Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Түркмөнстанда "элдик" жана "эмгек сиңирген ит багаар" деген наам негизделди


Алабайдын айкели. Ашгабат. 2020-жылдын 10-ноябры.
Алабайдын айкели. Ашгабат. 2020-жылдын 10-ноябры.

Түркмөнстандын алтынчы чакырылыштагы Межлисинин ( парламентинин) он үчүнчү отурумунда “Элдик ит багаар” ("Türkmenistanyň halk itşynasy"), жана андан төмөнүрөөк “Эмгек сиңирген ит багаар” ("Türkmenistanyň at gazanan itşynasy") деген наамдарды негиздөө боюнча мыйзам кабыл алды. 13-мартта бул мыйзам долбоору кызуу талкууга алынгандыгын Түркмөнстан мамлекеттик маалымат агенттиги маалымдады.

Депутаттар наамды түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун “улуттук тарыхый-маданий мурасты сактоо жана даңазалоо” саясатынын алкагында негиздешкен.

Наам менен кошо берилчү төш белгинин жана “Жылдын мыкты түркмөн алабайы” ("Ýylyň türkmen edermen alabaýy") деген медалдын эмблемасын Бердымухаммедов өзү тандап, бекиткен.

Г.Бердымухаммедов иттерге арналган медалдардын долбоорлорун кылдат кароодо. 2021-жылдын 28-январы.
Г.Бердымухаммедов иттерге арналган медалдардын долбоорлорун кылдат кароодо. 2021-жылдын 28-январы.

Түркмөнстандын мамлекеттик медиа каражаттары Гурбангулы Бердымухаммедовду алабай тегиндеги иттин башкы күйөрманы катары байма-бай мактап турат. Президент алабай жөнүндө китеп жазып, ырларды арнаган.

Анын “Түркмөн алабайы” аттуу китеби жергиликтүү маалымат каражаттарында “түркмөн элинин жашоосу жана тагдыры үчүн маанилүү эмгек” деп табылган (бул авторитардык өлкөдө эркин басылмалар жок экендиги да маалым).

Тасма. 2020-жылы 10-ноябрда өлкө борбору Ашгабатта түркмөн алабайынын алтын жалатылган эстелиги орнотулган.

Президенттин мураскери катары сыпатталган уулу Сердар Бердымухаммедов эл аралык түркмөн алабайчылар бирикмесин ("Türkmen alabaý itleri" уюмун) жетектейт.

Ошол эле маалда өлкөдөгү муниципалдык кызматтар экономикалык кризистен улам көбөйгөн жолбун ит-мышыктарды жапырт атып, четинен кырып келет.

P.S. Мындагы котормодо "ит багаар" деген терминди шарттуу түрдө жаздык. Түркмөнчө "итшынас" ("itşynas") сөзү "ит таануучу", "ит изилдөөчү" деп да которулушу мүмкүн.

Ал эми Кыргызстанда тайган баккандар үчүн кыргыз тилинде "тайганчы" сөзү бар. Бул термин жаатындагы оюңуздарды "Сөз таануу" шеринесине жаза аласыздар. – Ред.

XS
SM
MD
LG