Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Блинкен АКШ жана Кытай маселелерди жоопкерчилик менен чечиши зарыл экенин айтты


Энтони Блинкен жана Си Цзинпин.
Энтони Блинкен жана Си Цзинпин.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кошмо Штаттар жана Кытай ортодогу пикир келишпестиктерди жоопкерчилик менен чечиши зарыл деп эсептейт. Бээжинге үч күндүк сапар менен барган мамкатчы бүгүн 26-апрелде Кытай лидери Си Цзинпин менен жолукту.

Блинкен эки өлкө ортосундагы мамиледе бир топ жылдан бери чыңалуу байкалып келатканына карабастан Кошмо Штаттардын президенти Байден «түз жана узак» диалог зарыл деп эсептей турганын белгиледи.

«Элибиздин гана эмес, дүйнө алдында милдеттенмелерибиз бар – биз эки өлкө ортосундагы мамилени жоопкерчилик менен башкаруубуз керек", – деди ал.

Соңку айларда АКШ менен Кытай ортосунда алака-катыш активдешти. Блинкен Бээжинде Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жана коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен да кезигип, кызматташтыкты талкуулады.

Кытай менен АКШ ортосунда Түштүк-Кытай деңизине байланыштуу позиция, АКШнын Тайвандагы өкмөттү колдоосу сыяктуу бир топ маселе боюнча пикир келишпестик бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG