Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:22

Алматыда АИ-92 бензини тартыш болууда


Алматыда АИ-92 кымбаттады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00

Алматыда АИ-92 кымбаттады

Акыркы күндөрү Алматы шаарында эң өтүмдүү АИ-92 маркасындагы бензин тартыш болууда. Айдоочулардын айтымында, тартыштыкка удаа эле бул маркадагы бензиндин баасы бир апта ичинде 6,5% чейин кымбаттады.

Казакстанда быйыл январдан тарта күйүүчү май баасы өкмөттүн атайын токтому менен бекитилет.

Соңку 4-5 күндөн бери Алматыда жана шаардын чет жакаларындагы май куюучу жайларда АИ-92 маркасындагы бензин сурап жүргөн айдоочулар көбөйдү. “Азаттык” радиосунун казак кызматынын кабарчысы Нуртай Лаханулыга кээ бир май сатчу жайларда мындай бензин талон менен сатылып жатканын айтышкан.

АИ-92 бензини арзан болгондуктан анын кардары негизинен орто класстагы жеңил машинелердин ээлери. 18-августта Алматыда анын 1 литринин баасы 115 тенге турду. Бул өткөн жумадагыга караганда орточо 6,5 процентке кымбат. Кара май да ушундай эле баада. Ошол эле учурда сапаттуу АИ-95 жана АИ-98 маркасындагы бензин чектөөсүз сатылууда. АИ-95 бензининин 1 литри кеминде 145 тенге, АИ-98 андан да кымбат. Ал эми сапаты төмөн АИ-80 маркасы 89 тенге турат.

30-июлда Казакстандын мунай жана газ министри Узакбай Карабалин август айында бензиндин жана кара майдын (дизель майы) наркы өзгөрбөйт деп билдирген. 2014-жылдын башынан бери күйүүчү май баасы ай сайын өкмөттө талкууланып, бирок туруктуу кармалып жаткан.

Өлкөдө негизги камсыздоочу - “КазМунайГаз өнүмдери” компаниясы. Анын жетекчилиги бензиндин тартыштыгынын бир себеби күйүүчү май менен чекене соода кылган фирмалар баа көтөрүлөт деген үмүттө бензинди аз сатып жатса керек деп боолгойт.

Алматылык эксперт Марат Каирленов телефондон берген интервьюда бензиндин тартыштыгын ички жана сырткы жагдай менен түшүндүрдү:

- Муну атайын жасалган десе да болот. Бензинге баанын жогорулашынын объективдүү дагы субъективдүү дагы себеби бар. Объективдүү жагы биз бензинди Орусиядан көп сатып алабыз. Орус акчасы рублдин наркы Украинадагы окуяларга байланыштуу төмөндөп кетти. Оюнчулар тенге девальвация болот деп чочулашып, бааны көтөрүштү. Экинчи фактор - тенгенин долларга салыштырмалуу курсу жыл башында 150дөн 180ге төмөндөгөнүнө оюнчулар толук жооп бере элек. Эми алар бааны жогорулатып, ошол чыгымын керектөөчүлөргө жүктөгөнгө аракет кылышууда. Анткени, тенге девальвация болгондон бери күйүүчү майга баа жогорулатыла элек болчу.

Ал эми Казакстандын Мунай жана газ министрлигинин Мунай өнөр жайын өнүктүрүү департаментинин башчысы Куандык Сагындыкулынын айтымында, өлкөдө өндүрүлгөн бензин келишимдерге ылайык сырт жактарга ички базардагыдан бир кыйла кымбат сатылат, ошондуктан өндүрүшчүлөр улуттук керектөөчүлөрдү бензин менен камсыздоого умтулбайт дейт. Министр Карабалин июлдагы брифингде Казакстанда бензиндин баасы Орусия, Кытай, Кыргызстан, Өзбекстанга караганда арзан экенине да көңүл бурган.

Кээ бир талдоочулар күз келип, оруп-жыюу башталган кезде күйүүчү майлардын кымбатташы Казакстан үчүн көнүмүш адатка айланганын айтышат.

Буга чейин казак өкмөтү жана “КазМунайГаз өнүмдери” компаниясы күйүүчү майга маал-маал боло калчу тартыштыктарды бааны көтөрүү үчүн чоң соодагерлер ортосунда макулдашып жасалган “оюн” деп актанып келген.

Мунай жана газ министрлигинин 15-июлда маалымдашынча, 2014-жылдын алгачкы алты айында Казакстанда 1 486 млн. тонна бензин өндүрүлгөн. Бул 2013-жылдын биринчи жарымына салыштырганда 17, 4 процентке көп. Быйыл январь-июнда 2 377 млн. тонна кара май өндүрүлгөн.

Казакстан демейде күйүүчү май көп кезде аны сырттан ташууну чектейт. Маселен, 2014-жылы май айында дагы Орусиядан бензинди импорттоого чектөө киргизип, ноябрда кайра эркин коё берген. Быйыл июнда да ушундай чара колдонулуп, 29-июлда токтотулган. Ошентсе дагы июнь-июль айларында Орусиядан 43, 2 миң тонна күйүүчү май экспорттолгон, августта 30 миң тонна, анын ичинде 15 миң тонна бензин ташылат.

Соңку бир айда Тажикстанда да бензин кымбаттады. Өткөн айда А-95 маркасы 5 сомони 20 дирам же болжолу менен 50 сом турса, азыр 6 сомони 30 дирамга сатылууда.

XS
SM
MD
LG