Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

1916: Жизактагы элдик толкундоолор


Астанада өткөн “Тарыхтан – таалим” эл аралык жыйыны Борбор Азиядагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналды. 23.6.16.
Астанада өткөн “Тарыхтан – таалим” эл аралык жыйыны Борбор Азиядагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналды. 23.6.16.

Борбордук Азиядагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн олуттуу барактарынын бири – Фергана өрөөнүнүн батышындагы Жизак өрөөнүндөгү жана ага караштуу тоо коюнундагы 13-25-июлдагы ири көтөрүлүш окуялары менен байланыштуу.

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн виртуалдык картасы түзүлсө, албетте, ага ошол жылдын теке (июл) айынын 13-21леринде орун алган Жизак окуяларынын ар кыл жайларын киргизүү абзел.

Бул окуялар тууралуу азыркы Өзбекстанда эч кандай расмий эскерүү жыйындары уюшулган жок. Бирок өзбекстандык тарыхчылар бул көтөрүлүш окуялар тууралуу мурдатан эле ырааттуу жазып келишкен.

Падышалык оторчулук доорунан бир элес.
Падышалык оторчулук доорунан бир элес.

Чөлкөмдөгү башка аймактардай эле, Жизакта да элдик көтөрүлүшкө Орус армиясынын ооруктагы жумуштарына жергиликтүү калайыкты аскерге алуу долбоору шылтоо болгон. Самарканд облусуна караштуу Жизак үйөзүнөн кеминде 10 600дөй жергиликтүү тургун аскерге алынмак болчу. Бул тууралуу алгачкы маалымат калайыкка 1916-жылы 2-июлда айтылып, 10 күндөн соң, 12-июлда тизме такталмакчы болгон.

Бул учур – мусулмандардын ыйык рамазан айы жана орозо күндөрү эле. 12-июлда калайыктын жообун алууга жетишпестен, жергиликтүү оторчул бийлик маселени 13-июлга калтырган.

Ал эми жизактыктар жөн күтүп жатып алышкан эмес. Алардын бир өкүлү 41 жаштагы өзбек (падышалык архивде теги “сарт” деп берилген) Назыр кожо Абдысалам уулу (орус адабиятында: Назыр Ходжа Абдусалямов) 9-июлда Түркстан генерал-губернаторунун баш кеңсеси жайгашкан Ташкен шаарына жөнөтүлгөн. Ал 12-июлда түштөн кийин гана Жизакка кайтып келген.

Ошол түнү, тагыраак айтканда, орозо учурунда кечке маал мусулмандардын оозу ачылгандан соң, Жизакта ар кыл жерлерде шашылыш жыйындар өткөн. Бул тымызын жыйындарда башка аймактарда, асыресе, Ташкенде эл толкундап жатат деген каңшаар таркатылган. Чынында да, 11-июлда Ташкенде жергиликтүү калк жашаган бөлүктөгү полиция башкармалыгынын жанында карапайым ташкендиктер менен тирешүү болуп, айрым демонстранттар окко кабылып мерт болгон.

Коңшу Ферганадагы толкундоолор ошол маалда күч алган.

Албетте, 4-июлда алгачкы толкундоолор Фергананын түштүк ыптасында, Кожент шаарында (азыркы Түндүк Тажикстанда) жана Лейлек аймагында башталганы маалым. Изилдөөчүлөрдүн байкоосуна караганда, Фергана өрөөнүндө көтөрүлүш Самарканд жана Сыр-Дарыя облустарына караганда кыйла көбүрөөк калайыкты камтып, айыгышкан мүнөздө жүргөн.

Элдин кысымы астында Фергана облусунун аскер губернатору, генерал Александр Иванович Гиппиус (1855-жылы туулган – өлгөн жылы 1917-ж. кийин, бирок так датасы белгисиз) тарабынан иш жүзүндө ак падышанын мажбурлап аскерге алуу жарлыгы жокко чыгарылган жана жумушчуларды ыктыярдуу топтоо усулу менен алмаштырылган. Дал ушул чечим Фергана облусунун аймагында көтөрүлүштүн тез басаңдашына алып келген, бирок ак падышанын жарлыгын өзүм билемдик менен бурмалап аткаргандыгы үчүн Гиппиус ошол айда кызматынан алынган.

Падышалык аскерлердин Борбордук Азияга сүңгүшүнүн картасы.
Падышалык аскерлердин Борбордук Азияга сүңгүшүнүн картасы.

Фергана облусунун Кокон үйөзүнүн Кайнар болуштугунун Катта-Авган деген жеринде 8-июлда көтөрүлүштүн оту алоолонгон. Анда элүү башыны жана анын катчысын кубалап, алардын төртөө бычактан жаракат алышкан.

Кийинки күнү, 9-июлда, көтөрүлүш Кокон үйөзүнүн Араван, Жаңы-Коргон болуштуктарына жайылган.

11-июлда Ош үйөзүнүн Кожо-Абад жана Булак-Башы болуштуктарынын калайыгы козголгон.

12-июлда Анжиян үйөзүнүн Базар-Коргон болуштугунда көтөрүлүш чыгат, ал эми Майгыр болуштугунун Чаума айылында ыстарчын өлтүрүлөт.

Айтор, Жизактагы окуялар баштала электе эле, андан чыгышыраакта жана түштүк-чыгышта – Фергананын кеңирсиген аймагында саясий кырдаал курчуй баштаган.

Жизактагы көтөрүлүш аракеттери

13-июлда эртең менен Жизаак шаарынын жергиликтүү калайык жашаган бөлүгүндө котолоп чогулган калайык ыстарчын Мырзайар Кудаяровдон (Мирза Яр Худояров) оорукка алынчулардын тизмесин жокко чыгарууну талап кылышкан. Ал моюн сунбай койгондо, аны өлтүрүшүп, ыйык казат ураанын чакырышкан. Эшен Назыр кожо бул топту жетектеген. Көтөрүлүшчүлөр Жизак үйөзүнүн башчысы, полковник Рукинди, пристав Зотогловду, котормочу Мырза Хамдам Закиржановду жана Камил Жумабаев деген жигитти өлтүрүшөт. Ломакино темир жол бекети толук өрттөлөт, телеграф сымдары кестирилет. Айрым карапайым орустар өлтүрүлүп, алардын аялдары жыныстык зомбулукка кабылат.

14-июлда Жизактын Санзар деген бөлүмүндө көтөрүлүшчүлөр Төрөкул Туратбек уулун (Туракул Турадбеков) “Санзар беги” деп жарыялашкан.

Жизак үйөзүнүн Богдан аймагынын көтөрүлүшчүлөрү Абдыракман Абдыжапар уулун (Абдурахман Абдужаббаров) - мурдагы чардарылык бектин уулу, теги боюнча мангыт уруусунан, кезегинде Бухара эмирлигинин жавачы (“поручик”) аскер кызматында туруп, падышалык орус аскерлерине каршы Көк-Төбөдөгү салгылашка катышкан кишини - өздөрүнүн беги кылып жарыялашат. Анын атасы Абдыжапар бухаралык бек гана болбостон, бухаралык аскерде “токсаба” даражасында кызмат өтөгөн. Падышалык баскынчыларга каршы Көк-Төбө салгылашуусу маалында ал набыт болгон.

68 жаштагы карыя Абдыракман Абдыжапар уулу 1916-жылы июлда Жизактын Богдан деген аймагында Жаңы (Яны) кыштагында байырлачу жана жергиликтүү калайык арасында бедели чоң болгон.

15-июлда богдандык көтөрүлүшчүлөр бул жердеги приставдын кеңсаларын басып алышат. Ал эми пристав Прокопий Михайлович Борило болсо 14-июлда кечкурун кыргыз айылдарына (булакта "киргиз" деп жазылган; балким, жизактык кыргыздардын бир бөлүгү болушу мүмкүн, казак айылдары болушу да ыктымал) баш паана издеп качып чыгып кеткен.

Жизактагы (Зааминдеги) кыргыздардын айрым өкүлдөрү бул көтөрүлүшкө катышкандыгы да маалым, айрымдары качып жүргөн кээ бир орустарды калкалап сактап калышкан.

18-июлда Түркстанда аскердик чукул кырдаал жарыяланган.

20-июлда Рабат болуштугунун борбору Рабат кыштагында көтөрүлүшчүлөр жазалоочу аскерлердин чалгын тобу менен аткылашкан жана 21-июлда эртең менен подполковник Дмитрий Николаевич Водопьяновдун кошууну менен куралдуу тирешүүгө барган.

Көтөрүлүшчүлөр 21-июлда ар кыл болуштуктардан чогулуп, Жизактын жанында күч топтоп, өз алдынча бектик (же хандык) жарыялоону, Жизакты падышалык Орусиядан бошотууну чечишет. Ошол күнү алар ак желекке “Алладан башка кудай жок, Мукамбет анын пайгамбары” деген сөздү жазып алып, Жизак шаарынын сыртында подполковник Афанасьев жетектеген орусиялык чакан кошуун менен кагылышат.

Кошумча келген жазалоочу кошуундун көмөгү менен 25-июлда Жизактагы көтөрүлүш басылган. Жазалоочу кошуундарды жетектеген полковник Ивановго чечкиндүү жана катаал болуу тапшырмасы берилген.

Өз ыктыяры менен колго түшкөн Абдыракман Абдыжапар уулу “Жавачы” орус аскерлерине “өзүм коргоп калдым” деп эки орус айымын тапшырган (архивдик маалыматка караганда, акушерка Янковская менен Клюева деген анын кызматчысы “Жавачынын” үйүндө кармалып турганда бул эки айым анын жакындары тарабынан зордукталган экен).

Падышалык жазалоочу аскерлер көтөрүлүш чыккан аймактардагы бир катар жайларды кыйратып, өрттөгөн.

Маселен, Заамин аймагында Заамин кыштагы толугу менен өрттөлгөн. Мындагы Кайырма (Каир-Яма), Кара-Саргалы, Куркук, Кур-Казан, Чең-Кайма, Боюн-Турук, Кара-Курсак, Ак-Байра, Карабаш, Тешик-Кулак, Кишлак Чал, Керейити, Кабыл-Мазар, Чет-Арык деген кыштактарда да көптөгөн короолор өрттөлгөн.

Жалпысынан, Жизак үйөзүнө жиберилген кошумча жазалоочу аскер күчтөрү 13 рота, 3 казак орус жүздүгүнөн, 1 сапер ротасынан турган жана жолдо брондуу поюз да келе жаткан. Мындай мыкты куралданган жазалоочуларга каршы жизактык көтөрүлүшчүлөр туруштук бере алмак эмес.

Жазалоочу сот жана оторчул мамлекеттик машина

Самарканддагы аймактык соттун тергөөчүсү эшен Назыр кожо Абдысалам уулун, “Жавачы” Абдыракман Абдыжапар уулун, Жайнак Абдырасул уулун, имам Молдо Мухаммед Райим Молдо Абдыраимовду 1916-жылы 13-25-июлда өз алдынча мусулман мамлекетин куруу мүдөөсү менен Жизак аймагын падышалык Орусиянын курамынан чыгарууга далаалат кылышкан, “Жавачы” Абдыракманды “Жизак беги” деп жарыялашкан жана падышалык кошуун менен 21-июлда атышууга чейин барышкан деп айыптап чыкты. Айыпталгандар болсо тергөө маалында бири-бирине күнөө жаап, өздөрүн актаганга далаалат жасап жатышты.

Богдан бөлүгүнүн приставы, 45 жаштагы Прокопий Михайлович Борило 8-августта Самарканд аймактык сотвунда күбө катары маалымат берип жатып, 14-июлдун кечинен 18-июлга чейин ал жизактык кыргыздардын арасында жашырынып жүргөнүн жана бул көтөрүлүшкө чет өлкөдөн эч кандай таасир болбогонун билдирген.

20-августта Жизакка Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору Алексей Николаевич Куропаткин (1848-1925) келип, шаардагы жергиликтүү калктын ак сөөктөрүн, кадырман делген кишилерин чогулткан жана мындай деп айткан: “Полковник Рукин өлтүрүлгөн жердин радиусу 5 верст (болжол менен 5335 метр) болгон айланасы коргон мене курчалышы керек. Бул тилке мамлекетке таандык болот. Бул айланадагы калайыкты дароо сыртка көчүрүү керек!”

Оторчул бийликтин сотунун өкүмүнө ылайык дарга астырылгандардын арасында, албетте, “Жавачы” Абдыракман, эшен Назыр кожо болду. 3 миңдей киши абакка кармалып, алардын көпчүлүгү ар кыл мөөнөткө абакка кесилген. Көтөрүлүшчүлөрдүн жакындары да куугунтукталган жана алардын чарбалары, үй-жайлары таптакыр өрттөлгөн. Оторчул бийлик менен кызматташпай койгон кишилер да үйлөрүнөн ай талаага куулуп чыгарылып салынган.

Көтөрүлүштүн тарыхый орду жана сабагы.

1916-жылдын июлундагы Жизак көтөрүлүшү чөлкөмдөгү айрым аймактардагыга караганда чаканыраак, башка кээ бир аймактардагыдан кубаттуураак сезилген менен, жалпы эле Борбордук Азиядагы улуттук боштондук кыймылдын орток өзгөчөлүктөрүнө ээ.

Азркы тапта Жизактагы көтөрүлүштүн оош-кыйыш окуяларын, чаржайыт өнүккөнүн, анын жетекчилеринин катачылыктарын, кармалгандан кийинки пендечилигин, көтөрүлүшчүлөр бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара албай калган кырдаалды, ошондой эле элдик кыймылдарды кандуу жазалоонун эч бир жагдайын жашырып-жаппастан кылдат изилдөө абзел.

Ошону менен бирге “Жавачы” Абдыракмандын (мангыт уруусунан чыккан жергиликтүү бектин тукумунун) “көз каранды эмес Жизак бектигинин беги” жарыяланышы – Жизактагы көп этностуу калайык да падышалык Орусиядан эгемен мамлекетти калыбына келтирүүнү тилек кылганын тастыктайт. Салыштырсак, казактар жердеген Торгой облусунда Абылгапар (же Абу-л-Гафар) хан жарыяланса, түндүк кыргызстандыктардан Мөкүш Шабдан уулу, Канаат Ыбыке уулу, Баатыркан Ногой уулу ж.б. хан жарыяланышкан.

Азыркы Борбордук Азия мамлекеттеринин эгемендиги үчүн күрөштүн башатындагы орчун тарыхый окуяларга шексиз түрдө бабалардын күрөштөрү – 1855-68-жж. Түндүк Кыргызстандагы Үмөтаалы Ормон хан уулу, Осмон датка Тайлак Баатыр уулу жетектеген кыймылдар, 1873-76-жж. Полот хан жетектеген улуттук боштондук көтөрүлүш, 1898-жылкы Анжыян көтөрүлүшү жана 1916-жылкы ири борбордук азиялык көтөрүлүштөр (анын ичинде Жизак көтөрүлүшү) кирээри бышык.

Быйыл эгемендиктин 25 жылдыгын салтанаттуу белгилеп жатып, мындан жүз жана андан ашуун жылдар мурдагы татаал доордо ири чөлкөмдө эгемендик туусун желбиретип, улуттук боштондук көтөрүлүшкө аттанган бабаларга таазим кылуубуз керек.

XS
SM
MD
LG