Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Абдилазизов: Мигранттар өзгөрө баштады


Өмүрбек Абдилазизов
Өмүрбек Абдилазизов

“Журтташтар” түрмөгүнүн бүгүнкү каарманы Өмүрбек Абдилазизов Орусияда турмуш-шарты ирденип калган, жакындарына эле эмес, башкаларга да жардам берген деңгээлге жеткен ондогон кыргызстандыктардын бири.

Москвада “Каймос” фондун жетектеген Өмүрбек Абдилазизов "ар бир адам өзүнө иштегендей мамлекетке иштесе, тез эле өнүкмөкпүз" дейт.

Өмүрбек Абдилазизов: Мен 1996-жылдан бери Москвадамын. 20 жылдан бери миграция күчөп, айрыкча 2000-жылдан баштап биздин айылдын тургундары иштегени келе баштады. Алгач 5, 10, 20, анан 100 кишиге чейин өз күчүбүз менен эле жардам берип жүрдүк. Ар кандай кырсыкка кабылса, буту-колу, бели сынгандар болгон, алардын жол киресин төлөп, Кыргызстанга жөнөтүп жиберген күндөр болду. Кийин алардын саны 150-200дөн ашканда күчүбүз жетпей калды. Фонд же биримдик түзүүгө аргасыз болдук.

“Азаттык”: Сиз негиздеген “Каймос” фонду ошонун негизинде түзүлүп калган турбайбы?

Өмүрбек Абдилазизов: Ооба, менден кийин келген досума фонд түзүүнү сунуштадым. Ал да макул болду. Бирок алгач анын аты өзүбүздүн айылдын атында “Кайрагач” эле болчу.

"Саны артып, мааниси өстү"

“Азаттык”: Өзүңүз алгач Москвага барганда эмне менен алектенчү элеңиз?

Өмүрбек Абдилазизов: Алгач келгенде медициналык каражаттарды, дары-дармек жөнөтчүмүн. Негизи бул жакка билим алып, окуйм деп келгем. Бирок иш кылууга аргасыз болдум. Дүңүнөн тамак-аш жөнөтүп, ошол тармакта иштедим. Кийин чек аралар жабылып, бажыда текшерүү күчөдү. Мигранттар көбөйүп, алардын айлыгы да көтөрүлүп, курулуш тармагына өттүм.

“Азаттык”: Алгач курсакты тыңыраак тойгузалы, кийин бутка туралы деп барып, азыр сиздер сыяктуу өз айылына, туулуп-өскөн жерине жардам бергендер көбөйүп жатканы кубандырат. “Каймос” конкреттүү эмне иш кылат?

Өмүрбек Абдилазизов (ортодо) "Мекендештер" форумунда, 2014-жыл
Өмүрбек Абдилазизов (ортодо) "Мекендештер" форумунда, 2014-жыл

Өмүрбек Абдилазизов: "Каймос" фонду алгач бул жактагы мигранттардын проблемаларын чечели, жардам берели деп эле түзүлгөн. Кийин 2004-жылы Москвага Азамат деген жигит келип калды. Ал айылдагы мектептин абалын, спорттук шаймандар, буюмдар жок экенин айтты. Ойлонуп, достор, жердештер менен акылдашып, айылга да жардам берели деп чечтик. Элден 100-200 сомдон алганда өзүбүз үлгү бололу деп миң доллардан бере баштадык. Ар кандай ойлор чыкпасын, каражатты жеп коёт деген пикирлер да айтылат эмеспи.

Алгачкы жылдары досум экөөбүз негизги сумманы кошуп, фондду көтөрүп жүргөнбүз. Кийин уюмдун лидерлери 20-30га жетти. Ал эми анын мүчөсү миңге чукул. Акча чогулткандары 100-150дөй киши.

Кичи мекен унутта калган жок

“Азаттык”: Москвада эле эмес, Кыргызстандын өзүндө да уюмдарды түзүүгө жардам берип, кеп-кеңеш айтат экенсиздер. Кандай жардам берилет?

Өмүрбек Абдилазизов: Миграция биздин эле айылга эмес, Кыргызстандын бардык аймагына тиешелүү маселе. Ошондуктан биз башка уюмдарга да өз кеңешибизди берип келдик. Мисалы, Ноокаттын Кайрагач айылынан болсок, башка бардык айылдарга да фонд куруп, ошол аркылуу жаман-жакшы нерселерди көзөмөлдөө керек. Ал үчүн бир борбор, мамлекеттик көзөмөл керек.

"Груз-200" деп коёт, каза болгондо маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси бар. Алишер Шамшиев деген агабыз каза тапканда өзүбүздүн айылдын балдары эки күндө 150 миң рубль чогултуп бергенбиз. Андан кийин дагы бир жигит каза болду. Ал үчүн 95 миңдей топтоп бердик. Кийин кошуна айылдан, башка аймактарда ушундай проблема жаралганда каражат жагынан жардам берип жүрдүк.

Кийин нарындык Айсалкын деген кыз жоголуп кетип, милициядан да жардам болбогондуктан биз издеп таап бердик. Мындай иштерди ар бир уюм, фонддун лидерлери өз алдынча жасап эле келатышат.

“Азаттык”: Азыр деле ушундай жардамдар берилеби? Айылга көпүрө салынган экен.

Өмүрбек Абдилазизов: Бул көпүрө биздин фонддун атынан салынды. Алгачкы чоң жардам ушул болду. Ага 70-80 миң сом короду окшойт. Иштин өзү ашар түрүндө болду. Негизи эле биздин иштердин көбү ушундай жол менен бүтөт.

Элибиз дагы жөн эле карап турган жок, көчө-көчө болуп чыгып иштеп берип турушту. Андан сырткары 90 миң сомдой каражатты кайрымдуулук иштерине жумшадык. Колунда жок үй-бүлөнүн балдарына, бала бакчаларга жардам бердик. Бирөөнүн полун оңдодук. Алгачкы жылдары төрөт үйүнө көмөк көрсөттүк.

Колдоо болбосо, иш токтойт

“Азаттык”: Ушундай жардамдар дагы деле уланып келатабы?

Өмүрбек Абдилазизов: Айрым шарттарга байланыштуу жарым жылдан бери иш солгундап калды. Муну жандандыралы деген планыбыз бар, балдар да кайрылып, кайрадан ишти алып баралы деп жатышат.

Биздин уюмга окшогон 20дай уюм ачылган, алардын бардыгы ушундай абалда турат. Алар менен иштеш керек, иштеген абдан кыйын. Бул жерде эч ким эч кимге айлык бербейт. Мен бир топ депутаттарга, ишкерлерге, элчиликке да кайрылгам. “Мекендештер” форумунда да айткам. Алар чогулуп келип иштей турган, башын бир жерге бириктире турган бир жай, кеңсе болсо дегенбиз. Анткени буга чейин Москвада уюшкусу келгендер эс алуу жайларда, көчөдө жолугуп келишкен.

Мамлекеттен колдоо болсо ушундай фонддордун эсебинен Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалына да пайда болмок. Биз 2012-жылы өзүбүз бир офис алып иштете баштаганбыз. Мен өзүмдүн ишимди таштап коюп ошонун артынан жүргөм. Бирок анын ижарасын, төлөмдөрүн төлөгөндөн башка да иши көп. Ошол эле мекендештерге жардам берип, жоголгондорду издөөгө да каражат керек. Эч жактан колдоо болгон жок, ошентип ал токтоп калды.

“Азаттык”: 10 жылда сиздер айылда көпүрө салуу, жол оңдоо сыяктуу инфраструктураны жакшыртууга 5 миллион сом жумшаган экенсиздер?

Өмүрбек Абдилазизов: Инфраструктура дегенде, айылда социалдык мекемелерибиз бар да. Маданият үйү бар болчу, ал курулуп бүтпөй жатып, кийин сатылып кеткен. Аны кайра сатып алып, балдарга спорт зал куруп, шарт түзүп бердик. Бирок ошол жердеги жергиликтүү бийлик жакшы иштебейт, сураштырсам, бюджеттен деле акча бөлүнөт экен.

Кайрымдуулук кайтат

“Азаттык”: “Каймос” сыяктуу бир нече уюм бар экен. Алардын жардамдары канчалык акталып жатат деп ойлойсуз? Деги эле ошол бааланып атабы?

Өмүрбек Абдилазизов: Алардын жардамдары акталып атат деп ойлойм. Анткени алардын ишин жаштар көрүп, кайталап жасайт да. Анын артынан меценаттар чыга баштады. Көпүрө салып, жол оңдотуп, көчөсүн көрктөндүрүп берип атышат. Эң негизгиси аң-сезим өзгөрүүдө. Мурда жүз сом чыгарбаган адам азыр өз айылы үчүн 100 миңди жөн эле берип атат. Кимдир бирөөгө бербей, ошол каражатка өзү барып пайдалуу бир иш жасап атат.

“Азаттык”: Жергиликтүү бийлик иштебейт деп сындап кеттиңиз. Канткенде кыргыз экономикасын көтөрүүгө болот?

Өмүрбек Абдилазизов: Ар ким, ар бир бутакта иштеген адамдар өзүнө иштегендей мамлекетке иштеп берсе, Кыргызстан тез эле өнүгүп кетмек. Ага каалоо керек, мамлекеттик программа зарыл жана ал өзү үлгү болууга тийиш.

“Азаттык”: Калп эле көкүрөк какпай, чыныгы мекенчилдикти жаштарга, өсүп келаткан муунга кантип үйрөтүү керек?

Өмүрбек Абдилазизов: Үлгү болуш керек, жаман адатты таштап, жакшыларын жасап, өзүңдөн башташың керек.

Маек "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун "Мекендештер" форуму долбоорунун алкагында даярдалды.

XS
SM
MD
LG