Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Сребреницадагы кызыл кыргынды эскерүү


Сребреницадагы кызыл кыргынды эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Босниянын Сребреница жергесинде мусулмандарды массалык түрдө кыргынга алуусунун 20 жылдыгы эскерилүүдө. Бул Холокостон кийин Европада массалык түрдө киши өлтүрүлгөн эң оор кылмыш катары бааланууда. Анда 8 миңдей мусулманды серб куралдуу күчтөрү өлтүргөн. Сребреница кыргынынын курмандыктарын эскерүү үчүн Сербия өкмөт башчысы Александр Вучич, АКШнын мурунку президенти Билл Клинтон, мурунку мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт, Түркиянын өкмөт башчысы Ахмед Давуд оглу келди. Босниядагы үч жылдык согуштан кийин 1995-жылы 11-июлда серб аскерлери мусулмандар жашаган чөлкөмдү көзөмөлүнө алып, ал жерде кыргын жасаган.

XS
SM
MD
LG