Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Бала асыроо жобосу талашка түштү


Эл аралык бала асыроочу уюмдарды Кыргызстанда каттоо тартиби жөнүндөгү жобо долбоору жарандык лидерлерде күмөн жаратууда.

Жарандык лидерлер өкмөт сунуштап жаткан жободо коррупциялык тобокелчилик чоң деп, аны бекитүүгө шашпоого чакырууда. Долбоордун өзгөчөлүктөрүн, жарандык коомду тынчсыздандырган жагдайларды “Азаттык” арай көз чарай талкуулады.

Талкууга Социалдык өнүгүү министринин орун басары Эдил Байсалов, Антикоррупциялык ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова катышты.

"Азаттык": Менин колумда жобонун 40 беренеден турган долбоору турат. Долбоор "Кыргызстандык балдарды асырап алуу боюнча чет мамлекеттердеги мекемелер менен уюмдардын ишмердиги жана аларды каттоо тартиби жөнүндөгү жобо" деп аталат экен. Азыр коомчулуктун талкуусунда. Жалпыга маалым, бул жобонун иштелип чыгышына бала асыроого байланыштуу чыккан чыр-чатактар мыйзам бузуулар себеп болду окшойт. Өкмөт сунуштап жаткан токтом долбоору бала асыроо тууралуу мурдагы токтомдон эмнеси менен айырмаланат? Өзгөчөлүгү эмнеде?

Эдил Байсалов: Бир топ эле өзгөчөлүктөр бар. Биз мурдагы жободон баш тартып, негизги принцип, жакында биз кол койгон Гаага конвенциясына кошулган мамлекеттер менен гана иш алып барабыз деп атабыз. Мурун бизге эл аралык уюм документинин көчүрмөсүн алып келип эле тапшырса, азыр биз ага өзүңүздүн мамлекеттик органдан өзүңүздүн бала асыроо боюнча лицензияңызды жана Кыргызстанга иштегенге компетенттүү орган берген жолдомону өзүңүздүн өлкө дипломатиялык каналдар аркылуу биздин мамлекетке жиберсин деп атабыз.

Экинчиси, бул маселенин баары комиссия аркылуу чечилет. Комиссияга бардык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү: саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер, коопсуздук (комитет – ред.), Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү жана жарандык коомдун төрт өкүлү (мурда экөө болчу) киришет.

Нурипа Муканова
Нурипа Муканова
Ошентип биз бир канча жоболорду бекемдедик. Мурда, мисалы, министр комиссиянын чечимдерин жокко чыгарып эле өз алдынча жоопкерчиликти алып, чечим чыгарып койсо, азыр ага да “жок” дедик. Азыр министр комиссиянын чечимине макул эмес болсо, өзүнүн макул эместигин негиздеп туруп, комиссияга кайра кайтарып берет. Бул жерде бир канча принципиалдуу өзгөрүүлөр кирип атат.

Бирок мен айтып коеюн: кечээ талкуу уюштурдук, бүгүн да уюштурабыз. Бул жерде "сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" болуп атабыз. Анан сен коррупционерсиң, анан коррупционер болуп кетесиң, сатып кетесиң деген сыяктуу сөздөр чыгып атат.

Эми Нурипа айым жакшы билет, коррупция дегенге канча эреже кылып койбо, калемдин учундагы чечим мамлекеттик кызматкерге тийиштүү болот. Таза адамдар иштейби-жокпу, ошондон көз каранды.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Нурипа айым, бул долбоорго сиздер экспертиза жасаган экенсиздер. 112 сын пикир бар экендиги тууралуу окуп калдым. Алар кайсылар? Пикир келишпестиктин өзөгү эмнеде болуп атат?

Нурипа Муканова: Өзөктүү жерлерин айтайын, мыйзам үстөмдүгү болушу үчүн долбоордун сапаты бийик болушу керек. Ошон үчүн биз антикоррупциялык долбоордон өткөрүп, ошонун негизинде кайра каралып чыксын деген талапты койгонбуз. Биз экспертизадан өткөрдүк.

Жумушчу топ иштеп чыккандан кийин, өкмөттүн сайтына илинген долбоорду экинчи ирет да өткөрдүк. Антикоррупциялык экспертизадан өткөргөндө эң биринчи талап, мыйзамдын тили менен айтканда, аныкталбаган, так эмес айтылган талап болбошу керек. Кош түшүнүк болбошу керек. Дискредитациялык чечим болбошу керек. Башкача айтканда тигил же бул мамлекеттик кызматкерге, министр болобу, комиссия болобу, өз алдынча чечим чыгаруу укугун бербеши керек. Анын бардыгы, бардык процедуралар жазылышы керек.

Бул алкактык документ эмес. Бул күндөлүк ишти жетектөөчү жобо. Ошондуктан ичинде бардыгы ачык-айкын жазылышы керек. Мисалы, бир мисалды келтирейин, экинчи бөлүмдүн бешинчи пунктунда бала асыроочу эл аралык уюмдун эмгек стажысы 10 жылдан кем болбошу керек деп жазылган. Биз кайсы документтер менен стаж бышыкталышы керек деп сурап атабыз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG