жана президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаевге коюлган тапшырмаларды так аткарбаганы үчүн сөгүш берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн 25-апрелдеги жыйынында айтты.

Ушундай эле сөгүш санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жумамүдүн Жумалиевге, саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаевага жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкуловага да берилди.

Мындан тышкары тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Имановго жана президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуевге эскертүү берилди.

Аткаминерлер кайсы тапшырмаларды аткарбаганы, кандай алешемдиктерди кетиргени деталдуу айтылган жок.

Кыргызстандын өкмөтүнүн 25-апрелдеги коллегиялык жыйынында 2023-жылдагы экономикалык өсүш жана 2024-жылга карата пландар каралды. Акылбек Жапаров мунун алдында былтыр экономикалык өсүш 6,2%ды түзгөнүн, быйыл тем 6% болот деп пландалып жатканын айтты.

24-апрелде президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берген. Буга алар өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү себеп болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG