Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Медал уткан спортчулар, күйөрмандардын кубанычы

Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан кыргызстандык оюнчуларды бүгүн, 7-августта Кыргызстандын эли чоң салтанат менен тосту. "Манас" аба майданында аларды расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу журналисттер, карапайым эл күтүп алды.

Кыргызстандык курама командага арналган салтанаттуу иш-чара андан соң Ала-Тоо аянтында уланды.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти жана ал Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.


16x9 Image

Эмилбек Чекиров

2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG