Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:13

"Кыргыздар билимге эмес, тойго маани берет". Бир кылым өзгөрбөгөн кулк-мүнөз


Боз үйдүн жанында той болуп жатат. Француз изилдөөчүлөрүнүн 1906-1908-жылдардагы Борбор Азиядагы саякатында тартылган сүрөт.
Боз үйдүн жанында той болуп жатат. Француз изилдөөчүлөрүнүн 1906-1908-жылдардагы Борбор Азиядагы саякатында тартылган сүрөт.

Түркиядагы Докуз Ейлүл университетинин докторантурасын жактаган, учурда Стамбулда жашап, эмгектенген тарыхчы, окумуштуу Дастанбек Разак уулу “Кыргыздар Осмон басылмаларында” аттуу изилдөө жүргүзүп, айрым маалыматтарды өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялап келет.

Жакында эле изилдөөчү мындан бир кылым мурда Борбор Азияга келген түрк саякатчысынын кыргыздардын жашоо-турмушу тууралуу жазган эскерүүлөрүнөн үзүндү жарыялады. Анда чөлкөмдөгү элдердин ичинен эң эле той-ашка жакыны кыргыздар экени айтылып, кыргыз байларынын арасында “илим жана билимге жардам бергендер өтө сейрек кездешерин” белгилейт.

Биз изилдөөчү менен байланышып, ошол кездеги басылмаларга чыккан материалдарда кыргыздар тууралуу дагы кандай маалыматтар болгонун сурадык.

"Билимге болгон кайдыгерлиги жазылган..."

- Дастан мырза, XX кылымдын башындагы кыргыздар тууралуу учкай маалыматыңыз Кыргызстанда той-топурларга байланыштуу коомдук талкуулар күчөп турган маалда айтылды. Ошол макаланын жазылыш тарыхы, автору тууралуу айтып берсеңиз?

- Ооба, илимий эмгегимдин бир бөлүгү “Осмон басылмаларындагы кыргыздар” деп аталат. Негизинен беш-алты журналды карап, изилдеп чыктым. Ал убакта чыгып турган гезиттерде дагы кыргыздар тууралуу көп маалыматтар бар. Негизи Осмон мамлекетинде XIX кылымдын экинчи жарымынан кийин мезгилдүү басылмалар чыга баштаган. 1908-жылдагы төңкөрүштөн кийин эркиндикке жакындап, дагы көптөгөн журнал-гезиттердин чыгышына мүмкүнчүлүк болгон. Ошол убакта Стамбулда билим алган, тагыраагы, Орусия бийлигинин кысымынан качып келген казандык, крымдык башкырлар, татарлар бар болчу. Пантүркизм гүлдөп турган мезгилде Осмон түркологдору менен журнал-гезиттерди чыгара баштаган. Бул жалпы мусулман элдерин бириктирип, аларды ойготуу аракети болгон. Мына ошондо 1908-жылы Sırat-ı-Müstakim ("Туура жол"), 1910-жылы Teârüf-i Müslimîn ("Мусулмандарды таануу"), Hikmet (Хикмат), Тürk Yurdu ("Түрк журту"), Yeni Mecmua ("Жаңы жыйнактар"), Mihrap ("Михраб" - мечиттин кыбыла тарабындагы кеңейтилген жери) деген түрк журналдары чыгып турган.

Дастанбек Разак уулу
Дастанбек Разак уулу

Кыргыздар жөнүндө маалымат ошол Осмон басылмаларында чыгып калышына дагы татарлардын салымы аябай чоң. Себеби алар Орто Азияны жакшы билгендиктен маалымат алып турган. Ошол эле Орусия гезиттеринен дагы маалымат алып, аларды түрк тилине которуп, жарыялап турушкан. Анын үстүнө Оренбург, Казан жакта татар, башкырлар өзүлөрү дагы “Таң”, “Жылдыз”, “Убакыт” ж.б. журнал-гезиттерди чыгарышкан. Кыргыздар тууралуу бул журналдарда бир топ маалыматтар камтылган, айтылган. Эң алгач кыргыздардын билимге болгон умтулуусу же билимге болгон кайдыгерлиги тууралуу жазылган. Кыргыздын каада-салты, маданияты, тарыхы, 1911-жылдагы жер титирөө, 1916-жылдагы көтөрүлүш, орустардын кыргыздарды басып алганы, жерлерин тартып алып, сүрүп салганы, элдин кыйналганы тууралуу бир топ маалыматтарды көрө алабыз.

Биринчи жолу кыргыздар тууралуу макала Sırat-ı-Müstakim ("Туура жол") журналына 1909-жылы чыккан. Ал убакта татарлар кыргыздар менен казактарды айырмалабаптыр. Баарын эле кыргыз дей берген. Орустардын таасириби же өздөрү деле ошентип ойлошконбу, "Маңгыстаудагы, Оренбургдагы, Семейдеги кыргыздар" деп берет. Албетте, булардын казак экендиги түшүнүктүү. Кыргыздар темасындагы алгачкы маалыматта 1909-жылы “кытай кыргыздары” деп берилет. Окусам, Алтайдагы казактар жөнүндө берген экен. Ошол эле жылы жалпы билим маселеси боюнча “кыргыздарда медресе куруу” деген темада жазылган. Мехмет Кады деген киши медресе куруп жатканын, ал жакта көп жылдан бери сабак бергени, бирок медресе эскирип, элдин акча чогултканы, оңдоо иштери болуп жатканы тууралуу баяндалат.

Ушул эле журнал 1913-жылы “Наманган шаарында Мишрап Бай уулу деген кыргыз өз чөнтөгүнөн 250 миң рублге медресе курганы жатат. Ал үчүн тегирмен куруп, андан түшкөн акчага салынат” деген жаңылык жарыяланган. Орустар келип басып алган соң, кыргыздар тоо-ташка сүрүлүп калгандагы абалдан билим жолу менен чыгуу керек экендиги тууралуу сүйлөшүп, чогулуш өткөрүп турганы “Sırat-ı-Müstakim” журналына жазылган. Ушул эле журналда “кыргыздар орустар курган орус-тузем мектептерине бара баштады" деп жазышат.

“Кыргыздар той-ашка көп акча коротуп, илим-билимге анча көңүл бурбай жатат” деген мүнөздөмөлөрдү көрө алабыз. Дагы бир олуттуу маселе бар. Орустар басып алгандан кийин кыргыздардын аймактарын болуш, уезддерге бөлүп салган эмеспи.

“Шайлоо ишин кыргыздар таштап койгон. Жыйынтыгында кыргыздар болуш болуп шайланыш үчүн орустарга “бизди шайлап кой, колдоп кой” деп көптөгөн мал берип, коррупциялык жол менен шайлана башташкан. Берген акчасын кайра чыгарып алыш үчүн элди тоноп, паракорчулукка барышат” деп жазышкан. Азыркы биздин коомдо болуп жаткан көйгөй. Депутаттыка, айрым мамлекеттик кызматка келиш үчүн ушундай кылышарын угуп жүрбөйбүзбү. Жүз жыл мурда дагы ушундай болгон экен да деп ойлойсуң.

1900-жылдардагы Sırat-ı-Müstakim ("Туура жол") журналы.
1900-жылдардагы Sırat-ı-Müstakim ("Туура жол") журналы.

1911-жылдагы жер титирөөгө байланыштуу Sırat-ı-Müstakim ("Туура жол"), 1910-жылы Teârüf-i Müslimîn ("Мусулмандарды таануу") журналдары, Tanin деген гезит “кыргыздарда жер титиреди, буларга жардам бериш” керек деген мааниде жазып турган. Көбүнчө “кыргыздардын жерин орустар келип басып алды, тоо-ташка сүрүп салды” деген маалыматтарды беришкен.

“Тürk Yurdu” журналы 1915-жылы “кыргыздардан Биринчи дүйнөлүк согуш үчүн аскер алынат” деген маалыматтар жазылган. Ушул эле басылма 1916-жылдагы көтөрүлүш боюнча бир топ маалыматтарды жазган. Буга окшогон маалыматтар көп.

1918-жылы “Yeni” журналы кыргыздардын каада-салты, айрыкча тойлору тууралуу жазган. 1922-жылы Осмон мамлекети кулап, 1923-жылы Түркия Республикасы түзүлгөн. 1930-жылга чейин Осмон арибин араб алфавитинде колдонуп турушкан. Mihrat, Türkiye журналы Стамбул университетинде чыга баштаган. Türk Yurdu журналында “кыргыз” сөзүнүн этимологиясы, жашаган жери тууралуу илимий макалалар жарыяланып турган.

Тою болуп жаткан колукту. Кыргызстандын тоолуу чөлкөмү. Француз изилдөөчүлөрүнүн 1906-1908-жылдардагы Борбор Азиядагы саякатында тартылган сүрөт.
Тою болуп жаткан колукту. Кыргызстандын тоолуу чөлкөмү. Француз изилдөөчүлөрүнүн 1906-1908-жылдардагы Борбор Азиядагы саякатында тартылган сүрөт.

Али Сейфыоглу (Ali Seyfıoğlu) 1890-жылы кыргыздарга барып, азыркы Баткен, Кадамжай, Алай, Памир аймагына барган. Ошол тууралуу беш макала жарыяланган. Макалада Кадамжайда бир айылга келип, башкарма бийдин чатырында болгонун, килемдеринин кооздугун, анан кыргыздар менен кошулуп Алайга, Дароот-Коргонго барганын, кыргыздар жолдо жардам бергенин, Лейлек, Талдык, Лянгар, Теңизбай айылдарына барып, андан ары Памир кыргыздарына чейин жеткенин баяндаган.

1927-1931 жылдары Орто Азиядан качып барган интеллигенттер “Жаңы Түркстан” деген журналын чыгарган. Ошол журналда дагы кыргыздар тууралуу бир топ маалыматтар бар.

"Тойкана салган байлар көп, бала бакча салгандары аз"

- Кызыктуу маалыматтар экен. Сиз жогоруда айткан 1911-жылда жарыяланган макалада “кыргыздарда илим жана билимге көңүл бургандар өтө сейрек кездешет” деп мүнөздөлүп жатпайбы. Андан берки коомдук аң-сезимдеги өзгөрүүлөр тууралуу эмне айта аласыз? Азыр кыргыз коомунда илим-билимге болгон мамиле кандай?

- Кыргыздардын көчмөн жашоо мүнөзүнөнбү, айтор, XIX кылымдын аягында кошуна казактарга, татарларга, өзбектерге салыштырмалуу илим-билим жагынан артта калганбыз. Муну моюнга алып, ачык айтыш керек. Ошол убактарда бардыгы гезит-журналдарды чыгарып, мектептерди бизге караганда көп ачышкан. Көп чыгармалары, китептери жазылып калган. Ошондон улам жазып жатышпайбы “кыргыздар илим-билимге караганда той-топурга көп көңүл бурат” деп. Осмоналы Сыдык уулуна окшогондор көп чыгып, ошол мезгилдеги тарыхыбыз, маданиятыбыз жазылып калса, чоң эмгек болмок. Өзүмдүн илимий эмгегимди изилдеп жүрүп, Түркияда бир нерсеге таң калдым. 1990-жылдан баштап Кыргызстанда 10-20 жылдай жүргөн түрктөр кайра мекенине барганда, бул жактагы жашоосун эскерүү китеп кылып жазышкан. Азыр китепканаларда турат. Ал эми 1990-жылдан бери Түркияда жашаган кыргыздардын антип китеп жазганын көрө элекмин.

Азыр деле Кыргызстанда илим-билимге жакшы көңүл бурулбайт. “Билим ал, жакшы оку” деп, аң-сезим, дүйнө тааным өсүүсү үчүн эмес, “чоң болсун”, "акчалуу болсун" деп айтып калдык. Жөнөкөй айылдардагы байларды карап көрсөк, жакшы окуган окуучуларга стимул болсун деп стипендия уюштуруу же башка шаарга, чет өлкөгө жолдомо берүү деген салт жок. Мындай иштер болуп турса, билимге аябай чоң салым болмок. Айрыкча бизде мектептер, бала бакчалар жетишсиз. Бирок тойкана салган байларыбыз көп. Жеке менчик бала бакча салса, ал жерде деле бизнести жакшы жүргүзүп, акча тапса болот. Ал эми биздикилер акчасын билимден алыс нерселерге салып жатат. Түркияда атайын кайрымдуулук фонддору бар, байлары биригип ачышкан. Ал фонддон ай сайын мектеп окуучуларына, студенттерге стипендия бөлүп, жатаканаларын бекер кылып беришет. Өздөрүнө бир тыйын пайда деле келбейт. Бирок студенттердин окуусуна жардам дешет. Студенттер кандайдыр бир долбоор, илимий ачылыш жасашабы, ар дайым колдоп турушат.

"Кыргыздар чет жерде деле той кылышат"

- Мына ушул тапта Кыргызстанда той-топурлар күчөп турган маал. Кыргыз коомунда той-аштарга байланыштуу кезектеги талкуулар кайра жанданды. Кыйла жылдан бери кыргыздар ысырапкорчулукту токтотууга аракет кылып, үлпөт тойдун форматын өзгөртүү тууралуу талкуулап келебиз. Жакында эле коомдук ишмер Аскар Салымбеков өзүнүн сунушун айтып чыгып, талкуу жүрдү. Ушул темага өлкөнүн сыртындагы мекендештердин көз карашын кандай?

- Негизи тойлордун болуп турганы жакшы. Бирок кийинки убактарда тойлор өтө эле чектен чыгууда. Ашыкча нерселерди кошуп жатышат. Кыргызстандын ичинде минтип талкуу болуп жатканы жакшы. Бул “туура эмес нерселерди токтотуп, ысырапкорчулукту азайталы” деп ушул жолдон кайтуу аракетинин башталышы. Ошол демилгени ишке ашырсак жакшы болмок. Кыргызстанда жүргөндө дагы мынчалык билинген эмес. Бирок сыртка чыкканда оркоюп көрүнүп калат экен. Мен өзүм бул жакта бир гана түрктөр менен эмес, бир топ чет өлкөлүктөр менен сүйлөшөм. Аларда мындай жок. Тойлору болот, бирок бизчелик чоң ресторандарда өткөрүү, катар-катар унаалар менен жүрүү деген жок. Түрктөрдүн өздөрүндө үлпөйт тойлордо эки-үч унаа менен чыгышат, туугандары, тааныштары, жакындары келип, кошумчасын берип кетет. Ырчы, тамада болбойт, түрлөп салат, тамактар коюлбайт. Анча-мынча кургак жемиштерди, жаңгак, таттууларды, ширелерди коюшат. Анан торт беришет. Мындан башка биздикиндей ашыкча нерселерди коюшпайт.

Өзүмдүн башыман өткөн күлкүлүү бир окуяны айтайын. Бир тааныш түрк үйлөнүп калды. Кыргыз-казактар болуп чогулдук. Биздин тойлордой эле элестетип, үйдөн эчтеке жебей, ачка барганбыз. Барсак, үстөлгө эчтеке коюлбаптыр. Тойдон чыгып алып, сырттан тамак жегенбиз. Бул окуядан кийин тойго барарда сырттан тамак жеп калдык. Жалпы сырттагы мекендештердин көз карашында ашыкча тойлорго сын пикирлер бар. “Тапкан акчанын баары тойго кетип калат экен, бул туура эмес” деген ойлор бар. Бирок ошого карабай айрымдары Орусияда, Түркияда деле Кыргызстандагыдай той өткөрүп жатышат.

- Өткөн кылымдын 20-жылдарынан кийин жер которуп, Пакистан, Түркияга чейин жетип, отурукташып калган кыргыздардын урпактары менен көп жолугуп жүрөсүз. Алардын салт-санаасында деле той-топурга өзгөчө маани беришеби?

Түрктөр үйлөнгөндө кадимки эле тапанчадан асманга ок чыгарышат. Вандык кыргыздар бул адатты дагы түрктөрдөн үйрөнүп жатышыптыр. Кийингендери, айрым каада-салттары, тойдогу ырлары Памирдеги боюнча калган.

- 50-60-жылдары келген кыргыздар бар. Кыз алып, кыз берип, түрк айылдарында, шаарларында чогуу жашап, түрктөр менен аралашып кетти да. Ошондуктан алар түрктөрдүн каада-салтын колдонуп калышкан. 80-жылдары келген вандык кыргыздар бар. Алар бир айыл болуп отурукташып калгандыктан, көп жылга чейин Памирдеги каада-салттарын, той өткөрүү жөрөлгөлөрүн карманып келишкен. Бирок акыркы 10 жылдыкта алар дагы чыгымды азайтып, түрк маданиятына, түрктөрдүн той өткөрүү салтына өтө баштады. Бир үлпөт тойго барып калдым. Ошол айыл жалпы калың миң доллар болот деп эреже катары киргизип коюшуптур. Байы, кедейи деле ушул сумманы берет экен. Муну менен калың маселеси бүтөт. Кассеталардан көрүп калган мурунку айрым салттарын жоюшуптур. “Мурун ушундай эле го” десем, “ал нерселер жоюлуп баратат” дешти. Түрктөрдө үйлөнүп жаткан эки жашка туугандары, жакындары кыздын көйнөгүнө, баланын костюмуна акча кыстарышат. Ушул салтты түрктөрдөн алышыптыр. Түрктөр үйлөнгөндө кадимки эле тапанчадан асманга ок чыгарышат. Бул адатты дагы түрктөрдөн үйрөнүп жатышыптыр. Кийингендери, айрым каада-салттары, тойдогу ырлары Памирдеги боюнча калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG