Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Мигранттарды сынаган жыл: согуш, рейд, рубль курсу


Мигранттарды сынаган жыл: согуш, рейд, рубль курсу
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:18 0:00

2023-жылы Орусияда миграциялык эреже-талаптар катаалдашып, борбор азиялык мигранттарга карата басым күчөдү.

Полиция мигранттарды көргөн жеринен салып кетип, мечит, кафе, үйлөрүнө чейин бастырып кирген учурлар катталды. Миңдеген адам депортацияланды. Орус бийлиги борбор азиялык мигранттарды Украинага согушка барууга, согуш талаасында окоп казууга, Москва оккупациялап алган Украинанын жерлерин калыбына келтирүү иштерине тартууга кызыкдар болууда. Эксперттер Орусиянын эмгек рыногу борбор азиялык мигранттарды мурдагыдай өзүнө тартпай калганын белгилешүүдө. Буга рублдин курсу, миграция эрежелеринин катаалдашы, полициянын тынымсыз текшерүүлөрү, Украинадагы согуш себеп болгонун айтышат. Алардын эсебинде, чет элдик жумушчулардын агымынын азайышы - курулуш, соода, логистика, коомдук тамактануу жана турак жай, коммуналдык чарба тармагында эмгек күчүнүн жетишсиздигин жаратат. Видеону “Азаттыктын” “Мигрант медиа” долбоору даярдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG