Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:20

Освенцимден калган оор үшкүрүк


Освенцимдин мештеринде миллиондогон элдин күлү жатат...
Освенцимдин мештеринде миллиондогон элдин күлү жатат...

Польшада бүгүн нацисттердин эң ири Освенцим концлагеринин бошотулганынын 65 жылдыгы белгиленип жатат. Миллиондогон элди газ менен кырган фашисттик режимдин курмандыктарын эскерүүгө концлагердин аман калган туткундары, советтик ветерандар, саясий лидерлер чогулушту.

Нацисттик концлагерден куткарылган 100дөй туткун жана аларды куткарууга катышкан советтик армиянын ардагерлери бул эскерүү жыйынынын башкы каармандары болушту. Аларга Польшанын президенти Лех Качински, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху, бир топ саясий лидерлер кошулушту. АКШ менен Франциянын президенттери Барак Обама жана Николя Саркози келгендерге видео кайрылуу жасашаары айтылган.

Польшадагы эскерүү форумуна өлкөнүн президенти Лех Качински (солдо) жана Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху (оңдо) катышты, 27-январь, 2010
Польшадагы негизги эскерүү чараларынын алдынан Берлиндеги парламентте Израилдин президенти Шимон Перез бүгүнкү окуя боюнча атайын сөз сүйлөдү. Перез нацисттик режимдин азыр деле тирүү жүргөн кылмышкерлерин жазага тартууга чакырды. Ал Беларустагы синагогдо нацисттердин колунан өлгөн чоң атасы жөнүндө да айтып берди.

Ватиканда болсо Рим папасы Бенедикт-16 билдирүү таратып, анда нацисттик Германиянын тушунда тургузулган концлагерлерди “болуп көрбөгөн мыкаачылык” деп, “Расалык жана диний жек көрүүчүлүктүн сан жеткис курмандыктарынын” өлүмү менен байланышкан мындай трагедия эч качан кайталанбашы керек, деди.

“Ушул, өзгөчө, жөөт улутун кырган Холокост окуялары жөнүндө ой ар бир адамда бири-биринин абийирин урматтоого түртөт. Адамдар өзүн чоң бир үй-бүлөнүн мүчөсү катары сезиши керек. Мындай окуялар эми эч кайталанбашы үчүн Кудай ааламга, адамдардын жүрөгүнө нурун чачат”, - деди Рим папасы Бенедикт-16.

Освенцим нацисттик Германиянын тукум курут саясатынын символу болуп калды. Экинчи дүйнөлүк согуштагы беш жылда бу лагерде жалпысынан бир миллиондон ашуун адам газ менен ууланып, өрттөлгөн делет. Өлгөндөрдүн тизмеси болбогондуктан, канча адам жок кылынганын так айтуу кыйын. Алардын басымдуу бөлүгүн жөөттөр түзүшкөн. Кырылган элдин катарында поляктар, цыгандар, саясий оппоненттер, кумсалар жана башкалар болушкан. 1945-жылы 27-январда Советтик армия Освенцимди бошоткон. Ал жер азыр музейге айландырылды.

Освенцим бошотулганда 7 миңдей адам куткарылган. Алардын бири Йерзи Микнол лагердеги каргашалуу күндөрү тууралуу: “Бир жолу алар бизди мончого киргизип туруп, баарыбызды чечингиле дешти. Анан ким кириши керектигин сөөмөйү менен көрсөтүп жатышты. Адамдын өмүрү жөнөкөй офицердин ушул бир эле сөөмөйүнөн көз каранды болгон бул учур - өтө кайгыга салган учур эле”, - деп айтты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG