Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:47

Айсулуу менен Каваи төртүнчү ирет беттешүүдө


Юкако Каваи менен Айсулуу Тыныбекова беттеш учурунда. Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалы. Казакстан, Нур-Султан шаары. 19-сентябрь, 2019-жыл.
Юкако Каваи менен Айсулуу Тыныбекова беттеш учурунда. Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалы. Казакстан, Нур-Султан шаары. 19-сентябрь, 2019-жыл.

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-августта Токио Олимпиадасынын алтын медалы үчүн финалда жапониялык Юкако Каваи менен күрөшүүдө. Эки спортчунун беттеши Бишкек убактысы менен саат 17:50дө башталды.

Айсулуу Тыныбекованын финалдык таймашын көргөн күйөрмандар

Беттеш алдында Айсулуунун жапониялык атаандашы Юкако Каваи менен жакындан таанышалы.

Айсулуу Тыныбекова менен Юкако Каваи буга чейин үч жолу беттешкен. Эки ирет Айсулуу жеңүүчү аталса, бир жолкусунда Юкако жеңишке жеткен.

Кыргызстандыктар Айсулуудан алтын күткөндөй эле, жапониялыктар Юкако Каваиге үмүт артып турушат. Ал 2016-жылы Рио-де Жанейродо өткөн Олимпиаданы (63 кг) жеңген Рисако Каваинин сиңдиси.

24 жаштагы Юкако Каваи менен 28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы апрелде Кытайда өткөн Азия чемпионатында финалда кездешкен. Анда Каваи Айсулууну 6:5 эсеби менен утуп жатканда, Тыныбекова беттештин бүтөрүнө 5 секунда калганда атаандашын көтөрүп чаап, жеңишке жеткен.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты. Кытай, Сиань шаары. Финал (62 кг): Айсулуу Тыныбекова - Юкако Каваи. 26-апрель, 2019-жыл.

Каваи менен Айсулуу Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында кайрадан беттешти. Мында кыргызстандык балбан кыз Юкаконун далысын килемге тийгизип, таза жеңишке жеткен. Ал чемпионатта Айсулуу алтын алса, Юкако колого татыган. Эки балбан тең дал ушул мелдеште Олимпиадага жолдомо алышкан.

Айсулуу Тыныбекова менен Юкако Каваи. Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалы. Казакстан, Нур-Султан шаары. 19-сентябрь, 2019-жыл.
Айсулуу Тыныбекова менен Юкако Каваи. Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалы. Казакстан, Нур-Султан шаары. 19-сентябрь, 2019-жыл.

2020-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында Айсулуу менен Юкако кайрадан беттешип, жапон кызы жеңип кеткен. Ал мелдеште 62 кг. чейинки салмакта Азия чемпиону Юкако Каваи болсо, Тыныбекова коло медалга татыган.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты. Индия, Нью-Дели шаары.Финал (62 кг.): Айсулуу Тыныбекова - Юкако Каваи. 22-февраль, 2020-жыл.

Эми спортчулар Олимпиаданын алтын байгеси үчүн финалда кайрадан беттешкени турат.

Юкако Каваи деген ким?

Жапониянын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Юкако Каваи учурда 24 жашта. 2014-жылы 17 жашында кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге уткан.

2018-жылы Бухарест шаарында өткөн 23 жашка чейинки кыздар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байгени жеңсе, ушул эле жылы Будапештте өткөн чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатына катышып, күмүш медал, 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн дүйнөлүк биринчиликте коло медал жеңип алды. Каваи 2020-жылы Азия чемпиону болгон.

Юкаконун эжеси, Олимпиада чемпиону Рисако Каваи быйыл 57 кг чейинки салмакта жеңиш үчүн ат салышат. Эже-сиңди Каваилер Олимпиада алтынын алып, тарыхта калгысы келет.

Спорт журналисти Нурсултан Турусбековдун пикиринде, Юкако Каваи Айсулуу үчүн ыңгайсыз атаандаш.

"Юкако Каваи 2020-жылы Азия чемпионатынын финалында тактиканы туура колдонуп, Айсулууну утуп алган. Бул жолу да ошол эле тактиканы колдонушу мүмкүн. Коргонуп, ошол эле активдүү күрөшүп, минималдуу упай менен күрөшөт болушу керек. Ачык чабуулга чыкпайт, бирок ошол эле маалда коргонууну да мыкты көзөмөлдөйт. Анткен менен Айсулуу Тыныбекова тажрыйбалуу спортчу. Атаандашынын блокторун жаап, бутка кирүүгө аракеттениши керек. Кечээ күнкү украиналык балбан менен күрөшкөндөй. Айсулуунун Каваини утканга мүмкүнчүлүгү чоң".

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалында украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды. Ага чейин алгачкы беттешинде латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде, чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инжени далысын килемге тийгизип, таза утту.

Юкако Каваи жарым финалдык беттеште болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинди 3:2 эсеби менен жеңип, финалга чыккан. Мелдешти 1/8 финалда баштаган Каваи алгач орусиялык Любовь Овчарованы туше менен жеңсе, чейрек финалда Юхассон Ханна Катаринаны 10:2 эсеби менен утту.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Азиянын төрт жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде 62 килограмм салмакта биринчи орунда турган Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын алтын байгесин алууга фаворит катары саналууда.

Анын медалдарынын арасында жөнөкөй мелдештердин байгесинен тартып, дүйнө кубогунда алтын байгеси да бар. Быйыл Айсулуу Кыргызстандын атынан үчүнчү жолу Олимпиадага аттанды.

2019-жылы Тыныбекова "Мен элиме Олимпиадада алтын алам деп сөз бергем. Ошол убадамды аткарам" - деп айтканы бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG