Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Ош: Жоголду делген келиндер өздөрү качып кеткенби?


Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири.
Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири.

Ош шаардык милициясы атайын билдирүү таратып, өзбек тектүү төрт аял уурдалып кеткени тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Жергиликтүү милициянын айтымында, уурдалды деген аялдар үйлөрүнөн өз бетинче эле чыгып кеткен жана аларды эч ким уруп сабаган эмес. Ал ортодо Оштогу бир катар укук коргоочулар келиндер уурдалган жана зомбулукка кабылган деп эсептешет.


"Жоголду делген келин үйүнөн өзү чыгып кетиптир"

Башкур Абдыкалыков.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Башкур Абдыкалыков чукулунан таратылган билдирүү боюнча “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө бүгүнкү күнгө чейин кыздарыбыз дайынсыз жоголду деген төрт өзбек улутундагы атуулдар арыз менен кайрылган. Бирок алардын арызында уурдап кетти, зордуктап койду, кызыбызды кордоп, чачын алып атат, кашын кырып койду деген арыз болгон эмес.

Милиция өкүлү бул окуялар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлгөндө келиндер үйлөрүнөн өз бетинче чыгып кеткендиги такталганын да кошумчалады.

- Мына Шейит-Дөбөдө жоголуп кеткен аял боюнча иликтөө жүргүзгөнүбүздө турмушка чыккан кыз өзүнүн мурдагы сүйгөнү менен кетип калган экен. Оштун Манас-Ата кичирайонунан табылган. Бул иштер боюнча күбөлөр дагы өз көрсөтмөлөрүн беришкен. Бүгүнкү күндө бул маселе чечилди. Башка фактылар боюнча деле ушуга окшогон чатактар болуп атат.

"Мени эч ким уурдаган эмес"

Милициянын бул маалыматын жоголуп кетти делген аялдардын бири бышыктады. Оштун Калинин кварталынын жашоочусу Назира Тешебаева үйүндө уруштан улам 4-декабрда үйүнөн чыгып, Өзбекстанга туугандарыныкына бармакчы болгонун билдирди. Бул маалда анын туугандары жоголуп кетти деп арыз жазышкан экен:

- Мени элдин баары бирөөлөр уурдап кетиптир деп маалымат таркатып жиберишиптир. Бирок мени эч ким уурдаган жок. Ден соолугум жайында. Болгону үйүмдөгүлөр жиниме тийишкен эле. Күйөөм менен, кайненем менен урушуп кеткен болчум. Ошолордон коркуп Өзбекстанга өтүп кетейин дегем. Ал жакта тууган-уруктарым бар.



"Кысымга кабылышы мүмкүн"

Ошол эле кезде айрым укук коргоо уюмдары бул кыз-келиндер өз алдынча үйүнөн кетип калган деген маалыматты четке кагууда. Оштогу “Акыйкаттык – чындык” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Равшан Гапиров күч органдарынын кысымынан келиндер башкача көрсөтмө берип жатат деп эсептейт. 9-декабрда жоголуп кетип, азыр ооруканада жаткан Ирода Зулуновага ушундай мамиле жасалган дейт укук коргоочу:

Равшан Гапиров

- Укук коргоо органдары бул боюнча иш кылбай жатышат. Кызымды уурдап кетип жатышат деп арызданып жатышса, өзбектерди кайра алар коркутуп жатышат. Аялдарды дагы ошентип жатышат. Мына акыркы болуп жоголгон Ирода Зулунованы да ооруканага барышып, сени күйөөң урган, сен кур эле доомат кылып атасың, кыргыздарга атайын каршы иш кылып атасың деп коркутушуптур.

Укук коргоочу жоголгон төрт келинди атайын уюшулган топтор уурдап барып, кыйноого алып жатат деген пикирин да кошумчалады:

- Атайын даярдалган топтор бар да менин оюмча. Ошол топтор атайын ошол аялы бар өзбектерди аңдып, ошолордун аялдарын уурдап кетип жатышат. Ошол аял кыргыздарга карата өчөшсүн деп кылып жатышы мүмкүн бул нерсени. Эң коркунучтуусу - уурдалган бардык аялдарды алар уруп-согуп, дарыларды ичирип жатышат...


Уурдоо окуялары Оштогу өзбек жамаатынын лидерлери менен шаар бийлигинин кечээги жолугушуусунда да талкууланган. Жолугушууда калаа башчысы Мелис Мырзакматов мындай окуялар күч органдары менен чогуу иликтенип жатканын, аны тынчып бара жаткан кырдаалды курчутууну көздөгөн кыянатчыл күчтөр уюштурушу ыктымалдыгын айткан эле.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG