Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Бала асыроо маселеси жанданды


Токмок шаарындагы балдар үйүнөн америкалыктар асырап кеткен Элли-Аймана Латтэм ата-энеси, байкеси менен. Теннесси штаты, 2011-жыл.
Токмок шаарындагы балдар үйүнөн америкалыктар асырап кеткен Элли-Аймана Латтэм ата-энеси, байкеси менен. Теннесси штаты, 2011-жыл.

Эл аралык бала асыроочу уюмдарды Кыргызстанда каттоо тартиби жөнүндөгү жаңы жобо кабыл алынгандан бери Социалдык өнүктүрүү министрлиги чет элдик компаниялардан түшкөн алгачкы арыздарды карай баштады.

Азырынча бул боюнча Финляндиянын бир компаниясы гана толук документтерин тапшырган.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башчысы Марина Жапаркулованын айтымында, эл аралык бала асыроочу уюмдарды Кыргызстанда каттоо жараяны январь айында башталган. Азырынча бир гана финляндиялык компаниядан арыз түшүп, документтери тиешелүү органдардын текшерүүсүнөн өтүүдө.

- Чет өлкөлүк жарандарга балдарды асыроого берүү маселеси эми гана башталды десек болот. Анткени чет өлкөлүк уюмдарды каттоо боюнча жобо бекиди. Азыр бир гана уюм документтерин толугу менен тапшырды. Аларды текшерүү үчүн УКМК, ТИМ, ИИМге жөнөттүк. Алардан таза деп чыкса биз каттайбыз.

Чет өлкөлүк компаниялардан арыздарды кабыл алуу жараяны 23-февралда соңуна чыгат. Буга чейин бала асыроого байланыштуу кыңыр иштер ашкереленген соң тандалып алынган чет элдик уюмдардын ишмердиги да, балдарды асыроого берүү иши да токтогон болчу.

Ал эми Кыргызстандан чет элдик жарандарга бала асырап алуусун уюштурган фирмаларды каттоонун жаңы жобосу декабрда кабыл алынган. Министрликтин жана жумушчу топтун өкүлдөрүнүн айтымында, анда коррупциялык иштерге бөгөт болчу жетиштүү механизмдер камтылган. Анда эң негизги жоопкерчиликти министр алат.

- Жаңы жободо ар бир мамлекеттен катталган уюмдардын саны үчтөн ашпасын деген чектөөнү алып салдык. Кайсы жактан канча компания болбосун биздин жобого, нормаларга ылайык келсе бизге документтерин тапшыра берсе болот. Биз компанияларды караган комиссиянын иши жөнүндө норманы алып салдык. Анткени алардын чечимдери сунуш иретинде гана болчу. Бирок кандайдыр бир иш болсо алар четке чыгып кетишет. Жарандык коомдун өкүлдөрү министр жоопкерчиликти албаса бул комиссиянын эмне кереги бар деген сунуштарды айтышкан. Ошондуктан жаңы жобого ылайык бүт жоопкерчиликти министр алат.

АКШ -- Америкалык үй-бүлө асырап алган кыргызстандык кыз, 22-июль, 2012.
АКШ -- Америкалык үй-бүлө асырап алган кыргызстандык кыз, 22-июль, 2012.
АКШ Мамлекеттик департаментинин балдар иштери боюнча атайын кеңешчиси Сьюзан Жейкобс өкмөт өкүлдөрү менен декабрда жолугуп, Кыргызстанды эл аралык бала асыроого уруксат берүүнү тездетүүгө үндөгөн болчу. Ал америкалык жарандарга асыроого берүү үчүн бардык документтер бүткөрүлүп, бирок АКШга кете албаган балдар маселесин көтөргөн.

- Биз асырап алуу үчүн бардык документтери даяр, бирок бул жакта кармалып турган 14 баланын маселеси оңунан чечилет деп үмүттөнөбүз. Бул балдардын маселесин өзүнчө бөлүп карап, чечип берүүнү суранабыз. Анткени бул балдар жана алардын асырап алчу ата-энелери бир топ жылдан бери чечимди күтүп жүрүшөт.

Азыр алардын саны 13. Бирөөнү чоң энеси өзү багып алган. Калгандары балдар үйүндө тарбияланууда. Жапаркулованын белгилешинче, жаңы жобого ылайык америкалык үй-бүлөлөр каттоодон өткөн АКШнын уюму аркылуу кайрадан документтерин тапшыруусу зарыл.

Буга чейин чет өлкөгө асырандыга берилген балдардын тагдыры, алардын абалы тууралуу маалыматтын жоктугу катуу сындалып келген.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат бөлүмүнүн жетекчиси, депутат Дамира Ниязалиева балдардын абалынан кабар алчу, кайра отчет берчү механизмдерди тактоо, күчөтүү зарылдыгын белгилөөдө:

- Балдардын тагдырын, алардын жашап аткан шартын, кандай жерде окуп жатышканын билип, психологиялык жактан кандай өсүп жатат деген критерийлерге карап баа берилиши керек. Ушундай механизмдерди Тышкы иштер министрлиги сөзсүз кабыл алышы керек. Бул маселе катуу көзөмөлдү талап кылат.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда акыркы үч жылда асыроого 3600дөн ашуун бала берилген. Алардын дээрлик бардыгын жергиликтүү тургундар багып алышса, чет элдик жарандар 9 гана баланы алып кетишти. Учурда асырап алууга бериле турган 165 бала бар.

XS
SM
MD
LG