Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:20

Иса Өмүркулов камалабы?


Иса Өмүркулов "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 28-июль, 2011.
Иса Өмүркулов "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 28-июль, 2011.

Башкы прокуратура Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер кодексин одоно бузду деген айыбын угузду.

Башкы прокуратура 21-февралда Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айыбын угузду. Башкы көзөмөл органынын маалыматына таянсак, Өмүркулов 2011-жылы борбордун Түштүк дарбазасында жайгашкан Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аянтын 16 гектарга кыскарткан токтомду мыйзамсыз кабыл алган. Ал бул чечими менен Жер кодексин одоно бузуп, 16 гектар жерди жеке жана юридикалык жактарга 49 жылга ижарага берип салган деп айыпталууда. Башкы прокуратура маалымдагандай, Жеңиш сейил багынын чек арасы борбордун башкы планы боюнча жана деталдуу мерчемдөө долбоорунун негизинде жалпы аянты 49,92 гектар деп аныкталып, шаардык кеңеш аны 2009-жылы токтом менен бекиткен.

Өмүркулов: Жер тилкелерин көтөрүп кеткен жокмун да...

Деген менен башкалаанын мурдагы башчысы Иса Өмүркулов мындай айыптоонун баарын негизсиз деп эсептейт. Ал мэр болуп турганда бир да чарчы жер мыйзамсыз берилбегенин айтууда:

- Ал 16 гектар кайдан чыкканын билбейм. Жеңиш паркынын аянты бир дагы документте так көрсөтүлгөн эмес. Парк түптөлгөн 1979-жылы аянты 20 гектар деп көрсөтүлүптүр. А биздин токтом боюнча 33,92 гектар деп аныкталган. Анан кайдан азаят? Айтылып жаткан токтом тиешелүү мекемелердин макулдугу менен талданып туруп чыгарылган. А жанагы жер тилкелери 2002-жылдан баштап берилген. Мага коюлган айыптын баары негизсиз. Мен жер тилкелерин көтөрүп кеткен жокмун да. Баары ордунда турат.

Өмүркуловго карата козголгон кылмыш иштин сотко ашаарына анчейин ишенбей, муну саясий оюн катары баалагандар да жок эмес. Алардын бири - баш калаадагы жер тилкелеринин мыйзамсыз берилиши боюнча бир катар басма сөз жыйындарын өткөргөн “Эркин эл” саясый партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков. Ал бийликтеги партиянын өкүлүнө козголгон кылмыш ишти саясий каршылаштарды сооротуу деп түшүнөт:

- Биз эки жыл бою Бишкек мэриясындагы коррупциялык схемалар боюнча тиешелүү органдарга бир нече жолу кайрылганбыз. Тилекке каршы, мэрге коррупция эмес, башка берене боюнча кылмыш иш козголду. Бул саясый оюн же болбосо бийликтин элди алдоо максатында жасаган саясаты. Анткени башка оппозициялык саясатчыларга айыбы угузулаары менен түрмөгө камап, катуу чара көрүп жатышат. Менимче, Өмүркуловдун иши сотко жеткен күндө да эч кандай жоопко тартылбайт.

Президент Алмазбек Атамбаев Өмүркулов тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, анын убагында мыйзамсыз жер берилбегенин айткан жайы бар.

Сейил бактарга сепил салууга жол ачкан эмне?

Бишкектеги жер тилкелеринин коррупциялык схемалар менен берилишине башкы пландын ачык көрсөтүлбөй жатышы себеп. Мындай оюн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков билдирди:

- Бишкектин башкы планын ачык-айкын эл алдына коймоюнча мындай иштер улана берет. Азыркы мэр болобу, кийинкиси болобу, парк зоналарын чекесинен кертип жеке колго бере бериши мүмкүн. Анткени кайсы жер сейил бак экени, кайсы жерге кандай курулуш түшөөрү көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан биз маселени түбүнөн чечип, башкы планды эл алдына ачык көрсөтүшүбүз керек.

Башкы прокуратура Иса Өмүркуловго карата кылмыш ишти 2013-жылдын 2-декабрында козгогон. Баш коргоо чарасын аныктоого өлкөдөн чыгып кетпөө тууралуу тил кат негиз болгон. Ал 4-декабрда өз ыктыяры менен кызматын тапшырган. КСДП фракциясынын мүчөсү болгон Өмүркулов баш калааны 2010-жылдын апрель айынан бери жетектеп келди.

XS
SM
MD
LG