Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:46

2018: "Азаттык", Айтматов жана Уланбек


"Азаттык+" берүүсүнүн алып баруучулары Айкөл менен Айдана.
"Азаттык+" берүүсүнүн алып баруучулары Айкөл менен Айдана.

"Азаттыктын" өткөн жылдагы ийгилиги, өксүгү жана жаңы долбоорлору тууралуу окурмандар үчүн отчет.

“Умтулуу” сыйлыгы

“Интерньюстун” кесипкөй журналисттер арасында өткөрүлгөн “Умтулуу” аттуу улуттук сынагынын алкагында “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаевге атайын диплом жана Адилет Бектурсуновго калыстардын атайын сыйлыгы ыйгарылды.

Сыйлыктар 22-апрелде Бишкек шаарында өткөн “Медиа топтоо” форумунда тапшырылды.

Эгизбаев “Журналисттик иликтөө”, Бектурсунов “Атайын репортаж” номинациялары боюнча сынакка катышкан.

"Азаттыктын" кабарчылары Уланбек Эгизбаев, Сабыр Абдымомунов, Адилет Бектурсунов.
"Азаттыктын" кабарчылары Уланбек Эгизбаев, Сабыр Абдымомунов, Адилет Бектурсунов.

“Умтулуу” (“Стремление”) сыйлыгы “Мыкты жаңылык репортажы”, “Мыкты атайын репортаж", "Лонгрид (узун баян)”, “Мыкты журналисттик иликтөө” жана “Бирөөнүн өмүрүн өзгөрт” атайын номинациялары ыйгарылды.

"Алтын калем"

22-июнда "Азаттык" радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев белгилүү журналист, публицист жана жазуучу Кален Сыдыкованын “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болду.

Сыйлыкты публицист Кален Сыдыкова коомдогу талылуу маселелерди тартынбай элдин алдына алып чыгууга кудуреттүү жаш жана таланттуу журналисттерди колдоо максатында уюштурган.

"Алтын калем" сыйлыгы буга чейин Кыргызстанда эгемендиктин алгачкы жылдары президенттин атынан уюштурулуп, аны ыйгаруу 2003-жылы токтотулган.

Жигит өлбөс болсочу...

Тилекке каршы, Уланбек Эгизбаев алдыга койгон бийик максаттарына жетпей калды.

Күтүүсүз жерден каргаша тооруп, 22-июлда чыгаан журналист, көптөгөн курч иликтөөлөрү менен таанымал кесиптешибиз Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезинде мезгилсиз кайтыш болду.

Ички иштер министрлиги Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Уланбек Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Уланбек 28 гана жашта эле. Жаштыгына карабай коомдогу курч маселелерди, көйгөйлөрдү иликтеп, кыргыз элине кеңири таанылган, мекенчил жигит болчу.

Ал "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн бир катар резонанс жараткан иликтөөлөрдү жасаган.

Ал өзгөчө бажы тармагындагы шектүү иштер, коррупциялык амалдар тууралуу бир нече иликтөөлөрдү жасаган.

Уланбек Эгизбаев. Өксүткөн жоготуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:19 0:00

​Уланбек Эгизбаев каза болордон эки ай мурда Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын (иликтөөнүн аталышы: "Саясатташкан мумия"), Бишкекте жана анын тегерегинде өрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин (иликтөөнүн аталышы: "Көрүстөндөгү коррупция") иликтеген.

Анда Эгизбаев кабырлар кызылдай акчага сатыларын, көрлөр тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткенин айтып чыккан.

Уланбек Эгизбаевдин сыйлыгы.
Уланбек Эгизбаевдин сыйлыгы.

27-июлда бул иликтөө “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ички сынагында “Айдын мыкты телеберүүсү” деп табылды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун комиссиясы берүү ички сынакта жеңгенин күбөлөндүргөн сертификатты кыргыз редакциясына 27-июлда тапшырды. Калыстар тобу Уланбек Эгизбаевдин программасын “Айдын мыкты телеберүүсү” деп тапкан бүтүмүн анын көзү тирүүсүндө эле чыгарган.

“Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү Кыргызстанда чоң резонанс жараткан телеберүү болгон.

“Азаттык” радиосу берүүнү алгач ЭлТР телеканалынан берип, Интернет сайтына жарыялаган. Аны кийин Коомдук телеканал (КТРК) да кайталап көргөзгөн.

Берүүнүн кыскартылган варианты “Эркин Европа/Азаттык” радиосунда англис жана башка тилдерге да которулган.

Эгизбаевдин көрүстөн тууралуу бул иликтөөсү боюнча эки кылмыш иши козголгон.

Уландын иши уланат

Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фондунун бет ачары 14-сентябрда Бишкекте өттү.

Ага журналисттер, саясатчылар, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Коомдук фонддун төрагасы Айбек Турдалиевдин айтымында, уюм Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.

Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу маселелерди иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт.

Журналисттик иликтөөлөр фондунун эн белгиси.
Журналисттик иликтөөлөр фондунун эн белгиси.

​Ошондой эле фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын" негиздеди.

Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылып турмай болду.

Журналисттик иликтөөлөр коомдук фонду активдүү жарандар өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Фонддун эсебине алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которгон.

Уланбектин "Эрдиги"

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Уланбектин ата-энеси Жыпаркүл Сариева менен Токтосун Калиев өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган "Эрдик" медалын ата-энесине тапшырып жатып, “Уланбек коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик саясатты активдүү колдогон” деп билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаевдин журналисттик иликтөөлөрү менен жакшы тааныш экенин, аларга өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын кошумчалады.

Таланттуу журналисттин ысымы кыргызстандыктардын жүрөгүндө, атамекендик журналистиканын тарыхында сакталып каларын белгиледи.

Уланбек “Улут абийири”

Наам 18-октябрда Бишкектеги Кино үйүндө өттү. Сыйлыкты Интеллектуалдар альянсынын "Чеч-Дөбө" кеңеши негиздеген.

Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган "Улут абийири" сыйлыгы анын энесине тапшырылган учур. 18-октябрь, 2018-жыл.
Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган "Улут абийири" сыйлыгы анын энесине тапшырылган учур. 18-октябрь, 2018-жыл.

Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган сыйлыктын статуэткасы, акчалай сыйлыгы жана диплому маркумдун жакындарына тапшырылды.

Сыйлык 2017-жылы негизделип, алгач ирет журналист Нарын Айыпка берилген.

"Чеч-Дөбө" кеңешинин интеллектуалдар альянсынын 19 мүчөсү бар. Арасына коомдук ишмерлер, саясат таануучулар, публицисттер жана башка тармактын өкүлдөрү кирген.

“Чындык деп жанган өмүр”

Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби “Азаттык Медиа” мекемесинин демилгеси жана “Сорос - Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу менен жарык көрдү.

Китептин бет ачары 13-ноябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинде анын энеси, саясатчылар, парламент депутаттары, журналисттер, активисттер, кесиптештери, "Азаттыктын" жетекчилеринин жана университеттеги мугалимдеринин катышуусунда өттү.

Китептин орус тилиндеги котормосу быйыл чыгат.

“Азаттык” радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” деген аталыш менен жарык көргөн бул китебине анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди.

Ошондой эле журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан сүрөттөрү камтылды.

Мындан сырткары ал жөнүндө дилбаяндарды, эскерүүлөрдү, сүрөттөрдү да ушул китептен табууга болот. Китептин электрондук вариантын ушул жерден жүктөп көчүрүп алыңыз.

Уланбек кесипкөй журналист

“Азаттык” радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист, маркум Уланбек Эгизбаевге дүйнөдөгү чыгаан журналисттерге берилүүчү “David Burke” сыйлыгы ыйгарылды.

Уланбек Эгизбаевдин сыйлыгы.
Уланбек Эгизбаевдин сыйлыгы.

Сыйлыкты “Глобалдык медиа үчүн америкалык агенттиктин” башчысы Жон Лансинг 6-декабрда Прагада өткөн жыйында “Азаттыктын” командасына тапшырды.

Бул сыйлык жыл сайын дүйнөдөгү өзгөчө кесипкөйлүгүн көрсөткөн журналисттерге берилип келет.

Ушул эле күнү Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” аттуу иликтөөсү “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун жылдын мыкты программаларынын бири деп таанылды.

"Бир дүйнө": Уланбек уланат

16-ноябрда Бишкекте адам укуктарына арналган “Бир дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Фестивалга аялдардын, мигранттардын, балдарын укуктарын чагылдырган, экология маселесин көтөргөн жана жаркын жашоого үндөгөн 25 тасма тандалып алынган.

Бул жылы фестивалдын алкагында биринчи жолу “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин урматына “Уланбек уланат” аттуу сыйлык тапшырылды. Аны “Чаңгет” тасмасы менен жаш режиссёр Аида Мидий кызы жеңди.

Андан сырткары Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө тартып кеткен акыркы эмгектеринин бири “Другая жизнь” тасмасы сыйлыкка татып, ал Уланбектин апасы Жыпаркүл Сариевага тапшырылды.

Устат менен коштошуу

2018-жылы "Азаттыктын" жамааты дагы бир жоготууну баштан кечирди. "Азаттыктын" Бишкек кеңсесин 2010-2013-жылдары жетектеген, соңку учурда маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү 59 жашында дүйнөдөн кайтты.

Султан Жумагулов "Азаттыкта" иштеп жүргөн кезинде "Ар кимдин апасы өзүнө аппак", "Кантип президент болбой калдым?", "Караңгылык кыргызды каптаган жок", "Сөөк коюу: тирүүлөрдүн шору", "Бир курсакка канча кой батат?", "Спортту кыргызча “сүйлөтө” алабызбы?", "Депутат болуп өлсөм арманым жок...", "Утулдук, бирок жеңдик", "Ош кимдики?" ж.б. макала-блогдорду жазган. Бир катар журналисттерди таптаган.

Султан Жумагулов оптимист эле...
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:16 0:00

Чындыктын үнү өчпөйт

"Алтын кенинде уюган кылмыштар". 06.09.2018

Уланбек Эгизбаев кайтыш болгондон кийин мындан ары "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн тагдыры кандай болот, иликтөө токтоп калабы деген суроолор көп болду.

Бирок биз окурмандарга айта кеткибиз келет, "Азаттык" дайыма эл үчүн кызмат кылат. Уланбектин иши токтобойт, ал тутантып кеткен от өчпөйт. Коомдогу коррупция, алдамчылык, ташбоорлукка тикенектей сайылган чындык эч убакта майтарылбайт.

Учурда "Азаттыкта" иликтөө жанрын колго алган журналисттер көбөйдү. Элеонора Бейшенбек кызы, Ыдырыс Исаков, Токтосун Шамбетов ж.б. журналисттер коомдогу орчундуу көйгөйлөрдү коркпой-үркпөй ачык чагылдырып жатышат.

Кыргызстанда кен байлыктарга байланыштуу чыр токтобой келет. Айрым учурда бийлик жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек түрлөрүн катып турган корук ичинен кен казууга уруксат берген жагдайлар ачыкка чыккан. Элеонора Бейшенбек кызы мына ошол жагдайды иликтеген.

Чаткал: Алтын кенинде уюган кылмыштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:44 0:00

"Бандиттер байырлаган Ош". 12.09.2018

Кыргыз коомунда криминал күч алып, милиция кызматкерлери менен шилекей алышып кеткени көптөн бери айтылып келет. Жергиликтүү бийлик кылмыштуу топторду шайлоо учурунда же жеке иштеринде курал катары колдонуп келгенин буга чейин далай жолу жазып келгенбиз. Айрыкча Ош шаарында бул маселе курч экенин кабарчыбыз Ыдырыс Исаков менен Элеонора Бейшенбек кызы тарткан "Бандиттер байырлаган Ош" аттуу иликтөөдөн көрө аласыздар.

Бандиттер байырлаган Ош
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:54 0:00

Бул иликтөө үчүн Адам укуктарын чагылдыруу боюнча журналисттер арасында жарыяланган сынакта экинчи орунду алды.

Конкурс Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү менен Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан өткөрүлгөн.

БУУнун Адам укуктары боюнча декларациясы кабыл алынганынын 70 жылдыгына арналган сынакка Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан 169 материал келип түшкөн.

Турак жай курулушундагы “афера", 03.10.2018

Бишкек шаарында жер тилкелерине, курулушка байланыштуу чыр, жемкорлук фактылары арбын катталат. Турак жай тартыштыгынан улам айрым компаниялар элди үй куруп беребиз деген убадага ишендирип, аягында сызга отургузуп кетүүдө. Кабарчыбыз Токтосун Шамбетов мына ушул көйгөйдү иликтеген.

Турак жай курулушундагы “афера”
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:04 0:00

"Төрөтканада сатылган ымыркайлар". 12.11.2018

Ушул жылдын сентябрь айында милиция жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатып жүргөн дарыгерлердин тобу кармалганын жарыя кылды. Ички иштер иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылдан бери бала сатуу окуясы боюнча 20 кылмыш иши козголуп, анын 14 сотко жеткен. Соттон кандай чечим кабыл алынып, жазасын алгандардын так саны жок.

Төрөтканада сатылган ымыркайлар
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:53 0:00

"Прокурорлордун табышмактуу өлүмү". 26.12.2018

Жыл аяктап бараткан айларда Ош, Баткен облусунда кандуу окуялар катталды. Эки прокурордун, жергиликтүү депутаттын өлүмү боюнча бүгүнкү күнгө чейин ар кандай айың сөздөр тарап, табышмактуу жагдайларга жооп табылбай келет. Бул окуялардын себебин аймактагы аткезчилик, коррупция менен байланыштыргандар бар. Токтосун Шамбетовдун иликтөөсү.

Прокурорлордун табышмактуу өлүмү
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:04 0:00

Биз жана дүйнө

"Азаттыктын" журналисттери дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө барып, Кыргызстандын кызыкчылыгы бар чуулгандуу иштерди иликтеп, ошондой эле бизге өрнөк боло турган тажрыйбаны чагылдырды.

Бакиевдин байлыгын Британия текшереби? 31.05.2018

Британияда шектүү кыймылсыз мүлк же күмөн жараткан байлыкты иликтөөгө жардам берген жаңы мыйзам иштей баштады. Бул мыйзам мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиев жашайт делген Лондондун четиндеги “хансарайдын” таржымалын иликтөөгө жол ачышы мүмкүнбү? Кубат Касымбеков менен Улан Асаналиевдин атайын иликтөөсү Англияда тартылды.

Бала саткан мафия - Кыргызстан-Италия. 25.10.2018

Италиянын Савона шаарында Кыргызстандан "бала багып алам" деп барып, алданып калган адамдардын арызы сотто каралууда. Балдарды соодалаган чуулгандуу иштин жандырмагын Айнура Жекше кызы менен Токтосун Шамбетов издешкен.

Жандырмагы жок жардыруу. 17.10.2018

Санкт-Петербургдагы метродо 2017-жылдын 3-апрелиндеги жардырууну ким, эмне максатта уюштурганы беймаалым бойдон калып келет. Кылмышка шектелип кармалган кыргызстандыктар күнөөнү моюнуна алган жок. Санжар Эралиев, Лазат Жаныбек кызы жана Айбек Кулчуманов бир жыл мурда болгон окуянын бүдөмүк жагдайларын иликтегенге аракет кылышты.​

Атамбаевдин миллиондору. 5.12.2018

УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу жагдайларды териштирип жатат. Ушул тушта экс-президенттин мүлкүн, байлыгын текшерүүнү талап кылгандардын катары калыңдай баштады. Элеонора Бейшенбек кызы, Айбек Кулчуманов, Элвира Будайчиева, Улан Асаналиев Бишкекте жана Измирде Атамбаевдин миллиондорунун таржымалын иликтешти.

Сеул: "Акылдуу шаардын" сырлары. 19.07.2018

Түштүк Кореянын борбору акылдуу шаарга айланганы автокырсыктар азайды. Үч миллиондон ашуун унаасы бар шаарда тыгын аз. Асфальт паркка айланууда. Сеулдан биздин коңшулар үлгү алууда. Бишкек качан баштайт? Корейлердин тажрыйбасы менен Али Токтакунов тааныштырат.

Прага-Бишкек: шаар кантип курулат? 5.09.2018

IX-X кылымдарда пайда болгон Прага менен 100 жылдан ашык тарыхы бар Бишкекти көп жагынан салыштырып болбойт. Бирок баш калааны пландоо жана аткаруу принциптери, байыркы же жаңы шаар болобу, бардык жерде бирдей болууга тийиш.​ Прага менен Бишкектин курулушуна Айнура Жекше кызы менен Токтосун Шамбетов кызыгып көрүштү.

Таштандыны азайткысы келген замандаштар. 12.07.2018

Zero Waste же таштандысыз жашоо - тамак-аштан, турмуш-тиричиликтен чыккан таштандыны азайтуу же аны такыр токтотуу, калдык чыгарбай, жашыл жаратылышка зыян келтирбей, аны көздүн карегиндей сактоо дегенди билдирет.​ Элиза Кененбаева таштандысыз жашоого өткөндөрдүн турмушуна кызыкты.

Армения: 100 күндөгү өзгөрүү. 23.08.2018

“Баркыт революциясы” менен келген армян өкмөтүнө 100 күн. Никол Пашинян эмнени өзгөртө алды? Коррупция менен күрөш максатына жеттиби? Жаштардын командасы кандай иштеп жатат? Аларга элдин ишеними кандай?​ Ереванда Пашинянга Али Токтакунов суроо узатты.

Эл ичи - өнөр кенчи

"Азаттыктын" кабарчылары 2018-жылы эл арасын көп кыдырды. Кызыктуу окуяларды көз жаздымда калтырбаганга аракет кылды. Эл ичиндеги өзгөчө таланттуу, боорукер, күжүрмөн адамдар тууралуу тасмаларды тартты. Айгерим Акылбекова жана Айкөл Нурланбеков тарткан айрым видеолорду сунуштайбыз:

Чектелбеген мүмкүнчүлүк

33 жаштагы Нишана Жээналиева тубаса майып, эки колунда бирден гана манжасы бар. Ошого карабай алты саны аман башка адамдардай эле иштеп, бала тарбиялап, кино тартып келет. "Азаттык" Нишана тууралуу видео тарткандан кийин кайрымдуу адамдар ага картошка тазалай турган жабдуу алып беришкен. Өзү болсо таэквондо менен машыгып, паралимпиадага даярданып жатканын кабарлады.

Нишана: манжамдын жоктугуна майышпайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:36 0:00

Салт жана спорт

Эр сайышка чыккан каскадер кыз Диана Ашырбаева ат мингенге чейин таэквондо менен машыгып, модел катары өзүн сынап көргөн. Кесиптештери бийкечтин шамдагайлыгын, ат үстүндө өзүн камгактай жеңил сезерин макташат. Диана "Эркин Европа-Азаттыктын" жыл ичиндеги каармандарынын катарынан орун алды.

Эр сайышка түшкөн бийкеч
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:16 0:00

Миграциянын оош-кыйышы

Чүй облусунун Ивановка айылынын тургуну Зарипа Шайлообекова сегиз небересин багат. 60 жаштагы чоң эненин балдары Орусияга иштегени кеткен. Миграциянын оош-кыйышын чагылдырган бул видео 13-октябрда жарыяланган. Англис тилине которулуп, "Азаттыктын" бир нече кызматы сайтына жайгаштырган.

Мигрант балдары: чоң эненин түйшүгү
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:14 0:00

Искусство жана туризм

Швейцариядан келген жубайлар, Чоң-Кеминдеги Тар-Суу айылында бир ай жашап, айыл турмушундагы жашоочулар байкабаган айрым көрүнүштөрдү сүрөт аркылуу чагылдырган. Кызыгы экөө тең сүрөтчү болгондуктан талаш-тартыш менен талкууга жакын.

Тар-Сууга ашык болгон чет элдик жубайлар
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:14 0:00

Көкбөрү жана улуттар ынтымагы

Андрей 19 жашта. Ал төрт жашынан тарта ат минип, мал менен чоңойгон. Кыргыз тилинде эркин сүйлөйт. Айылдаштары менен жумасына бир жолу улак тартканды өнөкөткө айландырып алган. Кыялы Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курамасына кирип, Манас Ниязовдой күчтүү улакчы болуу.

Улакчы Андрей
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:13:42 0:00

Коом жана кайрымдуулук

Күйөөсү менен Нижне-Серафимовкадагы майыптар жана карылар үйүндө жашап, уулун аргасы жок балдар үйүнө берген Жибек Сагынбекова тууралуу "Азаттык" радиосу тасма тарткандан кийин анын турмушу өзгөрүп, үйлүү болду.

"Азаттыктын" жаңы долбоорлору

"Эже-сиңдилер"

Берүү 2018-жылдын башында тартыла баштаган. Максаты кыргыз коомундагы аялдардын, кыз-келиндердин көйгөйүн, жашоо-турмушун талкуулоо, айрым маселелерди чечүүгө үн кошуу. Учурда берүүнү Элира Турдубаева алып барууда.

"Картина маслом"

2018-жылы орус тилинде чыккан бул долбоордун автору - Рахат Асангулова. Ал кыргыз коомундагы жана чет элден келген интеллигенция, маданият өкүлдөрү студияга чакырып, иштен тышкары жашоо, өмүр, сүйүү, бала ж.б. тууралуу кенен сүйлөшөт.

Философиялык ой-толгоолор көп айтылган бул берүү бат эле өз көрүүчүлөрүн тапты. Маектер топтомун толук бул жерден көрсөңүз болот.

Саясатчы Эдил Байсалов менен маек

​Дарыгер, блогер Валентина Пахман менен маек

"​Бийлик сырлары"

Журналист Бермет Букашеванын автордук долбоору "Азаттыктын" студиясында күз айларында чыга баштады. 30 мүнөттүк берүү бат эле өз көрүүчүлөрүн таба алды. Маектердин толук топтому бул жерде.

Окумуштуу, коомдук ишмер Зайнидин Курманов менен маек.

​Саясатчы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев менен маек.

"Азаттык плюстун" жаңы деми

2018-жылдан тартып "Азаттык+" берүүсүн Айкөл Нурланбеков менен Айдана Топчубаева алып бара баштады.

"Азаттык плюстун" эки алып баруучусу продюсери менен Өзгөндө. Айкөл (солдон биринчи) Жанар (ортодо) жана Айдана.
"Азаттык плюстун" эки алып баруучусу продюсери менен Өзгөндө. Айкөл (солдон биринчи) Жанар (ортодо) жана Айдана.

Айкөл жана Айдана жыл ичинде жаштардын ар кыл көйгөйүн чагылдырууга аракет кылышты. Алардын айрымдары төмөнкү видеолордо.

"Азаттык+" студенттердин жатаканасында

Жаш адистердин көйгөйү жана кыялы

"Азаттык плюстун" жыл ичиндеги каармандары студияда

"Азаттык+" жыл жыйынтыгын чыгарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:50 0:00

"Азаттыктын" журналисттеринин ийгиликтери

31-июлда Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгү уюштурган сынакта “Азаттыктын” кабарчысы Айгерим Акылбекованын качкындар тууралуу тасмасы 3-орунду алды.

Оогандык качкын Фархад кызы менен.
Оогандык качкын Фархад кызы менен.

Тасма Ооганстандан келген үй-бүлөнүн жашоосун баяндайт. Андагы баш каарман он эки жаштагы Фархад кыргыз өкмөтү анын үй-бүлөсүнө качкын макамын беришин, башкалардай эле кенен-кесири жашоону кыялданат.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө качкын макамын күтүп жаткан 159 адам бар.

Фархад: Кыргыз жарандыгын алгыбыз келет
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:59 0:00

Эгемендик күнүнө карата президент Сооронбай Жээнбековдун жардыгы менен акын, «Азаттык медиа» мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгуловага "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам ыйгарылды.

Бурулкан Сарыгулова.
Бурулкан Сарыгулова.

Бурулкан Сарыгуловага журналисттик ишмердиги жана чыгармачылыгы үчүн көптөгөн сыйлыктар, лауреаттык наамдар ыйгарылып келген. "Алыкулдун ак боз ат" фестивалынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын, “Эл агартуунун отличниги”. “Сыр сандык”, “Жетелешкен жылдар” ыр жыйнактарынын автору.

Бурулкан Сарыгулова көп жылдан бери “Азаттык Медиа” мекемесинин (“Азаттык” радиосунун) баш редактору кызматын аркалап келе жатат.

Бүбүкан Досалиева.
Бүбүкан Досалиева.

Ушул жылдын ноябрь айында "Азаттыктын" көрүнүктүү журналисти Бүбүкан Досалиева чыгармачылыгынын 40 жылдыгын белгиледи. Бул датага байланыштуу өлкө президенти куттуктоо жолдоду.

"Калың кыргыз журтчулугу Сизди Кыргызстандагы белдүү радиожурналист, улуттук журналистикада өзүнүн татыктуу орду бар чыгармачыл инсан катары жакшы билет.

Сиз көп жылдар бою талыкпаган эмгегиңиздин аркасы менен чыгармачыл бийик максаттарды багынта алдыңыз. “Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Алтын калемине”- эң жогорку журналисттик сыйлыктын ээсисиз" деп белгилеген президент Сооронбай Жээнбеков.

Бүбүкан Досалиева "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүн алып барган. Учурда продакшн менеджер кызматын аркалап келет.

"Азаттыктын" кабарчысы Айгерим Акылбекова декабрь айында "Кыргызстандын юристтери" бирикмесинин аялдарга жасалган зордук-зомбулукту токтотуу үчүн өткөргөн сынагында 2-орунду алды.

Тагдырлаштарына таяныч болгон Гүлзана. 12-ноябрь, 2018-жыл.

Тагдырлаштарына таяныч болгон Гүлзана
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:51 0:00

Сыйлыкка анын майып адамдарга соцтармактар аркылуу дем берип келаткан Гүлзана Жаркынбаева тууралуу тарткан видеосу илинген.

Ушул эле сынакта "Азаттыктын" кабарчысы Нуржан Токтоназарованын "Билимдүү аялдар көп ажырашабы?" аттуу репортажы 3-орунга татыды. Кабарчы китеп жана диплом менен сыйланган.

Ал эми "Азаттыктын" Ысык-Көлдөгү кабарчысы Асеин Маданбеков Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын жакшы чагылдырганы үчүн өкмөт башчынын атайын диплому менен сыйланды.

Медицина жаатындагы көйгөйлөрдү чагылдырып келген кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаева "Жардам берүү жеңил" коомдук уюму өткөргөн сынакта рак оорусуна чалдыккан адамдардын акыбалын, алардын көйгөйүн көп чагылдырганы үчүн 1-орунду алды.

“Азаттыктын" жамааты ОшМУга барды

Ош мамлекеттик университетинде 6-ноябрда “Азаттык - ОшМУ” деп аталган медиафорум өттү. Иш-чара “Азаттык” радиосунун 65 жылдыгына арналды.

“Азаттыктын” жетекчилиги жана аталган окуу жайын бүтүрүп, бул радиодо эмгектенип жаткан журналисттер студенттер менен жолугуп, баарлашты.

Суроо-жооп, талкуу форматындагы форум эки тараптын демилгеси менен уюштурулду.

Ош мамлекеттик университети - Кыргызстандагы эң алгачкы окуу жайларынын бири.

Ал эми “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү 65 жыл мурда обого чыга баштаган. Кыргыз тилиндеги алгачкы уктурууну 1953-жылы 18-мартта Мюнхендеги студияда белгилүү кыргыз журналисти Азамат Алтай даярдап, обого алып чыккан.

"Азаттык" жана Айтматов

“Азаттык” радиосунун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. "Мен билген Айтматов" аттуу сынактын сыйлыгын тапшыруу аземи 6-декабрда “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинде болду.

Чыңгыз Айтматов тууралуу сынактын сыйлыктары.
Чыңгыз Айтматов тууралуу сынактын сыйлыктары.

Биринчи орунга Жолдошбай Осмонов, Мирзохалим Каримов, Сүйүнбай Капаров, Ырысбай Абдыраимов, Тилав Расул-заде, 2-орунга Нарынкүл Назаралиева, Кайрат Искендеров, Эркингүл Тургунбекова, Рыскул Касымбеков, Жали Соданбек, Мирсаид Анарбаев, Сакан Сатыбеков, 3-орунга Алимжан Алибеков, Адил Какенов, Мая Осмонкулова, Бурулкан Бакеева, М.Алчикенов чыкты. Ал эми кызыктыруучу сыйлыктар Меңдибек Асылбеков, Тилекбек Кудайбергенов, Замир Алдаяров, Калыс Кенжебаев, Апилмажун Темиралиев, Абдил-Ахат Курбан уулу, Авазбек Жусупбеков, Турсунали Матазимовго берилди.

Биринчи орунду алгандар букридер (китепти электрондук түрдө окуган жабдык), Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын диски, Ардак баракча алышты.

Экинчи орунга Ардак грамота менен букридер, үчүнчү орунга Айтматовдун чыгармаларынын он томдугу, тасмалар диски, Ардак баракча тапшырылды. Кызыктыруучу сыйлык катары "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин "Чындык деп жанган өмүр" китеби жана рюкзак ыйгарылды.

Сынак быйыл июнда жарыяланган. Ага жалпысынан кыргыз жана орус тилиндеги 100дөн ашуун блог, бир нече аудио жана видеолор келген.

Негизинен Айтматовдун бейнесинин белгисиз жактарын баяндаган, анын чыгармаларын, каармандарын жаңыдан ачып берген аңгеме, блогдор көп түштү.

Редакциянын почтасына келген видео, аудио жана айрым тексттерде автордук укукка жана сапатка байланыштуу маселелер болгону үчүн сынактын талабына жооп бербейт деп табылды.

Айтматовду аздектегендер
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00

"Эркин Европа/Азаттыктын" кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Сагындык кызы жамааттын жыл ичиндеги иши тууралуу өз блогунда кенен баяндаган.

Урматтуу окурмандар биз жыл ичиндеги "Азаттыктын" эл менен чогуу болгонун, эл көйгөйүн, үнүн дайыма чагылдырып келгенин жогоруда жаздык. Келе жаткан 2019-жылы дагы жаңы долбоор, жаңы дем менен сиздерге кызмат кылабыз деп ишенебиз. Жаңы жылда жакшы тилектер орундалсын!

Мезгил агымындагы "Азаттык"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:50 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG