Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:19

А.Алымкулов: Жаштар министрлиги учур талабы болчу


Кыргызстандын Жаштар саясаты боюнча министри Алиязбек Алымкулов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, жаштар саясаты жана жаңы түзүлгөн жаштар министрлиги туурадуу айтып берди.

- Сиз жетектеп аткан министрлик 7-апрелдин шарданы менен түзүлдү. Убакыттын өтүшү менен мындай министрликтин дегеле кереги жок эле дегендер чыга баштады. Кандай ойлойсуз, дегеле жаштар министрлигин түзүүнүн зарылчылыгы бар беле?

- Мурда бул министрликке кызматка келе электе мен бул маселеден өтө алыс элем. Мен да ошондой ойдо болгом. Бирок өзүм аралашып иштей баштагандан бери, жаштардын маселеси, алардын көйгөйлөрү ушунчалык көп экенине, анын чети оюлбай жатканына көзүм жетти. Мына ушундан кийин министрликтин зарылчылыгы бар экенине көзүм жетти. Бирок бул министрликти түзүүдө кечигип калыптырбыз. Аябай эле кеч түзүлүп атат. Мурда 20 жыл бою жаштар коомчулуктан бөлүнүп, жол жээгинде калып кеткен экен өздөрү менен өздөрү. Эми күн сайын ушул маселелерге туш болуп, чоң проблемаларды көргөндө өкүнөт экенсиң.

- Андай көйгөйлөр коомдун бардык эле тармактарында эле бар болчу да. Министрликке келсек. Сиз жетектеген министрлик 7-апрелден кийинки алсыз бийликке талаптарды коюп, көрүнгөн эшикти тээп жулунган жаштардын демин басуу үчүн гана түзүлгөн деген пикирлер айтылып жүрбөйбү. Бул канчалык негиздүү?

- Эми ар бир атуулдун коомдо өз оюн айтканга укугу бар. Бирок, жаштардын көйгөйүн жаштар гана түшүнөт. Ар бир чөйрөнүн көйгөйүн ошол чөйрөгө тиешелүү адамдар гана түшүнөт. Ошондуктан, жаштардын министрлиги түзүлгөнү мыйзам ченемдүү, азыркы замандын талабына туура келет. Учурдун негизги маселелерин көтөрүп аткан министрлик болуп атат. Демек ушул министрлик өзүнүн багытында гана иш алып барып, коомчулуктун 48 пайызын түзгөн жаштардын проблемаларын чечүүгө түздөн-түз катышуусу керек. Ал эми мурда жаштардын ойлорун, көйгөйлөрүн өкмөткө жеткирүүгө мурда эч кандай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ушул министрлик алар үчүн көпүрө, министр алардын өкүлү болуп калды.

- Жаштар министрлиги ушул тапта толук кандуу иштей баштадыбы? Жакынкы жана узак мөөнөттүү пландарыңар аныкталдыбы?

- Буюрса борбордук аппаратты түзүү үчүн мыйзам чегинде конкурс жарыяланган, ал бүтүп баратат. Кудай буюрса үч-төрт күн ичинде борбордук аппарат толук ишке кирет. Региондор да 15-сентябрга чейин конкурстун негизинде иштей башташат.

Мына мен жаңы эле Талас облусунан келдим. Ага чейин Нарын, Ысык-Көлдө болдум. Ушинтип бүт Кыргызстанды кыдырып, жер-жерлерде жаштардын өздөрү менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, сунуш-пикирлерин алып атабыз. Маселен Баткендин көйгөйүн баткендиктер гана билет. Ошондуктан жер-жерлердеги жаштардын сунуштарынын негизинде министрликтин концепциясын, программасын жазууга аракет кылып атабыз.

- Министрликтин алдында кандай приоритеттүү багыттар аныкталды?

- Негизги төрт багытты белгиледик. Биринчиси, Кыргызстан агрардык мамлекет. Региондордо элдин 60 пайызы жашайт. Ал жакта жумуштар жок. Ошондуктан жумушсуздук багытын тандап алдык. Экинчиси, сапаттуу билим. Көп жерлерде билим берүү абдан начар болуп кетиптир. Үчүнчүсү, идеологиянын жоктугу. Бул жаштардын өздөрү койгон талап болгондуктан, мунун үстүнөн иштеп атабыз. Төртүнчүсү, кедей-кембагал үй-бүлөдөн чыккан жаштар менен жетим балдарга шарттарды түзүп берүү. Анткени булар да биздин коомдун бөлүгү, биздин жарандар. Алар ата-энеси кедей же жетим болгондору үчүн күнөөлүү эмес. Биз аларды колдоп, көтөрүшүбүз керек. Мисалы биздин тарыхта жетим чоңойгон инсандар кыргыз коомчулугу үчүн чоң кызматтарды кылган мисалдар көп. Ошентип биз ушул төрт багытта аракет кылып атабыз.

- Министрликтин каражат маселеси чечилип атабы?

- Буюрса чечилип атат. Мен 1-июнда жумушка чыккам. Үч айда бюджеттен ашып кетсе 1,5 миллион сом алыптырбыз. Бирок 19 миллион сом иш кылдык бюджеттен акча коротпой эле. Буюрса министрликтин структурасы толук бекигенден кийин донорлор менен да сүйлөшөбүз. Ал жактан да каражат алганга аракет кылабыз. Мамлекет азыр оор шартта турат. Ошондуктан бюджетти эле карап отура бербей өз аракетибизди жасай беребиз. Жаштар бечел эмес, жаштардын өз аракети бар...

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG