Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:15

Көк бөрү: Финал. «Ынтымак» -чемпион (видео)


Ноорузга карата Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү мелдешинин финалы. 2021-жылдын 21-марты
Ноорузга карата Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү мелдешинин финалы. 2021-жылдын 21-марты

21-мартта Чолпон-Ата шаарында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жогорку лигасында Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү аталды. Алар финалда Оштун “Достук” командасын жеңип алды.

Оюндун негизги убактысы 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, булитте 6:5 эсебинде таластык улакчылар демилгени колго алышты.

Биринчи таймда таластыктар эки улакты тайказанга салып, алдыга чыгышты. 2-таймда “Достук” оюнчулары эсепти теңегенге жетишти. 3-тайм башталганда “Достук” удаасы менен эки улакты тайказанга салса, “Ынтымак” эки улакты тайказанга кошумча салып, эсепти теңеди.

Кошумча берилген 10 мүнөт убакытта да жеңүүчү аныкталган жок. Жыйынтыгында буллитте "Ынтымак" оюнчулары алты улакты тайказанга салса, "Достук" оюнчуларынын салымы беш улак болду.

“Достук” жана “Ынтымак” Кыргызстандагы көк бөрү боюнча жогорку лигада негизги атаандаштардан болуп саналат. Эки команда Нооруз, Жеңиш күнү жана Эгемендик күнүнө арналган республикалык мелдештердин финалында бир нече жолу беттешкен. "Ынтымак" ушуну менен 4-жолу удаасы менен Нооруз мелдешинин жеңүүчүсү болду. Бул турнир 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган.

“Нооруз-2021” аталышындагы көк бөрү боюнча республикалык мелдеш 17-мартта башталган. Жогорку лигада алты команда, биринчи лигада 21 команда баш байге үчүн ат салышты.

Ошондой эле 21-мартта түшкө чейин биринчи лигада финалда "Кара-Буура" (Талас) – "Жети-Өгүз" (Ысык-Көл) командалары беттешип, таластыктар 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Бул күнү көк бөрүдөн тышкары салбуурун, эр эңиш, ат чабыш өңдүү спорттун улуттук түрлөрү өттү.

Мелдеш белгилүү коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шер, атактуу кинорежиссер Болот Шамшиев жана жазуучу, режиссер, коомдук ишмер Темир Дүйшөкеевдин жаркын элестерине арналды.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG