Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:57

Н.Найзабекова: Жаштар мурда саясий оюндарда колдонулуп келди


Жаштар саясаты министрлиги шайлоону утурлай эки күндүк жаштар конгрессин өткөргөнү турат. Ага өлкө башчысы да катышмакчы. Өлкөдөгү жаштар саясаты, бул багытта аткарылып аткан иштер тууралуу Жаштар иштери министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Нуржан Найзабекова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Жаштар министрлиги алдыдагы эки-үч аралыгында жаштар маселесине арналган конгресс өткөргөнү турат. Бул конгрессти эмне максат менен өткөрүп атасыздар? Анын алдыдагы парламенттик шайлоо менен байланышы барбы?

- Мен бир аз тактай кетсес. Биздин курултайга бардык аймактардан делегат жаштар бүгүн келет. Ал эми курултайыбыздын салтанаттуу ачылышы эртең, 5-октябрда болот. Анын уландысы 6-октябрда өтөт.

Иш-чаранын негизги максаты – бул, бардык кыргызстандык жаштардын башын бириктирип, алардын көйгөйлөрүн, маселелерин мамлекеттик деңгээлге чыгаруу болуп саналат. Ал жаштар ошол маселелердин бардыгын президент Роза Отунбаевага ачык айтканга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берип атабыз.

- Ал эми бул иш-чаранын парламенттик шайлоого кандай байланышы бар, эгер бар болсо?

- Эми дайыма эле кыргызстандык жаштар мамлекеттеги саясий окуяларга активдүү катышып, өзгөчө акыркы окуяларда орду чоң. Бүгүнкү күнү да шайлоо өнөктүгүндө көбүнчө жаштар иштеп атышат. Ошондуктан бул жерде жаштар алданып калбасын, өздөрүнүн атуулдук милдетин аткарууда чын дилден катышышсын, өздөрүнүн укуктарын билсин деген максаттар бар. Анан дегеле Кыргызстандагы жаштардын ээлеген орду мурда кандай эле, азыр кандай анан келечекте кандай болот деген сөз болот, тренингдер, окуулар болот.

- Сиз айткандай жаштар саясий окуяларга активдүү катышып келатышат. Анын ичинде түштүктөгү июнь окуяларында да жаштар башкы кыймылдаткыч күч болду. Буга кандайдыр бир баа берилеби?

- Албетте ар кандай ой-пикирлер айтылып келбедиби. Бирок ошол окуяларда кыргызстандык жаштар чыныгы патриоттук сезимдерин да көрсөтө алышты. Анткени биз бир гана жаман көрүнүштөргө гана көңүл бура бербешибиз керек. Анткени ал жерде кагылыштарды токтотуп, түшүндүрүү иштерин жасагандар да жаштар болду. Андан кийин кайра калыбына келтирүү, курулуш иштерине да жардам берип, акысыз иштеп бергендер болду. Ал жерде тартипти сактап калган чоң күчтөрдүн бири да жаштар болду...

- 400 адамдын өлүмү, 2000 үйдүн өрттөлүшүнө көңүл буруу керекпи?

- Андай окуяларды эч ким болгон эмес деп айткан жок. Өлгөн, жаракат алгандар эки тараптан тең болду. Биз бир гана тарапты айтпашыбыз керек. Эки тараптан тең жабыркагандар болду. Бирок биз позитивдерди да айтышыбыз керек.

- Силер ошол окуяларга жаштардын турумунан баа бересиңерби же жокпу?

- Жок, бербейбиз.

- Алдыдагы жаштар курултайында ошол жаштардын көйгөйлөрү караларын айтып атасыз. Башкы көйгөйлөр эмнелер, айтып кетесизби?

- Бүгүнкү күндө биздин министрлик бардык региондорду кыдырып чыктык. Ал жерлердеги көйгөйлөрдү талдадык. Бирок азыркы эң негизги көйгөй бул – идеологиянын жоктугу, жумушсуздук, ички жана тышкы миграция, ошондой эле билим берүүнүн абалы болууда.

- Бул маселелерди чечүүдө силердин министрлик кандай аракеттенет. Оозеки айтылган сөз болуп калбайбы?

- Биздин министрлик бул багытта болгон аракетерди жасап атабыз. Чынында бул өтө чоң жоопкерчилик жана жумуш экен. Ошондуктан биз бир гана сөз менен чектелип калбастан чечкиндүү аракеттерди көрүп атабыз. Мына биздин министр жакында эле Азербайжанга барып, ал жактын Жаштар министри менен жолугуп келди. Жакшы жыйынтыктарга ээ болуп, Азербайжан бизге 15 миллион сомдой каражат бөлүп берди. Андан тышкары биз башка мамлекеттер, эл аралык уюмдар, долбоорлор менен иштешип атабыз.

Жаштарды жумуш менен камсыз кылуу жолдорун издеп атабыз. Бул жаатта Энергетика министрлиги, Билим берүү жана илим, Эмгек жана миграция министрлиги менен өтө тыгыз иштешип атабыз. Башка министрликтер менен да жаштардын көйгөйүн чечүү багытында сүйлөшүүлөр, талкуулар жүрүп атат. Эми бул көйгөй көп жылдан бери келатат бизде. Аны 3-4 айдын ичинде чечип коюу мүмкүн эмес.

- Рахмат.

Илим Жанузаков, Жаңыл Жусубжан

XS
SM
MD
LG