Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Москвадагы өрт төрт кыргыздын өмүрүн алды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Москвада өрттөн төрт кыргыз жараны мерт кетип, алты киши жараат алды.

Москва шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Андан төрт кыргызстандык каза таап, алтоо ооруканада жатат. Жабыркагандардын төртөө бала.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматында, адам өмүрүн жалмаган каргашалуу окуя 19-сентябрда, түнкү саат бирлер чамасында болгон. Москвадагы Фестивал көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу бул үйдө кыргыз жарандары да жашаган. Каза болгондордун тек-жайы аныкталып, кырсыктын себеби такталууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукееванын билдиришинче, өрттөн бир үй-бүлө жабыркаган. Учурда жубайлардын акыбалы оор. Ал эми алардын эки баласы ооруканада. Алар дагы эки бала менен кошо жакын арада үйгө чыгарылат.

- Каза тапкандардын сөөгүн алып кетүү жөнүндө сөз боло элек. Азыр сөөктү жакындары тааный элек. Бизге каза болгондордун экөөнүн жакындары байланышты, калганы уга элек окшойт. Маалымат берип, издеп жатабыз. Баарынын жакындары табылган соң сөөктү Кыргызстанга жеткирүү маселеси каралат.

Өрттөн каза тапкан эки жаран дагы жубайлар болгон. Бул үй-бүлө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылынын тургундары. Аталган айылдын башчысы Каныбек Батыров маркумдардын жакындары суук кабарды уга электигин билдирди.

Орусиялык ММКга кырсыкка күбө болгондор өрт ээ-жаа бербей алоолонгонун, өрт өчүргүчтөр 20 мүнөт ичинде келгенин айтышкан.

Москвадагы кыргыздардын “Кыргыз жери” уюму каза болгондордун сөөгүн алып келүүгө көмөктөшөрүн билдирди. Уюмдун башчысы Абдыганы Шакиров кыргыз мигранттары каражат табуу үчүн келип, набыт болгонуна кейип турат:

- Бизге жеткен маалымат боюнча кичинекей тар батирде турган үйдөн өрт чыгыптыр. Абдан жаман окуя болду, кыргыздар акча издеп келип, кырсыкка кабылып жатышат. Биз дагы, элчилик дагы колдон келген жардамыбызды беребиз.

2012-жылы Москвадагы итальян рестораны өрттөнүп, каза болгон үч адамдын экөө кыргызстандыктар болгон. Дагы алты кыргызстандык ооруканада дарыланып чыккан. Жакында эле Орусиянын Пермь шаарында Кыргызстандан көчүп барган мигранттардын үйүнө белгисиз бирөөлөр өрт коюп, анын кесепетинен үч наристе жарык менен кош айтышкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG