Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

9-май: Кыргызстан кызыл тасма тагынат


Георгий тасмасын көтөргөн кыргызстандыктар. Бишкек. 7-май, 2014-жыл.
Георгий тасмасын көтөргөн кыргызстандыктар. Бишкек. 7-май, 2014-жыл.

Кыргызстан быйыл 9-май Жеңиш күнүнө карата иш-чараларда жаңы тасма колдонмой болду. Эки-үч жылдан бери бул күнү Георгий тасмасын тагынуу кызуу талкуу жаратып келген эле.

9-майды майрамдоо боюнча өкмөт башчы жетектеген комиссия Кыргызстандын өзүнө таандык жаңы тасманын эскизин иштеп чыгып, коомчулукка сунуштады. Жарыяланган сүрөтүнө караганда тасма эки сары сызык жүгүртүлгөн, кызыл түстө болот. Кыргызстандын мамлекеттик туусуна түспөлдөш жасалат.

Эки-үч жылдан бери Жеңиш күнүн утурлай Георгий тасмасын колдонбоо чакырыгы менен чыккандардын катары калыңдап келе жатат. Алар бул тасма илгери орус падышачылыгынын, акыркы кезде Украинадагы орусиячыл жикчилдердин символуна айланууда деп андан баш тартышууда. Алардын бири Алмаз Алжамбаев мындай деди:

- Георгий тасмасынан баш тартабыз деген акцияны былтыртадан бери баштаган элек. Биз кызыл түстөгү, кыргыз түндүгү түшүрүлгөн тасма болсо деген элек. Биз кызыл түстү Экинчи Дүйнөлүк согуштун жеңишинин символу деп эсептейбиз. Ал эми кыргыз түндүгү - биз эгемендүү өлкөбүз деген белги болмок.

Георгий тасмасынын ордуна сунушталган тасма.
Георгий тасмасынын ордуна сунушталган тасма.

Бирок майрамды уюштуруу комитети быйыл эки сары сызыгы бар кызыл тасма Жеңиш күнүнө карата өтчү иш-чараларда колдонула тургандыгын билдирди. Алардын айтымында, тасма Кыргызстандын мамлекеттик туусуна түспөлдөш жасалат жана кыргызстандыктардын Улуу Жеңишке кошкон салымынын символу болуп калмакчы. Бирок Георгий тасмасынын түсүн өзгөртүү боюнча кимдер менен кеңешип, мындай чечимге келишкени тууралуу толук маалымат бериле элек. Мындан кийин Кыргызстанда Жеңиш күнүнүн символу боло турчу эки сары сызыгы бар кызыл тасманы да сындагандар жок эмес. Социалдык тармактарда тасманын үлгүсү коомчулука салынып, иштелип чыгышы керек эле дешүүдө.

Георгий тасмасына каршы активисттер өткөргөн акция. Бишкек. 9. 5.2014
"Георгий тасмасын тагынбайбыз!"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Ал ортодо парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков Георгий тасмасына тыюу салынбаганын, бирок өзү кызыл тасма тагынарын билдирди. Ошондой эле ал бул маселени саясатташтырбоого чакырган эле. Жарандык активисттер минтип чоң кызматтагы аткаминерлердин Георгий тасмасынан баш тартышын колдоп жатышат.

Георгий тасмасы орус империясындагы колониализм жана үстөмдүк кылуунун символу деген пикирдеги айрым жергиликтүү тарыхчылар анын Кыргызстанда Жеңиш күнүнүн символу болушун сындап келишкен.

Орусиячыл жикчилдин колундагы Георгий тасмасы. Украина.
Орусиячыл жикчилдин колундагы Георгий тасмасы. Украина.

Маселен, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Георгий тасмасы "илгерки орус падышачылыгынын символу, алар кыргыздарды басып алып, мыкаачылык менен кырган, кээ бир айылдардын күлүн көккө сапырып жиберген" деп айтып келет.​

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, профессор Осмонакун Ибраимов Жеңиш күнүн белгилөө иш-чарасын уюштуруу комитетинин быйылкы демилесин колдойт. Бирок символ тандоонун өз шарттары эске алынбаганына түшүнбөй турат.

- Алар сунуштап жаткан демилгени колдойм. Бирок Георгий тасмасына окшош кылып, түсүн өзгөртүп койбой, өзүнчө бир жакшы символ ойлоп тапсак жакшы болмок. Негизи мындай символдор мыйзамдуу болушу керек, өкмөт сунуштап, парламент кабыл алып берип дегендей. Ал эми жөн эле бир нерсени жасай калып сунуштаган болбойт.

Жеңиш күнү күрөң сары түстөгү Георгий тасмасын Кыргызстанда эң көп таратуучу "Народный" соода маркасы. Жылына өлкөнүн булуң-бурчуна таратуу акцияларын өткөрүшөт, буга мамлекеттик күч түзүмдөрү жигердүү катышып колдоп келишет. Аталган соода марка жылына тасманы Орусиядан алдырат, быйыл дагы Георгий тасмага заказ кылышты. Эми аны таратуу жагы кандай жүрөт азырынча белгисиз.

Ошентип, Кыргызстан быйыл Жеңиш күнүн өз символу же тасмасы менен белгилегени турат. Жаңы символду коомчулук кандай кабыл алат Георгий тасмасы таратылабы ошол жагы кызык.

Ал эми Беларус, Украина, Молдова, Грузия жана Казакстан Георгий тасмасын жайылтуудан буга чейин эле баш тарткан.

Казак активисттери Алматынын акимине Георгий тасмасынын ордуна көк түстөгү тасманы колдонууну сунушташууда

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG